https://sputnik.kg/20251017/1097234905.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети мунай продуктуларына байланыштуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Министрлер... 17.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-17T19:00+0600
2025-10-17T19:00+0600
2025-10-17T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/11/1097234739_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a58731fa82873b96ce7bc0782cbffb93.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети мунай продуктуларына байланыштуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай продуктулары менен туруктуу камсыздоо маселесине арналган кеңешме өткөрдү. Жыйында Адылбек Касымалиев күйүүчү май базарындагы абал боюнча маалымат алып, маселе өкмөттүн көзөмөлүндө экенин белгиледи. Жыйынтыгында минкаб башчысы бааларга көзөмөлдү күчөтүүгө жана запастарды кармап турууга багытталган тапшырмаларды берди. Эскерте кетсек, минкабда мунай көйгөйүн караган ушундай жыйын 8-октябрда да өткөн.
Тейлөө үчүн төлөм жоюлгандан кийин кафе жана ресторандарда баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Адилет Жумабеков маалымат агенттиктеринин бирине интервью берип жатып айтты. Анын айтымына караганда эми бардык чыгымдар тамактын негизги баасына кирет. "Мурда колдонулуп келген 10-20 пайыздык тейлөө акысы мыйзамда каралган эмес, мекемелер аны өз алдынча кошуп келишкен. Эми буга тыюу салынып, бардык чыгымдар тамактын негизги баасына кирет", — деди Адилет Жумабеков. Эскерте кетсек, жаңы жылдан баштап кафе-ресторандар тейлөө үчүн акы албайт. Тамактануучу жайлар 1-январга чейин менюларын, баа тизмелерин жана кассалык программаларын талаптарга ылайыкташы зарыл.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы зым тосмону кесип өтүп, мал ташыгандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, трансчек аралык кылмыштуу топ Тажикстанга мыйзамсыз жүк өткөрүү каналын уюштурган. Узундугу болжол менен үч метрге жеткен тосмо атайылап демонтаждалып, аткезчиликке жол ачылган. "Ушул канал аркылуу 15 баш бодо мал өткөрүүгө аракет кылган Кыргызстандын 3 жараны колго түшүрүлдү", — деди атайын кызмат. Азыркы тапта мыйзамсыз ишке тиешеси бар 31 киши аныкталган. УКМК мындан ары чек ара аркылуу мал-жандыкты аткезчилик жол менен өткөргөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.
АКШга президент Дональд Трамп менен жолугушууга барган Владимир Зеленскийди өзүнүн учагындагы экипаж тосуп алды. Киев режиминин башчысын экипаждан тышкары Вашингтон аэропортунан кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак менен америкалык армиянын генералы тосуп алган. Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук өзүнүн Telegram каналында Зеленскийдин АКШга сапарын шылдыңдады."Зеленскийди АКШда Ермак жана өзүнүн учагындагы экипаж тосуп алды. Башталышы катуу го", — деп какшыктады парламентарий./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 96 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 73 сом 40 тыйындан баштап, 74 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 79 сом 40 тыйындан 80 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 78 сом 50 тыйындан тарта 79 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ Подводка: 18-октябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +19…+21, Ош шаарында +24...+26 градуска көтөрүлөт.
Министрлер кабинети мунай продуктуларына байланыштуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай продуктулары менен туруктуу камсыздоо маселесине арналган кеңешме өткөрдү. Жыйында Адылбек Касымалиев күйүүчү май базарындагы абал боюнча маалымат алып, маселе өкмөттүн көзөмөлүндө экенин белгиледи. Жыйынтыгында минкаб башчысы бааларга көзөмөлдү күчөтүүгө жана запастарды кармап турууга багытталган тапшырмаларды берди. Эскерте кетсек, минкабда мунай көйгөйүн караган ушундай жыйын 8-октябрда да өткөн. Тейлөө үчүн төлөм жоюлгандан кийин кафе жана ресторандарда баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Адилет Жумабеков маалымат агенттиктеринин бирине интервью берип жатып айтты. Анын айтымына караганда эми бардык чыгымдар тамактын негизги баасына кирет. "Мурда колдонулуп келген 10-20 пайыздык тейлөө акысы мыйзамда каралган эмес, мекемелер аны өз алдынча кошуп келишкен. Эми буга тыюу салынып, бардык чыгымдар тамактын негизги баасына кирет", — деди Адилет Жумабеков. Эскерте кетсек, жаңы жылдан баштап кафе-ресторандар тейлөө үчүн акы албайт. Тамактануучу жайлар 1-январга чейин менюларын, баа тизмелерин жана кассалык программаларын талаптарга ылайыкташы зарыл.Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы зым тосмону кесип өтүп, мал ташыгандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, трансчек аралык кылмыштуу топ Тажикстанга мыйзамсыз жүк өткөрүү каналын уюштурган. Узундугу болжол менен үч метрге жеткен тосмо атайылап демонтаждалып, аткезчиликке жол ачылган. "Ушул канал аркылуу 15 баш бодо мал өткөрүүгө аракет кылган Кыргызстандын 3 жараны колго түшүрүлдү", — деди атайын кызмат. Азыркы тапта мыйзамсыз ишке тиешеси бар 31 киши аныкталган. УКМК мындан ары чек ара аркылуу мал-жандыкты аткезчилик жол менен өткөргөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.АКШга президент Дональд Трамп менен жолугушууга барган Владимир Зеленскийди өзүнүн учагындагы экипаж тосуп алды. Киев режиминин башчысын экипаждан тышкары Вашингтон аэропортунан кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак менен америкалык армиянын генералы тосуп алган. Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук өзүнүн Telegram каналында Зеленскийдин АКШга сапарын шылдыңдады."Зеленскийди АКШда Ермак жана өзүнүн учагындагы экипаж тосуп алды. Башталышы катуу го", — деп какшыктады парламентарий./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 96 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 73 сом 40 тыйындан баштап, 74 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 79 сом 40 тыйындан 80 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 78 сом 50 тыйындан тарта 79 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ Подводка: 18-октябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +19…+21, Ош шаарында +24...+26 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/11/1097234739_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a37f201a092664b975aee3e89332fe14.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио