https://sputnik.kg/20251021/1097301332.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузуп айып пулун төлөбөй жүргөндөрдөн карызды өндүрүү үчүн айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат. Тиешелүү... 21.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-21T15:00+0600
2025-10-21T15:00+0600
2025-10-21T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/15/1097301166_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_24cdec1553a9f9ec136799d29cbe9285.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузуп айып пулун төлөбөй жүргөндөрдөн карызды өндүрүү үчүн айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат. Тиешелүү долбоор коомдук талкууга илинди. Документтин негиздемесине ылайык, айып пул төлөбөгөндөр кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн каттатып же кайра каттата албайт. Башкача айтканда, сата албайт же сатып ала албайт. Андан тышкары, лицензия жана уруксаттарды берүүгө да тыюу салуу сунушталууда. Министрликтин маалыматына таянсак, ушул жылдын жети айында 850 миңден ашык протокол түзүлгөн. Айыпка жыгылгандардын 23 пайызы карызын төлөбөй жүрөт. "Мындай статистика жарандардын жана юридикалык жактардын тартипке баш ийгиси келбегендигин көрсөтөт", — деп белгилеген мекеме.
Кыргызстандын 150 мектебинде тиш дарылаган кабинеттерди ачуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди. Анын айтымында, учурда тийиштүү эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Бишкек жана Ош шаарларында майыптыгы бар балдар үчүн клиникалар жана стоматологиялык бөлүмдөр иштеп жатат."Облустун борборлорунда, ири райондордо стоматологиялык кабинеттерди ачууну пландап жатабыз. Миңден ашык окуучусу бар мектептерде да пайда болот", — деди Байдавлетов. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар стоматологиясы кафедрасынын доценти Гүлнара Чолокова татаал кариес азыр бир жаштагы балдарда да байкалып жатканын белгиледи.
Диний-экстремисттик багыттагы "Йакын Инкар" уюмунун 14 мүчөсү УКМКнын алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында радикалдык көз караштарынан эл алдында баш тартты. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандардын үйүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, уюлдук телефондор табылган. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын (ЛДП) башчысы Санаэ Такаити аталган өлкөнүн премьер-министри болуп калды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. Аны төмөнкү палатанын 237 депутаты колдоду. Жогорку палатадан Такаити экинчи турдан кийин гана тиешелүү добуш алды. Жаңы өкмөт башчы 1961-жылы Нара шаарында туулган. Кобэ университети менен мамлекеттик башкаруу жана менеджмент адистиги боюнча Мацусита институтунун экономика факультетин аяктаган. 1993-жылы ал көз карандысыз талапкер катары Өкүлдөр палатасына мандат жеңип алып, кийинчерээк "Либералдар" партиясына кошулат. Ал эми ЛДПге 1996-жылы мүчө болот. Такаити мурдагы премьер-министр, маркум Синзо Абенин жакын чөйрөсүндөгүлөрдүн катарында эле. 2006-жылы бир эле учурда бир нече кызмат ээлеп, илим-техника саясаты жана инновациялар министри, жаштар жана гендердик теңчилик, азык-түлүк коопсуздугу министри, ошондой эле Окинава жана түндүк аймактар боюнча министр болгон. Абе аны "консерваторлордун жылдызы" деп атап жүргөнү айтылат. Бул жылдын октябрь айында ал ЛДПнин лидери болду. Жаңы премьер Күн чыгыш элинин темирдей айымы болууну каалаганын жашырбайт. Ал мурда ушундай ылакап ат ыйгарылган Британиянын экс-премьери Маргарет Тэтчердин саясий стили жага турганын айткан жайы бар.
Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузуп айып пулун төлөбөй жүргөндөрдөн карызды өндүрүү үчүн айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат. Тиешелүү долбоор коомдук талкууга илинди. Документтин негиздемесине ылайык, айып пул төлөбөгөндөр кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн каттатып же кайра каттата албайт. Башкача айтканда, сата албайт же сатып ала албайт. Андан тышкары, лицензия жана уруксаттарды берүүгө да тыюу салуу сунушталууда. Министрликтин маалыматына таянсак, ушул жылдын жети айында 850 миңден ашык протокол түзүлгөн. Айыпка жыгылгандардын 23 пайызы карызын төлөбөй жүрөт. "Мындай статистика жарандардын жана юридикалык жактардын тартипке баш ийгиси келбегендигин көрсөтөт", — деп белгилеген мекеме.Кыргызстандын 150 мектебинде тиш дарылаган кабинеттерди ачуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди. Анын айтымында, учурда тийиштүү эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Бишкек жана Ош шаарларында майыптыгы бар балдар үчүн клиникалар жана стоматологиялык бөлүмдөр иштеп жатат."Облустун борборлорунда, ири райондордо стоматологиялык кабинеттерди ачууну пландап жатабыз. Миңден ашык окуучусу бар мектептерде да пайда болот", — деди Байдавлетов. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар стоматологиясы кафедрасынын доценти Гүлнара Чолокова татаал кариес азыр бир жаштагы балдарда да байкалып жатканын белгиледи.Диний-экстремисттик багыттагы "Йакын Инкар" уюмунун 14 мүчөсү УКМКнын алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында радикалдык көз караштарынан эл алдында баш тартты. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандардын үйүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, уюлдук телефондор табылган. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын (ЛДП) башчысы Санаэ Такаити аталган өлкөнүн премьер-министри болуп калды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. Аны төмөнкү палатанын 237 депутаты колдоду. Жогорку палатадан Такаити экинчи турдан кийин гана тиешелүү добуш алды. Жаңы өкмөт башчы 1961-жылы Нара шаарында туулган. Кобэ университети менен мамлекеттик башкаруу жана менеджмент адистиги боюнча Мацусита институтунун экономика факультетин аяктаган. 1993-жылы ал көз карандысыз талапкер катары Өкүлдөр палатасына мандат жеңип алып, кийинчерээк "Либералдар" партиясына кошулат. Ал эми ЛДПге 1996-жылы мүчө болот. Такаити мурдагы премьер-министр, маркум Синзо Абенин жакын чөйрөсүндөгүлөрдүн катарында эле. 2006-жылы бир эле учурда бир нече кызмат ээлеп, илим-техника саясаты жана инновациялар министри, жаштар жана гендердик теңчилик, азык-түлүк коопсуздугу министри, ошондой эле Окинава жана түндүк аймактар боюнча министр болгон. Абе аны "консерваторлордун жылдызы" деп атап жүргөнү айтылат. Бул жылдын октябрь айында ал ЛДПнин лидери болду. Жаңы премьер Күн чыгыш элинин темирдей айымы болууну каалаганын жашырбайт. Ал мурда ушундай ылакап ат ыйгарылган Британиянын экс-премьери Маргарет Тэтчердин саясий стили жага турганын айткан жайы бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/15/1097301166_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8cd1fbc85468a50b631a0a8fe7681bd2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио