https://sputnik.kg/20251023/mol-tushum-aluu-uchun-topuraktyn-sapatyn-izildoo-zaryl-1097343386.html
Министрлик: мол түшүм алуу үчүн топурактын сапатын изилдөө керек
Министрлик: мол түшүм алуу үчүн топурактын сапатын изилдөө керек
Sputnik Кыргызстан
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин агрохимия бөлүмүнүн... 23.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-23T13:58+0600
2025-10-23T13:58+0600
2025-10-24T09:24+0600
радио
кыргызстан
топурак
түшүм
анализ
гүлзар султанбек кызы
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/18/1097365927_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_f9c3c8310c8908d24750d99c95802edc.jpg
Министрлик: мол түшүм алуу үчүн топурактын сапатын изилдөө керек
Sputnik Кыргызстан
Министрлик: мол түшүм алуу үчүн топурактын сапатын изилдөө керек
Жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын туура эмес колдонуу түшүмгө терс таасир этет. Бул тууралуу Гүлзар Султанбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, соңку жылдары топурак анализин тапшырган дыйкандар көбөйдү. Адистин айтымында, изилдөө сапаттуу болушу үчүн топурактын үлгүсүн туура алуу керек. "Бишкек жана Ошто атайын адистештирилген токсикологиялык лабораториялар бар. Алар изилдөөлөрдү жүргүзүп, топурактагы азот, фосфор, калий, гумус, анан топурактын кычкылдык деңгээлин аныктап берет. Топурактын үлгүсүн алуунун өзүнүн ыкмасы бар. Мисалы, 20 гектар жер болсо төрт же беш жеринен топурак алуу керек. Аларды аралаштыруу зарыл. Жалпы 1-1,5 килограмм салмакта болушу керек. Аны атайын баштыкчага салып, 2-3 күндөн кечиктирбей лабораторияга жеткирүү зарыл. Антпесе топурактын айрым касиеттери учуп кетиши мүмкүн", — деди Султанбек кызы. Ошондой эле ал соңку жылдары топурак анализин тапшырган дыйкандардын саны өсүп жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/18/1097365927_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_664c8a3b58c077ffed2f4da3f27454c1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, топурак, түшүм, анализ, аудио, гүлзар султанбек кызы
кыргызстан, топурак, түшүм, анализ, аудио, гүлзар султанбек кызы
Министрлик: мол түшүм алуу үчүн топурактын сапатын изилдөө керек
13:58 23.10.2025 (Жаңыртылды: 09:24 24.10.2025) Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин агрохимия бөлүмүнүн башчысы Гүлзар Султанбек кызы топурак анализи дыйканчылыкта орчундуу орунду ээлээрин билдирди.
Жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын туура эмес колдонуу түшүмгө терс таасир этет. Бул тууралуу Гүлзар Султанбек кызы
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, соңку жылдары топурак анализин тапшырган дыйкандар көбөйдү.
"Дыйканчылыкта топурактын курамынын орду чоң. Бирок дыйкандардын көбү буга анчалык көңүл бурбайт. Жакшы түшүм алабыз деп жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ар кандай көлөмдө колдонушат. Туура эмес колдонгондо топурактын курамы бузулуп, түшүмдүн сапатына терс таасир этет. Ошондуктан топурак изилденип, анализден өтүп, андагы азык заттардын курамы аныкталышы керек. Анын негизинде адистер сунуш беришет. Ошого жараша кайсы жер семирткичти качан кандай ыкма менен чачуу керектигин айтышат. Мунун негизинде дыйкандар мол түшүм ала алышат", — деди Султанбек кызы.
Адистин айтымында, изилдөө сапаттуу болушу үчүн топурактын үлгүсүн туура алуу керек.
"Бишкек жана Ошто атайын адистештирилген токсикологиялык лабораториялар бар. Алар изилдөөлөрдү жүргүзүп, топурактагы азот, фосфор, калий, гумус, анан топурактын кычкылдык деңгээлин аныктап берет. Топурактын үлгүсүн алуунун өзүнүн ыкмасы бар. Мисалы, 20 гектар жер болсо төрт же беш жеринен топурак алуу керек. Аларды аралаштыруу зарыл. Жалпы 1-1,5 килограмм салмакта болушу керек. Аны атайын баштыкчага салып, 2-3 күндөн кечиктирбей лабораторияга жеткирүү зарыл. Антпесе топурактын айрым касиеттери учуп кетиши мүмкүн", — деди Султанбек кызы.
Ошондой эле ал соңку жылдары топурак анализин тапшырган дыйкандардын саны өсүп жатканын кошумчалады.