00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Школа больших возможностей: как образование меняет жизнь детей из уязвимых семей
16:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
3D принтинг өндүрүшкө көмөкчү боло алабы?
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Тысячи квартир по стране: итоги года и планы ГИК на 2026-й
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Чүкө – бул кыргыз үчүн жөн гана оюнчук болгон эмес. Евразия элдериндеги чүкө философиясы
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Генплан Бишкека: что поддерживают строители и что их тревожит
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусу: бүгүнкү абал жана келечек
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Бийлик эми Кыргызстандын ички көйгөйлөрүн чечүүгө өттү. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга барган иш сапарында билдирди."Уюшкан кылмыштуу топтун, чек аранын көйгөйлөрүн чечип алдык. Эми мамлекетти өнүктүрүү процессине түштүк. Акча бөлүш өзүнчө, бөлүнгөн акчаны бирөө коррупциялык жол менен чыгарып кеткен-кетпегени өзүнчө кеп. Мен ушул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатам", — деди Ташиев. Ал коррупция менен күрөшүү мындан ары да күчөй турганын белгиледи. УКМК төрагасы Ак-Талаанын Баетов айылында коомдук-маданий борбору менен "Адилет" паркынын ичине салына турган спорт комплексинин курулушуна капсула салуу аземине дагы катышты.
Мыйзамсыз аңчылык кылгандар тууралуу кабарлагандарга өндүрүлгөн доонун жарымы берилет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев билдирди. Ал "Биринчи радионун" эфиринде сүйлөп жатып, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш күчөтүлгөнүн жана жазалоо чаралары катаалдашканын айтты. Натыйжада мыйзамсыз ууга чыккандар азайганын белгиледи. "Мисалы, мурда тоо текени аткандарга 100 миң сом айып салынчу. Азыр бул сумма 300 миң сомго көбөйтүлгөн. Эгерде бирөө тоо теке аткан факт боюнча маалымат берсе, ага өндүрүлгөн айып пулдун тең жарымы берилет", — деген ал. Мамбеталиевдин айтымында, каражат доо өндүрүлгөндөн кийин төлөнөт. Быйыл 5 миллион сомдон ашык доо коюлган болсо, анын 2 миллион сому өндүрүлүп, тең жарымы сый акы катары кайтарылган.
Бишкек шаардык соту Кой-Таш окуясы боюнча өкүмдү жарым-жартылай өзгөрттү Парламенттин мурунку депутаты Ирина Карамушкинанын жазасы күчөтүлүп, ал 8 жылга эркинен ажыратылды. Буга чейин Биринчи май райондук соту Карамшукинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыраткан болчу. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөрүүсүз калган. Ошондо мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сыртынан 11,5 жылга эркинен ажыратылды. Анын мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктары алынат. Калган айыпталуучулар үчүн да өкүм өзгөрүүсүз калды.
Россия президенти Владимир Путин менен жолугушууну жокко чыгарууга АКШ лидери Дональд Трампты мамлекеттик катчы Марко Рубио ынандырган. Мындай пикирин польшалык журналист жана Вроцлав университетинин эл аралык мамилелер боюнча адиси Магдалена Гурницкая-Партыка маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Биринчи кезекте Марко Рубионун таасирин белгилей кетүү керек. Ал Дональд Трампты коргоодо. Эгер АКШ лидери Будапештте Путин менен жолугуп, бирок максатына жетпей калса, "тынчтык президенти" катары чоң жеңилүүгө дуушар болмок. Бул анын кадырына оңбогондой доо кетирмек. Рубио ушуну ойлоду", — деп түшүндүрдү журналист. Ал арада мамкатчы Марко Рубио да үн катып, АКШ Россия менен жолугушуу ниетинен биротоло баш тартпай турганын билдирди. "Биз орустар менен жолугуу оюбуздан кайткан жокпуз", — деген саясатчы. Эскерте кетсек, өткөн жумада АКШ менен Россия президенттери телефондон сүйлөшүп, Венгрияда жолугууну чечишкен. Бирок шаршемби күнү Трамп жолугушуу өтпөй турганын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0