https://sputnik.kg/20251013/tramp-gaza-tilkesindegi-chataktyn-ayaktaganyn-zhar-saldy-1097123165.html
Трамп Израилге барып, Газа тилкесиндеги чатактын аяктаганын жар салды
Трамп Израилге барып, Газа тилкесиндеги чатактын аяктаганын жар салды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалдын аяктаганын Израилдин парламентинде сүйлөп жатканда билдирди. Бул... 13.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-13T15:21+0600
2025-10-13T15:21+0600
2025-10-13T15:21+0600
дүйнөдө
акш
израиль
газа тилкеси
хамас
дональд трамп
жаңжал
аяктоо
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0d/1097111724_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_cb38e9e630796e9e133f31a0f4e2f3fa.jpg
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалдын аяктаганын Израилдин парламентинде сүйлөп жатканда билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Трамп парламенттеги эстелик китепчеге конок катары пикирин жазып жатып, бул күндү "улуу" деп белгилеген. Муну менен катар эле ал ХАМАС курал таштоого макул болгонун айтты. Бүгүн эртең менен Газа секторунда кармалып турган израилдик туткундардын биринчи тобу өзүнүн мекенине өткөнү, өлгөндөрдүн сөөгү да берилгени кабарланган. Аны менен катар эле Израиль бошоткон палестиналык 1 966 туткундун да өз аймагына жөнөө үчүн автобустарга отурганы айтылган. Жаңжалдын токтошу Эскерте кетсек, Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, Газа секторунда атышуу жума күнү, тагыраагы, 10-октябрда токтоду. Кепке келгендер 72 сааттын ичинде туткундарды бошотушу керектиги белгиленген. Жогоруда айтылгандай, туткундарды алмашуунун биринчи этабы бүтүп, экинчиси түштөн кийин болмок. Сентябрда Ак үй 20 пунктудан турган план жарыялаган. Документте ХАМАСтын анклавды башкарууга катышпастыгы айтылган. Анын тынчтык жолуна түшүп, куралын тапшырып берген мүчөлөрүнө мунапыс берилери белгиленген. Муну менен катар эле Израиль Газаны аннексия кылып же басып албашы керектиги көрсөтүлгөн. Ynet порталынын маалыматына таянсак, ЦАХАЛ биринчи этапта анклавдын 53 пайызына көзөмөл кыла турат жана Газадан аскерлерин алып чыгып кетет.
https://sputnik.kg/20250930/tramptyn-palestina-gaza-tuuraluu-aytkandary-1096834711.html
акш
израиль
газа тилкеси
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0d/1097111724_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_b6db7b81d9fbb50b944080b2642b2173.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, израиль, газа тилкеси, хамас, дональд трамп, жаңжал, аяктоо
дүйнөдө, акш, израиль, газа тилкеси, хамас, дональд трамп, жаңжал, аяктоо
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалдын аяктаганын Израилдин парламентинде сүйлөп жатканда билдирди. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Согуш аягына чыкты", — деди ал кнессетте.
Трамп парламенттеги эстелик китепчеге конок катары пикирин жазып жатып, бул күндү "улуу" деп белгилеген. Муну менен катар эле ал ХАМАС курал таштоого макул болгонун айтты.
Бүгүн эртең менен Газа секторунда
кармалып турган израилдик туткундардын биринчи тобу өзүнүн мекенине өткөнү, өлгөндөрдүн сөөгү да берилгени кабарланган.
Аны менен катар эле Израиль бошоткон палестиналык 1 966 туткундун да өз аймагына жөнөө үчүн автобустарга отурганы айтылган.
Эскерте кетсек, Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, Газа секторунда атышуу жума күнү, тагыраагы, 10-октябрда токтоду. Кепке келгендер 72 сааттын ичинде туткундарды бошотушу керектиги белгиленген. Жогоруда айтылгандай, туткундарды алмашуунун биринчи этабы бүтүп, экинчиси түштөн кийин болмок.
Сентябрда Ак үй 20 пунктудан турган план жарыялаган. Документте ХАМАСтын анклавды башкарууга катышпастыгы айтылган. Анын тынчтык жолуна түшүп, куралын тапшырып берген мүчөлөрүнө мунапыс берилери белгиленген. Муну менен катар эле Израиль Газаны аннексия кылып же басып албашы керектиги көрсөтүлгөн.
Ynet порталынын маалыматына таянсак, ЦАХАЛ биринчи этапта анклавдын 53 пайызына көзөмөл кыла турат жана Газадан аскерлерин алып чыгып кетет.