00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Бишкектин ышын азайта турган жабдык ойлоп тапкан Амантур Салымбаев
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
34 Өлкөдөн барган 350 тасманын ичинен кыргыз фильмдери алдыңкы орундарды алды
17:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Камбар-Ата-2 ГЭСинде №1 гидроагрегаттын капиталдык оңдоосу жана 110 кВ ачык бөлүштүргүчтөрдү модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады. Модернизациялоо программасынын алкагында бир катар иштер жүрүп жатат: Гидроагрегат №1ди толук капиталдык оңдоо; Ротор полюстарын орнотуу жана негизги түйүндөрдү текшерүү; Май муздаткычтарды тазалоо; Турбиналык валды жана башка жабдууларды оңдоо; 110 кВ бөлүштүргүчтөгү электр жабдууларды текшерүү жана сырдоо. Мындан сырткары, станциянын аймагындагы унаа жолдор жана пристанциялык аймак дагы жаңыланууда. Жер казуу, бетон түп салуу жана конструкцияларды бекемдөө иштери аяктап калды. Министрликтин маалыматына ылайык, бул иштер ГЭСтин техникалык коопсуздугун камсыздап, күз-кыш мезгилине туруктуу даярдык көрүү максатын көздөйт. Бардык жумуштар белгиленген графикке ылайык жүрүп жатат.
Бишкекте Ала-Арча, Аламүдүн, Чоң Чүй каналынын нугуна променаддар (эс алуу жай) курулат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, учурда ЖЭБдин техникалык каналынын жээгине променад куруу иштери башталганы турат. Эс алуу жайын кышка чейин пайдаланууга берүү пландалууда. “ЖЭБдин техникалык каналынын жээгине променад куруу иштери башталат. Аны кышка чейин пайдаланууга беребиз деп ойлоп жатабыз. Бул багытта тажрыйбалар топтолгондо иштер дагы улантылат. Учурда Бишкек шаарында суу жээктеринде тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Анткени суунун жээгине мыйзамсыз курулуштар курулуп калган. Ал объекттерден суу жээктери тазаланганда Ала-Арча, Аламүдүн, Чоң Чүй каналынын нугуна променаддарды салабыз" - деди калаа башчы.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен курулган “Ананьево” чакан гидроэлектростанциясынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Чакан ГЭС буга чейин 29-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда, өлкө боюнча жаңы 67 ишкананы ачуу программасынын алкагында ишке киргизилген. Фонддун төрагасы Артем Новиков белгилегендей, “Ананьево” ГЭСинин курулушу — таза энергетиканы өнүктүрүүгө жана аймактардын энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган долбоор жана мамлекет менен каржы институттарынын натыйжалуу өнөктөштүгүнүн үлгүсү болуп саналат.Долбоордун алкагында суу тосмосу курулуп, узундугу 6 чакырымдан ашкан деривациялык түтүк өткөрүлдү жана суунун деңгээли төмөн болгондо да натыйжалуу иштей ала турган заманбап “Пельтон” тибиндеги турбина орнотулган. Фонддун жетекчисинин айтымында, РКӨФ мындан ары да аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерге инвестиция салууну улантат.
Кытай АКШ менен соода согушуна даяр, бирок сүйлөшүүлөргө да ачык. Бул тууралуу РИА Новостиге Кытайдын Вашингтондогу элчилигинин маалымат катчысы Лю Пэнъюй билдирди.Дипломат Кошмо Штаттар Кытайдан сүйлөшүүлөрдү талап кылып, ошол эле учурда бажы төлөмдөрү менен коркута албай турганын белгиледи
Жаңылыктар түрмөгү
0