00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстандын туризм тармагы башынан кризис кечирип жатканын эксперттер билдирди. Алар Sputnik агенттигинде өткөн брифингге катышкан."Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Жибек Жолундагы туризм биримдигинин төрагасы Владимир Комиссаровдун айтымында, тоо туризминдеги жамааттык коопсуздук системасынын начардыгы, кадрлардын тартыштыгы байкалып, тармакты башкаруу системасы натыйжасыз деп табылган. Алардын айтымында тез арада чечүүнү талап кылган көйгөйлөр булар: тармактын профилдик департамент тарабынан бул жааттын натыйжасыз башкарылышы; Кыргызстанды туристтик багыт жана улуттук туристтик продукт катары илгерилетүүнүн натыйжасынын төмөндүгү; бардык деңгээлдеги кадрлардын жетишсиздиги жана адистерди даярдоо системасынын начардыгы; тоолордогу туризмдин жамааттык коопсуздугунун өтө төмөн деңгээли. Эл аралык коопсуздук рейтингинде республика талап кылынган 70 баллдын 30ун гана алган; тармакты өнүктүрүүгө багытталган документтердин ишке ашырылышына мониторинг менен талдоонун жоктугу; калктын туризмди туруктуу өнүктүрүү маанилүү экенин түшүнбөй жатышы; ички туризмдин начар өнүгүшү жана натыйжалуу аймактык саясаттын жоктугу. Эксперттердин пикиринде, Кыргызстандын туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча 2025-2030-жылдарга карата программасында белгиленген көйгөйлөр курчуп кетти. Программа бекитилгенден бери тогуз айдан ашык убакыт өттү, бирок андагы иш-чаралардын көбү ишке ашырыла элек.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Бекзодбек Юлдашев атындагы бала бакчанын курулушуна 15 млн сом бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты. Бекзодбек Юлдашев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон. Раззаковдогу билим берүү мекеме 100 балага ылайыкталып, 15 иш орду түзүлөт. "Мындай долбоорду каржылоо биз үчүн сыймык, анткени Бекзодбек Юлдашев биздин баатыр", — деди фонддун төрагасы Артем Новиков.
Билим берүү мекемелерине берилген лицензияны сотко кайрылбастан токтотуу сунушталууда Илим министрлиги президенттин буйругунун долбоорун даярдаган. Анда билим берүүгө лицензия мөөнөтсүз берилгендиктен, алардын саны өсүп жатканы айтылды. Маселен 2020-жылдан бери 28 колледж жана 32 ЖОЖ ачылса, ушул эле беш жылда 15 медициналык окуу жай иштеп баштаган. Ошондуктан лицензияны сотсуз эле кайтарып алуу сунушталууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен кечээ телефон аркылуу байланышканда конструктивдүү диалогго өтүп, сүйлөшүүнүн маанайын өзгөрттү. Ортодогу мындай оң алака Киевге пайдалуу болбой тургандыгын америкалык Bloomberg агенттиги жазды. "Лидерлердин кечээ күнкү баарлашуусунда Трамптын сүйлөшүү ыргагы адаттагыдан башкача болду. Ал, кыязы, "Томагавк" ракеталарын Киев менен бөлүшүүгө ыктабастыгын билдиргендей болду", — деп айтылган анда. Басылманын ырасташынча, Трамп Москвага каршы агрессивдүү чараларды колдонгондон мурда маселени дипломатиялык нукка бурганга дагы бир мүмкүнчүлүк бергенге даяр. Кечээ Трамп менен Путиндин Америка президентинин экинчи мөөнөтү башталгандан бери сегизинчи жана эң узак телефондук сүйлөшүүсү болду. Ал эки жарым саатка созулду. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, президенттер Будапештте өтүшү мүмкүн болгон жаңы саммитти жана ортодогу кызматташтыкты талкуулаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0