https://sputnik.kg/20251013/1097129165.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алдыПрезиденттин карындашынын колун сураган жигит акталдыӨлүм жазасы. Конституцияга өзгөртүү... 13.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-13T19:00+0600
2025-10-13T19:00+0600
2025-10-13T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0d/1097128999_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1b9c34e41ccdf396fc4ec8d83e128010.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алдыПрезиденттин карындашынын колун сураган жигит акталдыӨлүм жазасы. Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору талкууга койдуПрезиденттик аппарат балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын белгилөө мүмкүнчүлүгүн караган “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Түшүндүрмө катта белгиленгендей, мыйзам долбоорунун максаты балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону күчөтүү болуп саналат. Балдар жана аялдар Конституцияда мамлекеттин жогорку баалуулуктарына киргизилген, ал эми алардын өмүрү жана жыныстык кол тийбестиги өзгөчө коргоого алынууга тийиш. Мындан тышкары, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясын жана Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө декларацияны камтыган эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп саналат, алар өлкөлөрдү аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоого милдеттендирет.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханды ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Пакистан эл аралык жана регионалдык мамилелер системасында маанилүү орунду ээлей турганын жана Кыргызстан Пакистан менен эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. Президент Кыргызстан Пакистан менен соода, энергетика, өнөр жай жана медицина тармактарында кызматташууга, инвестициялык долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга умтулаарын ырастады. “Өлкөлөрүбүздүн ортосунда соода карым-катнашты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп баса көрсөттү ал.Ошондой эле мамлекет башчысы Пакистан менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдарлык билдирди.
Өзгөчө шаан-шөкөт менен президенттин карындашынын колун сурап, кийин камакка алынган Автандил Сабырбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен бошотулду. Ал "Курал жана ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми бир тууганы Тариэл Сабырбеков "Прокурордун, тергөөчүнүн же тергөө органынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга кесилген. "Бир туугандар 2024-жылдын июлунан тартып соттун өкүмү чыкканга чейин тергөө абагында болгондуктан камактагы бир күнү эки күнгө эсептелип, жазасын толук өтөгөн болуп саналды. Экөө тең сот залынан дароо эле бошотулду", — деп айтылат маалыматта. Андан тышкары, сот эки бир тууганды тең "Баңгизатты, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу үчүн мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча актаган өкүм чыгарган.АБА ЫРАЙЫ 14-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 14-октябрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас жергесинде +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19, Нарын аймагында +11...+16 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +20...+22, Ош шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 25 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда
Садыр Жапаров Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алдыПрезиденттин карындашынын колун сураган жигит акталдыӨлүм жазасы. Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору талкууга койдуПрезиденттик аппарат балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын белгилөө мүмкүнчүлүгүн караган “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Түшүндүрмө катта белгиленгендей, мыйзам долбоорунун максаты балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону күчөтүү болуп саналат. Балдар жана аялдар Конституцияда мамлекеттин жогорку баалуулуктарына киргизилген, ал эми алардын өмүрү жана жыныстык кол тийбестиги өзгөчө коргоого алынууга тийиш. Мындан тышкары, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясын жана Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө декларацияны камтыган эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп саналат, алар өлкөлөрдү аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоого милдеттендирет.Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханды ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Пакистан эл аралык жана регионалдык мамилелер системасында маанилүү орунду ээлей турганын жана Кыргызстан Пакистан менен эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. Президент Кыргызстан Пакистан менен соода, энергетика, өнөр жай жана медицина тармактарында кызматташууга, инвестициялык долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга умтулаарын ырастады. “Өлкөлөрүбүздүн ортосунда соода карым-катнашты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп баса көрсөттү ал.Ошондой эле мамлекет башчысы Пакистан менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдарлык билдирди.Өзгөчө шаан-шөкөт менен президенттин карындашынын колун сурап, кийин камакка алынган Автандил Сабырбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен бошотулду. Ал "Курал жана ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми бир тууганы Тариэл Сабырбеков "Прокурордун, тергөөчүнүн же тергөө органынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга кесилген. "Бир туугандар 2024-жылдын июлунан тартып соттун өкүмү чыкканга чейин тергөө абагында болгондуктан камактагы бир күнү эки күнгө эсептелип, жазасын толук өтөгөн болуп саналды. Экөө тең сот залынан дароо эле бошотулду", — деп айтылат маалыматта. Андан тышкары, сот эки бир тууганды тең "Баңгизатты, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу үчүн мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча актаган өкүм чыгарган.АБА ЫРАЙЫ 14-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 14-октябрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас жергесинде +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19, Нарын аймагында +11...+16 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +20...+22, Ош шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 25 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0d/1097128999_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_de329010ebc29c8e2e1ac303441c2450.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио