Мамытов: бизнес бирликтери өз мүмкүнчүлүгүн толук колдонбой жатат
13:38 13.10.2025 (Жаңыртылды: 14:31 13.10.2025)

© Sputnik / Асель Сыдыкова
Жазылуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси Улукман Мамытов ишкерликтеги бирликтердин ордуна токтолду.
Бизнес бирликтери — өкмөт менен ишкерлердин ортосундагы көпүрө. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө ишкерлик уюмдарынын үлгүлүү өкүлдөрү бар.
"Бизнес-ассоциациялар чоң күчкө ээ. "Күч бирдикте" деген кыргызда жакшы сөз бар, анын сыңары, ишкерлер биригип өз кызыкчылыктарын алдыга жылдырууда уюм, бирлик, ассоциацияларды түзгөнү жакшы. Ал бирликтер кантип иштейт, маселе ушунда жатат. Бизде, тилекке каршы, мындай уюмдар өз мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонбой жатышат. Ички интригалар, ишкерликтин бир түрүндө эле эки-үч уюм түзүп алуу сыяктуу иштер менен алектенип отуруп, негизги максаттары ишкерликтин ошол багытын өнүктүрүү, ири масштабга чыгуу аракеттерин жоготуп коюп жатышат. Бирок башкаларга үлгү болчу тармактар да жок эмес. Мисалы, өлкөдө түзүлгөн IT-паркты алалы. Бул мына ушул ассоциация, бирлик, уюмдарга үлгү боло ала тургандай өңүттө өнүгүп келе жатышат. Бир платформага биригип, жалпы кызыкчылыктарын өкмөткө жеткирип, өз маселелерин чечүү менен өнүгүп, эл аралык аренага чыгып калышты. Бизнес мына ушинтип өнүгүшү керек. Өлкөдө ишкерлик өнүгүп жатат дегенибиз менен али көйгөйлөр көп. Мамлекет өз тарабынан бардык мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө: салыктык жеңилдиктер, инвестиция тартуудагы ыңгайлуулуктар, кепилдиктер, эми бизнес-бирликтер да аракет кылышы зарыл. Бизде соода балансын теңдөө маселеси дагы деле курч. Ал үчүн өндүрүштү, өзгөчө кайра иштетүүнү жолго коюш керек. Бул жерде мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп өнүгүү ишкерлер уюмдарынын колунда", — деди Мамытов.
Ал агрардык өлкө болгонубузга карабай бул багытта ишкерлик жакшы жолго коюлбай жатканына фермерлердин башын бириктирип, ирилешкен бизнес-уюмдардын жоктугу же максаттуу иштебегендиги себеп болуп жатканын кошумчалады.
