00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кытай үчүн кабатыр болбогула! Трамп соода жаңжалы тууралуу

© AP Photo / Mariam ZuhaibАКШ Капитолии
АКШ Капитолии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Кытай менен болгон жаңы соода жаңжалына тынчсызданбоого чакырды.
"Кытайга кабатыр болбоңуздар, баары жакшы болот! Ал (Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин — ред.) өз өлкөсүнө экономикалык депрессияны каалабайт, мен дагы каалабайм. АКШ Кытайга залака тийгизгиси келбейт, тескерисинче, жардам бергиси келип жатат", — деп жазды америкалык лидер соцтармактагы баракчасына.

Соода алакасынын курчушу

Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги 9-октябрда 8-ноябрдан тарта сейрек кездешүүчү орточо жана оор элементтерге, литий батареяларына, жасалма графиттен жасалган аноддук материалдарга, сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү үчүн жабдууларга, чийки затка жана өтө бекем материалдарга экспорттук көзөмөл киргизерин жарыялады.
Мындай кадам Трамптын нааразычылыгын жаратты. Жума күнү ал 1-ноябрдан тарта же ага чейин АКШ Кытайдан келген товарларга 100 пайыз бажы салыгын киргизерин билдирип, муну Пекиндин соода тармагындагы "агрессивдүү позициясына" жооп катары түшүндүргөн.
Ал эми Кытайдын Транспорт министрлиги америкалык суу транспорттору үчүн атайын порттук жыйым киргизилгенин жарыялады. Ал 14-октябрдан тарта күчүнө кирет. Пекин мындай чара аргасыздыктан көрүлүп жатканын белгиледи.
12-октябрда АКШнын соода өкүлү Джеймисон Грир Кытай менен АКШнын ортосундагы соода чыңалуусунан чыгуу жолдору бар экенин айтты.
"Албетте, Кытайдын бул кырдаалдан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар, президент Трамп төрага Си менен болгон жакшы мамилесин жоготкон жок. Биз өнөктөштөрүбүз менен диалог жүргүзүп жатабыз, бир жума мурунку туруктуу абалга кайтып келүү жолун таба аларыбызга биз ынанышыбыз керек", — деди Грир.
Ал ошондой эле АКШ Кытайга Пекиндин жаңы алымдары тууралуу билдирүүлөрдөн кийин телефон аркылуу сүйлөшүүнү сунуштаганын, бирок Кытай тарап аны кийинкиге калтырганын кошумчалады.

Соода согушу

Пекин менен Вашингтон соода согушунун алдында турат. Мындай абал АКШнын президенти Дональд Трамп февраль айында Кытайдан келген бардык товарларга 10 пайыздык бажы салыгын киргизгенден кийин жаралган. Соода согушундагы бир катар кадамдардан кийин АКШнын Кытай товарларына болгон кошумча "өз ара" алымы 125 пайызга жетти, КЭРдин америкалык товарларга болгон алымы дагы ошончону (125 пайыз) түздү. Мындан тышкары, синтетикалык баңгизатка каршы жетиштүү күрөш жүргүзбөгөндүгү үчүн Кытайга карата АКШнын 20 пайыздык бажы алымы бар.
Май айында Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Пекин менен Вашингтон кошумча алымдардын 115 пайызын жокко чыгарууну макулдашкан. Ага ылайык, АКШ Кытай товарларына болгон тарифти 145тен 30 пайызга чейин төмөндөтсө, Пекин америкалык товарларга болгон чекти 125тен 10го чейин азайткан. 14-майдан баштап ишке кирген мындай соода режими 90 күнгө созулат.
2025-жылдын августунда тараптар колдонуудагы келишимди дагы 90 күнгө, 2025-жылдын 10-ноябрына чейин узартышкан.
АКШ жана Кытай жетекчилери Дональд Трамп менен Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2025
Си Цзиньпин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер
Жаңылыктар түрмөгү
0