https://sputnik.kg/20251024/1097381248.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан виртуалдык активдер жана технологиялар үчүн аймактык хаб болгусу келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан... 24.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-24T15:00+0600
2025-10-24T15:00+0600
2025-10-24T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/18/1097381082_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_28b9589d7709cf8a168bf81352cb1e39.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан виртуалдык активдер жана технологиялар үчүн аймактык хаб болгусу келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынына катышууда. "Виртуалдык активдерди жөнгө салууга, борбордук банктын санариптик валюталарын киргизүүгө жана реалдуу активдер менен колдоого алынган стейблкоиндерди жана токендерди түзүүгө стратегиялык ыкмаларды иштеп чыккан өлкөлөр көбөйүүдө. Бул процесстер технологиялык эксперимент эмес, жаңы экономикалык моделдин туруктуу элементине айланат. Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча мыйзамды кабыл алып, бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясатты иштеп чыккан региондогу саналуу өлкөлөрдүн бири. Республикада активдердин виртуалдык рыногу активдүү өнүгүп жатат, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, ченемдик-укуктук база бекемделип, инфраструктуралык демилгелер пайда болууда", — деди президент. Ал белгилегендей, республика криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөлүк индексте 19-орунда турат, Борбор Азияда лидер. Бул санариптик чечимдердин коом тарабынан кабыл алынышынын жогорку деңгээлин чагылдырат, ошону менен бирге мамлекетке олуттуу жоопкерчиликти жүктөйт.Президент санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоо артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи.
Кыргызстандын министрлер кабинети блокчейнди бюрократия менен күрөшүүдө күчтүү курал катары көрөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев билдирди. "Биз мамлекеттик кызматтар тез көрсөтүлө турган акысыз, жаңы муундагы системаны түзүүнү көздөп жатабыз. Ошондой эле Кыргызстанды блокчейн стартаптары жана долбоорлору үчүн аймактык, керек болсо эл аралык хабга айландырууну ниет кылуудабыз", — деди ал. Касымалиев блокчейн менен жасалма интеллектини терең түшүнгөн эксперттердин, иштеп чыгуучулардын, юристтердин жана экономисттердин муунун түзүү зарыл экенин белгиледи. Минкаб жетекчиси жасалма интеллект жана жаңы технологиялар айрым адистиктерди алмаштырат деген тынчсыздануу бар экенин да айтты. Ошондой эле ал кинематография, маданият жана башка тармактагылардын технологиялык көндүмдөрүн жогорулатуу маанилүү экенин кошумчалады.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоодо жаңы ыкмаларды колдонуу максатында жогорку технологиялар тармагындагы адистерди кызматка чакырууда. Маалыматка караганда, кызматка инженер-программисттер, системалык аналитиктер, киберкоопсуздук адистери, криптографтар, авиаконструкторлор, киберпсихологдор жана көп тил билген адистер талап кылынат. Кадрларды ишке алууда 30 жашка чейинки, жогорку билими бар, чет өлкөдө окуган жана эки-үч тил билген адистерге артыкчылык берилери белгиленген. Атайын кызмат белгилегендей, бул жумуш мекен алдындагы милдет гана эмес, улуттук коопсуздукту камсыздоочу инновациялык долбоорлордо иштөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Кыргызстан виртуалдык активдер жана технологиялар үчүн аймактык хаб болгусу келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынына катышууда. "Виртуалдык активдерди жөнгө салууга, борбордук банктын санариптик валюталарын киргизүүгө жана реалдуу активдер менен колдоого алынган стейблкоиндерди жана токендерди түзүүгө стратегиялык ыкмаларды иштеп чыккан өлкөлөр көбөйүүдө. Бул процесстер технологиялык эксперимент эмес, жаңы экономикалык моделдин туруктуу элементине айланат. Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча мыйзамды кабыл алып, бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясатты иштеп чыккан региондогу саналуу өлкөлөрдүн бири. Республикада активдердин виртуалдык рыногу активдүү өнүгүп жатат, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, ченемдик-укуктук база бекемделип, инфраструктуралык демилгелер пайда болууда", — деди президент. Ал белгилегендей, республика криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөлүк индексте 19-орунда турат, Борбор Азияда лидер. Бул санариптик чечимдердин коом тарабынан кабыл алынышынын жогорку деңгээлин чагылдырат, ошону менен бирге мамлекетке олуттуу жоопкерчиликти жүктөйт.Президент санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоо артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи.Кыргызстандын министрлер кабинети блокчейнди бюрократия менен күрөшүүдө күчтүү курал катары көрөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев билдирди. "Биз мамлекеттик кызматтар тез көрсөтүлө турган акысыз, жаңы муундагы системаны түзүүнү көздөп жатабыз. Ошондой эле Кыргызстанды блокчейн стартаптары жана долбоорлору үчүн аймактык, керек болсо эл аралык хабга айландырууну ниет кылуудабыз", — деди ал. Касымалиев блокчейн менен жасалма интеллектини терең түшүнгөн эксперттердин, иштеп чыгуучулардын, юристтердин жана экономисттердин муунун түзүү зарыл экенин белгиледи. Минкаб жетекчиси жасалма интеллект жана жаңы технологиялар айрым адистиктерди алмаштырат деген тынчсыздануу бар экенин да айтты. Ошондой эле ал кинематография, маданият жана башка тармактагылардын технологиялык көндүмдөрүн жогорулатуу маанилүү экенин кошумчалады.Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоодо жаңы ыкмаларды колдонуу максатында жогорку технологиялар тармагындагы адистерди кызматка чакырууда. Маалыматка караганда, кызматка инженер-программисттер, системалык аналитиктер, киберкоопсуздук адистери, криптографтар, авиаконструкторлор, киберпсихологдор жана көп тил билген адистер талап кылынат. Кадрларды ишке алууда 30 жашка чейинки, жогорку билими бар, чет өлкөдө окуган жана эки-үч тил билген адистерге артыкчылык берилери белгиленген. Атайын кызмат белгилегендей, бул жумуш мекен алдындагы милдет гана эмес, улуттук коопсуздукту камсыздоочу инновациялык долбоорлордо иштөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/18/1097381082_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7f6a863b53e89d25f5103eb4f12ec6c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио