00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда кошумча билим берүү программалары аркылуу медициналык адистерди даярдоонун сапаты боюнча көйгөйлөрдүн көбөйүшүнөн улам өкмөт бул тармакка убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга илинди. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги даярдаган документ медициналык жана фармацевтикалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу жана кесипкөй окутуучуларды даярдоо максатын көздөй турганы айтылган. "Азыркы учурда өлкөдө 80ден ашык уюм медициналык багыттагы кошумча билим берүү программалары боюнча лицензия алган. Бирок алардын көбү стандарттарга жооп бербейт, андагы окутуу сапатсыз экендиги көп айтылат", — деп жазылган документтин негиздеме катында. Мораторий мезгилинде бул уюмдардын ишин жакшыртуу, окутуучулардын деңгээлин көтөрүү жана окуу шарттарын оңдоо каралууда.
Турдакун Усубалиевдин туугандары Кочкор районунун аталышын өзгөртүүгө каршы чыгышты. Мындай билдирүүнү анын атын алып жүргөн коомдук фонд таратты. Буга чейин аксакалдар Кочкор районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну демилгелешкен. Алар мындай сунушту аким менен жолугуу маалында көтөрүшкөн. Анткен менен Усубалиевдин фонду Кыргыз ССРинин мурдагы жетекчиси жер-суулардын түпкү аталышынын сакталышына өзгөчө маани бергенин белгилеп, тарыхый инсандын эмгегин баалагандарга ыраазычылык билдирүү менен районго анын атын берүү туура эмес чечим болорун айтышкан. "Кочкордун атын алмаштыруу Усубалиев туулуп-өскөн аймактын тарыхый маанисин төмөндөтөт. Андан сырткары, Кочкор — байыркы аталыш жана жергиликтүү эл үчүн өзгөчө баалуулук болуп саналат", — делген фонд тараткан билдирүүдө. Эске салсак, бир нече жыл мурун Жогорку Кеңеште Бишкек жана Нарын шаарларынын борбордук көчөлөрүнө Усубалиевдин ысымын берүү сунушталган. Бирок маркум саясатчынын туугандары бул демилгеге да каршы чыгып, Усубалиев өзү да мындай сунушту колдомок эместигин айтышкан.
Ак илбирске мыйзамсыз аңчылык кылган броконьерлер тууралуу маалымат берген жарандарга 150 миң сом сый акы берилет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, быйыл броконьерлик фактылары азайганына карабастан, министрлик аларга каршы ишти күчөтүлгөн тартипте улантып жатат. Мамбеталиев белгилегендей, ак илбирс үчүн броконьерге салынган айып пулдун көлөмү 300 миң сомду түзөт. Анын 150 миң сому маалымат берген жаранга сый акы катары ыйгарылат. “Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 5 млн сом айып пул өндүрүлсө, анын 1 млн сому маалымат берген жарандарга сый акы катары берилген”,- деп кошумчалады ал.
Агартуу министрлиги мектеп окуучуларынын күзгү каникулу эмне үчүн кыскартылганын түшүндүрдү. Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө биринчи чейрек 4-ноябрда аяктап, каникул 5инен 9-ноябрга чейин созулары кабарланган. Окуу 10-ноябрда башталат. Агартуу министрлиги окуучулар окуу жылында 30 календардык күн эс алууга укуктуу экенин билдирди. "Жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышына байланыштуу январь жана май айларында республика боюнча узакка созулган эс алуулар жарыяланды. Бул өзгөрүүлөрдү эске алуу менен каникул кыскартылды, бирок окуу жылында мектеп окуучулары талап кылынган 30 күн эс алышат", — деди министрлик.
Жаңылыктар түрмөгү
0