https://sputnik.kg/20251014/kara-baltada-kamaz-eki-balany-suzup-aldy-1097134305.html
Кара-Балтада КамАЗ сүзгөн эки окуучу бала каза болуп калды
Кара-Балтада КамАЗ сүзгөн эки окуучу бала каза болуп калды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кара-Балтада КамАЗ унаасы эки баланы сүзүп, алар ошол жерде каза болгонун Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 14.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-14T10:02+0600
2025-10-14T10:02+0600
2025-10-14T10:02+0600
кыргызстан
чүй облусу
жайыл району
кырсык
айдоочу
окуучу
экспертиза
тергөө
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0e/1097132575_0:122:1280:842_1920x0_80_0_0_1451a73853ff3f23c8a08e71fc0b23f2.jpg
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кара-Балтада КамАЗ унаасы эки баланы сүзүп, алар ошол жерде каза болгонун Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 13-октябрь күнү кечинде Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жол кырсыгы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда жүк ташуучу унаа окуучуларды сүзүп кеткени, рулда 69 жаштагы Г.М. аттуу жаран болгону аныкталган. Облустук милициядан айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканын кабарлашты.
https://sputnik.kg/20250929/tokmok-zhol-kyrsygy-kyz-kaza-boldu-1096822904.html
чүй облусу
жайыл району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0e/1097132575_0:2:1280:962_1920x0_80_0_0_76856648ff7ee2902c3eb8502b4a2d37.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чүй облусу, жайыл району, кырсык, айдоочу, окуучу, экспертиза, тергөө, сүрөт
кыргызстан, чүй облусу, жайыл району, кырсык, айдоочу, окуучу, экспертиза, тергөө, сүрөт
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кара-Балтада КамАЗ унаасы эки баланы сүзүп, алар ошол жерде каза болгонун Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-октябрь күнү кечинде Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жол кырсыгы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда жүк ташуучу унаа окуучуларды сүзүп кеткени, рулда 69 жаштагы Г.М. аттуу жаран болгону аныкталган.
"Кырсык 18:30да Чапаев көчөсүндө болгон. 7 жаштагы А.А. жана 8 жаштагы А.И. аттуу эки окуучу кырсык болгон жерде каза болушкан. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Кылмыш-жаза кодексинин "Автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана пайдаланылышынын коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.
Облустук милициядан айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканын кабарлашты.