00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Эркине каршы ээрчип алуу, аңдуу дагы зомбулукка тете. Бул тууралуу президент кол койгон мыйзамда айтылат. Кечээ Садыр Жапаров кол койгон мыйзамда куугунтуктоого тыюу салынды. Документте куугунтуктоо катары бөлөк жашаган адамды коркутууга багытталган түз жана кыйыр аракеттер көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, адамдын иштеген, окуган же жашаган жерине баруу, анын эркине каршы аңдып, ээрчип алуу, тажаткан чалуулар да мыйзам бузууга кириши ыктымал.
Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо-2025" агроөнөр жай көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтүп жатат. Анда айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөн, жер семирткичтер, азык-түлүктүн бардык түрлөрү коюлган. Асыл тукум мал баккан чарбалар кой-эчкилерин, уй жана жылкыларын алып келишкен. Чүйдөгү чарбалар алдыңкы породадагы уйларын көргөзүп, аймактардан келген дыйкандарга кеңештерин берүүдө. Ошондой эле адистер айыл чарбасына керек болгон техника, шаймандар, кайра иштетүү өндүрүшүнүн жабдууларын насыя жана лизингге алуунун жол-жобосун түшүндүрүүдө. Мамлекеттик банктар дыйкан-фермерлерди колдоо программалары, жеңилдетилген насыялары тууралуу маалымат берип жатат. Андан тышкары, өлкөнүн 40 районунан келген дыйкандар өндүргөн продукцияларын базар баасынан төмөн сатууда. Сары майдан тартып, сабиз, картөшкөгө чейин арзан алууга болот. Иш чара 19-октябрга чейин уланат.
Чет элдиктердин арасында Кыргызстандан билим алууга кызыгуу азайды Акыйкатчы институту билдиргендей, 2023-2024 окуу жылында чет өлкөлүк студенттердин саны 31%га кыскарган. Өзгөчө Өзбекстандан (53%) жана Индиядан (13%) аз келишкен. Ал эми 2025-жылы S тибиндеги студенттик виза мурдагы жылга салыштырмалуу төрт эсе аз берилген. Акыйкатчы институту муну чет элдиктер кабылган бир катар кыйынчылыктар менен байланыштырды. Ошол эле учурда өлкөдө медицина адистерин даярдоого мамлекеттик монополия киргизилген. Мындан улам медициналык окуу жайларга талап күчөп, айрымдары жабылган. Аларда негизинен чет элдик студенттер окучу.
Жер жүзүндө миллиондогон адам Russia Today телеканалын көрүп-угат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин айтканын РИА Новости жазды. Алып баруучу Салам Мосафир менен маектешип жатып өлкө башчысы RT кызматкерлерин телеканалдын 20 жылдыгы менен куттуктаган. Путин калыпка түшүп калган дүйнөлүк маалымат каражаттарынын системасына кошулуу оңой эмес экенин белгилеп, RT "бир өзгөчө, өзүнүн жолун" тапканын кошумчалаган. "Russia Today журналисттерине жасалган кысымга, тыюу, санкцияларга, административдик, финансылык чектөөлөргө карабай эмне ойлоп жатканын айтып жатты. Элге алынып кетүүнүн себеби, балким, ушундадыр", — деди Путин. RT телеканалы — Россиянын эл аралык маалыматтык телевизиондук компаниясы. RT брендинин алдында англис, испан, араб, немец, француз, серб тилдеринде сегиз канал жана эки документалдык канал эфирге чыгат. Башкы редактору — Маргарита Симоньян, башкы директору — Алексей Николов.
Жаңылыктар түрмөгү
0