https://sputnik.kg/20251016/1097212552.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга илинди. Аталган документ... 16.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-16T19:00+0600
2025-10-16T19:00+0600
2025-10-16T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/10/1097212386_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c8388efa06b5ae71812d0b7195d665f7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга илинди. Аталган документ кабыл алынса аймакта эркин экономикалык зона уюштурулуп, ал жакта өзгөчө бажы процедуралары колдонулат. Резиденттерге салыктар боюнча жеңилдиктер жана бизнес жүргүзүү үчүн артыкчылыктуу шарттар берилет. Атайын финансылык инвестициялык аймак катары өзгөчө укуктук макамга жана режимге ээ болот. "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы экономиканы өнүктүрүү, жаңы технологиялардын негизинде иштеген өндүрүштү көбөйтүү, транспорттук инфраструктура жана туризмди өнүктүрүү үчүн түзүлүп жатканы белгиленген.
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 2030-жылга чейин жалпы биржалык товар рыногун түзүү боюнча жумуш башталды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович билдирди. Анын айтымында, биринчи кадам катары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү кирген Биржа комитетин түзүү пландаштырылууда. Ага Өзбекстан менен Ирандын биржалары байкоочу катары чакырылат. "Күйүүчү-энергетикалык комплекстин бардык продукциясын жалпы биржалык товар рыногуна киргизүү боюнча талкуу кайра жанданышы керек", – деп белгилеген Ермолович. Анын айтымында, күйүүчү-энергетикалык комплекстин товарларына баа индикаторлорун белгилөө бардык мүчө мамлекеттердин улуттук экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.
Бишкектеги ТЭЦте ыштагы күкүрттү тазалоо системасы ишке кирди Система абага бөлүнгөн күкүрт диоксидин кыйла азайтууга багытталган заманбап экологиялык жабдуу. Мэриянын маалыматы боюнча, жабдуу 2019-жылга чейин Кытайдын TBEA компаниясынын адистеринин көзөмөлүндө иштеп келген. Кийинчерээк квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен жана гипс камтыган шламды сатып алуучулардын жоктугунан система иштебей калган. Учурда жабдууну ТЭЦтеги адистер иштетип жатат.
НАТО КМШ аймагында армияны модернизациялоого, атайын кызматтарды жана укук коргоо органдарын техникалык жактан жабдууга жардам берүү шылтоосу менен кеңейүүдө. Бул тууралуу РФ ФСБсынын жетекчиси Александр Бортников билдирди. Анын айтымында, КМШ мамлекеттеринин коопсуздугуна жана туруктуулугуна болгон коркунучтар комплекстүү мүнөзгө ээ жана сырттан атайылап күчөтүлүүдө. "Украина кризисин жараткан НАТОнун кеңейүү курсу токтогон жок. Алар армияны жана аскердик инфраструктураны модернизациялоого, атайын кызматтарды жана укук коргоо органдарын техникалык жактан жабдууга, адистерди даярдоого жардам беримиш болуп постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттерде ишин улантууда", — деди Бортников./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 72 тыйынга рубль 1 сом 1 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 17-октябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +16...+21 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга илинди. Аталган документ кабыл алынса аймакта эркин экономикалык зона уюштурулуп, ал жакта өзгөчө бажы процедуралары колдонулат. Резиденттерге салыктар боюнча жеңилдиктер жана бизнес жүргүзүү үчүн артыкчылыктуу шарттар берилет. Атайын финансылык инвестициялык аймак катары өзгөчө укуктук макамга жана режимге ээ болот. "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы экономиканы өнүктүрүү, жаңы технологиялардын негизинде иштеген өндүрүштү көбөйтүү, транспорттук инфраструктура жана туризмди өнүктүрүү үчүн түзүлүп жатканы белгиленген. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 2030-жылга чейин жалпы биржалык товар рыногун түзүү боюнча жумуш башталды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович билдирди. Анын айтымында, биринчи кадам катары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү кирген Биржа комитетин түзүү пландаштырылууда. Ага Өзбекстан менен Ирандын биржалары байкоочу катары чакырылат. "Күйүүчү-энергетикалык комплекстин бардык продукциясын жалпы биржалык товар рыногуна киргизүү боюнча талкуу кайра жанданышы керек", – деп белгилеген Ермолович. Анын айтымында, күйүүчү-энергетикалык комплекстин товарларына баа индикаторлорун белгилөө бардык мүчө мамлекеттердин улуттук экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Бишкектеги ТЭЦте ыштагы күкүрттү тазалоо системасы ишке кирди Система абага бөлүнгөн күкүрт диоксидин кыйла азайтууга багытталган заманбап экологиялык жабдуу. Мэриянын маалыматы боюнча, жабдуу 2019-жылга чейин Кытайдын TBEA компаниясынын адистеринин көзөмөлүндө иштеп келген. Кийинчерээк квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен жана гипс камтыган шламды сатып алуучулардын жоктугунан система иштебей калган. Учурда жабдууну ТЭЦтеги адистер иштетип жатат.НАТО КМШ аймагында армияны модернизациялоого, атайын кызматтарды жана укук коргоо органдарын техникалык жактан жабдууга жардам берүү шылтоосу менен кеңейүүдө. Бул тууралуу РФ ФСБсынын жетекчиси Александр Бортников билдирди. Анын айтымында, КМШ мамлекеттеринин коопсуздугуна жана туруктуулугуна болгон коркунучтар комплекстүү мүнөзгө ээ жана сырттан атайылап күчөтүлүүдө. "Украина кризисин жараткан НАТОнун кеңейүү курсу токтогон жок. Алар армияны жана аскердик инфраструктураны модернизациялоого, атайын кызматтарды жана укук коргоо органдарын техникалык жактан жабдууга, адистерди даярдоого жардам беримиш болуп постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттерде ишин улантууда", — деди Бортников./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 72 тыйынга рубль 1 сом 1 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 17-октябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +16...+21 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/10/1097212386_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_087b95231c2a20c14f3ea03d9496532c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио