https://sputnik.kg/20251021/1097306527.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси белгиленетЕАЭБде новигациялык пломбалар качан ишке кирери айтылдыКартошканын импортуна убактылуу чектөө киргизилиши... 21.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-21T17:00+0600
2025-10-21T17:00+0600
2025-10-21T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/15/1097306361_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_80010f3dc148a0bb62aa47a16b6a8193.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси белгиленетЕАЭБде новигациялык пломбалар качан ишке кирери айтылдыКартошканын импортуна убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүнАлдыда кененирээкКыргызстан картошканы импорттоого убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Буга Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен Кыргызстандын картошка кластери ассоциациясынын өкүлдөрүнүн көптөгөн кайрылуулары себеп болууда. "Айыл чарба министрлиги ишкерлердин кайрылууларын карап, фермерлердин кызыкчылыгын коргоого ниеттенүүдө. Анткени импорттун көбөйүшүнө байланыштуу баа түшүп, дыйкандар чыгымга учуроо кооптуулугу бар", — деди министрлик. Быйыл январь — август айларында өлкөгө 28 миң тоннадан ашык картошка импорттолгон. Өткөн жылы ушул эле мезгилде болгону 500 тонна картошка сырттан алып келинген.
Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн тамактануу маданияты анча жакшы болбогондугу балдардын тишинин кариес болуп кетишин шарттап жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин стоматология боюнча штаттан тышкаркы адиси Гүлмайрам Ибраимова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты. Ал кайсы күнүмдүк азыктар тиш кариесин алдын аларын жана эмнени көп жеш керектигин түшүндүрүп берди. Дарыгердин айтымында, балансталбаган тамактануу тиш ооруларынын пайда болуу ыктымалдыгын көбөйөт."Кариестин өрчүшүнө же башка системалуу илдетке тиш жана анын тегерегиндеги ткандарда жаралган инфекциялар себепкер болушу мүмкүн. Эгер баланын же чоң кишинин дарыланбаган кариоздук очоктору болсо, организмде бактериялар менен сезгенүүнү күчөткөн заттар топтолуп, жалпы ден соолукка терс таасирин тийгизет", — деп түшүндүрдү Ибраимова. Дарыгер жашылча менен жемиштерди жеш керектигин айтты. Чайнаганда бөлүнүп чыккан биологиялык суюктук болгон шилекей тиштин өзүн-өзү тазаланышын шарттап, тишти кариестен коргойт.
Быйыл улуу комузчу, ырчы жана композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет. Анын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлмөкчү: Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанатуу концерт өтөт. Кинематография департаменти тарабынан Атай Огонбаев тууралуу кыска метраждуу документалдуу тасма даярдалууда. Ошондой эле «Ала-Тоо» кинотеатрында «Атай» аттуу көркөм тасманын бир сеансы акысыз көрсөтүлөт. К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети, Композиторлор жана Музыка ишмерлер союздары менен биргеликте илимий-практикалык конференция өткөрөт. ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Берлин, Анкара, Будапешт шаарларында концерттер уюштурулат. Ошондой эле, АКШ жана Түркиядагы музейлерде Атай Огонбаевдин чыгармачылыгы таанытылат.
“Чек арада бир күн туруп калган жүк ИДПнын өсүшүн 1%га азайтат. Ал эми электрондук навигациялык пломбалар чек арадан өтүүнү тездетип, жолдогу текшерүүлөрдүн санын азайтат”, — деди ЕЭКтин бажы кызматташтыгынын министри Руслан Давыдов. Анын айтымында, навигациялык пломбалар товардын санын, рынокту көзөмөлдөөгө жардам берет. Электрондук навигациялык пломбалар миң чакырым аралыктан жүк ташууларды онлайн көзөмөлдөөгө, мыйзам бузууларды аныктоого жардам берет. Мындай пломбалар ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн 2026-жылдын 11-февралынан тарта ишке кирет.
Быйыл Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси белгиленетЕАЭБде новигациялык пломбалар качан ишке кирери айтылдыКартошканын импортуна убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүнАлдыда кененирээкКыргызстан картошканы импорттоого убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Буга Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен Кыргызстандын картошка кластери ассоциациясынын өкүлдөрүнүн көптөгөн кайрылуулары себеп болууда. "Айыл чарба министрлиги ишкерлердин кайрылууларын карап, фермерлердин кызыкчылыгын коргоого ниеттенүүдө. Анткени импорттун көбөйүшүнө байланыштуу баа түшүп, дыйкандар чыгымга учуроо кооптуулугу бар", — деди министрлик. Быйыл январь — август айларында өлкөгө 28 миң тоннадан ашык картошка импорттолгон. Өткөн жылы ушул эле мезгилде болгону 500 тонна картошка сырттан алып келинген.Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн тамактануу маданияты анча жакшы болбогондугу балдардын тишинин кариес болуп кетишин шарттап жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин стоматология боюнча штаттан тышкаркы адиси Гүлмайрам Ибраимова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты. Ал кайсы күнүмдүк азыктар тиш кариесин алдын аларын жана эмнени көп жеш керектигин түшүндүрүп берди. Дарыгердин айтымында, балансталбаган тамактануу тиш ооруларынын пайда болуу ыктымалдыгын көбөйөт."Кариестин өрчүшүнө же башка системалуу илдетке тиш жана анын тегерегиндеги ткандарда жаралган инфекциялар себепкер болушу мүмкүн. Эгер баланын же чоң кишинин дарыланбаган кариоздук очоктору болсо, организмде бактериялар менен сезгенүүнү күчөткөн заттар топтолуп, жалпы ден соолукка терс таасирин тийгизет", — деп түшүндүрдү Ибраимова. Дарыгер жашылча менен жемиштерди жеш керектигин айтты. Чайнаганда бөлүнүп чыккан биологиялык суюктук болгон шилекей тиштин өзүн-өзү тазаланышын шарттап, тишти кариестен коргойт.Быйыл улуу комузчу, ырчы жана композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет. Анын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлмөкчү: Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанатуу концерт өтөт. Кинематография департаменти тарабынан Атай Огонбаев тууралуу кыска метраждуу документалдуу тасма даярдалууда. Ошондой эле «Ала-Тоо» кинотеатрында «Атай» аттуу көркөм тасманын бир сеансы акысыз көрсөтүлөт. К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети, Композиторлор жана Музыка ишмерлер союздары менен биргеликте илимий-практикалык конференция өткөрөт. ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Берлин, Анкара, Будапешт шаарларында концерттер уюштурулат. Ошондой эле, АКШ жана Түркиядагы музейлерде Атай Огонбаевдин чыгармачылыгы таанытылат.“Чек арада бир күн туруп калган жүк ИДПнын өсүшүн 1%га азайтат. Ал эми электрондук навигациялык пломбалар чек арадан өтүүнү тездетип, жолдогу текшерүүлөрдүн санын азайтат”, — деди ЕЭКтин бажы кызматташтыгынын министри Руслан Давыдов. Анын айтымында, навигациялык пломбалар товардын санын, рынокту көзөмөлдөөгө жардам берет. Электрондук навигациялык пломбалар миң чакырым аралыктан жүк ташууларды онлайн көзөмөлдөөгө, мыйзам бузууларды аныктоого жардам берет. Мындай пломбалар ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн 2026-жылдын 11-февралынан тарта ишке кирет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/15/1097306361_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_31456f37462067adfbe9208de9bcc81a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио