https://sputnik.kg/20251012/1097101223.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга жети жаңы мектеп жана жети кошумча корпус салып берет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба... 12.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-12T11:00+0600
2025-10-12T11:00+0600
2025-10-12T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0c/1097101057_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_82cf4eeb995441df442f137d9edd0b8d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга жети жаңы мектеп жана жети кошумча корпус салып берет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, фонддун өкүлдөрү менен курулуш министри Нурдан Орунтаев жолугуп, "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун II фазасы боюнча түзүлгөн насыялык келишимди талкуулашкан. Аталган долбоор Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Министрлик анын биринчи этабы ийгиликтүү аяктаганын, анын алкагында өлкө 30 билим берүү мекемеси менен камсыз болгонун белгиледи. "Экинчи этапты ишке ашыруунун алкагында жети жаңы мектеп жана мектептерге жети кошумча окуу корпусу курулат. Долбоорду 2026-жылы баштап 2029-жылы аяктоо пландалды", — деп жазылат маалыматта.
13-октябрдан 17-октябрга чейин Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Бул күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаалар бир тилке менен гана өтүп турат. "Эгер 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иши убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлөт. Бул иштер таштын кулашын алдын алуу жана айдоочу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жасалмакчы", — деп жазылат маалыматта. Ишкана таш түшүрүү иштеринен улам айдоочуларды сапарын алдын ала пландап алууга чакырат.
Чүйдүн Садовое айылында кызга кол салып, муунтууга аракет кылган киши кармалганын облустук милиция кабарлады. Окуя кечээ, 10-октябрда, кечки алтыда болгон. Милициянын маалыматында, көчөдө эч ким жоктугун байкаган киши 14 жаштагы кызды жерге жыгып, муунтууга аракет жасаган. Окуяны көрүп калгандар жетип келгенде ал качып кеткен. "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Чүй милициясынын маалыматы боюнча, 31 жаштагы эркек киши мурда соттолгон. Тергөө уланууда.
Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон Украинанын көпчүлүк аймагы коопсуз экенин айтып, буга байланыштуу Россиянын эскертүүлөрүнө жооп катары Батыштын аскерлерин жөнөтүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Дароо эле чечишип алалы, Украинага бара турчу батыштык аскерлер эч кандай шартта согуштук аракеттерге тартылбайт. Алардын милдети — фронттон алыста туруп колдоо көрсөтүү, логистика жана окутуу жагын камсыз кылуу. Украинанын көпчүлүк бөлүгү коопсуз, жибербей коюуга деле негиз жок", — деген Жонсон Daily Mail чыгарган макалада. Сентябрдын башында Парижде Улуу Британиянын премьери Кир Стармер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун төрагалыгы алдында "каалоочулар коалициясынын" катышуучуларынын жолугушуусу өткөн. Саммиттин соңунда француз лидери 26 өлкө ок атышууну токтоткондон кийин гана Украинага күчтөрдү жайгаштырууга даяр экенин билдирген. Россиянын ТИМи НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлерин Украинага жайгаштыруу Россия үчүн кабыл алынгыс нерсе экенин, ал абалды гана күчөтүүгө алып келерин белгилеген.
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга жети жаңы мектеп жана жети кошумча корпус салып берет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, фонддун өкүлдөрү менен курулуш министри Нурдан Орунтаев жолугуп, "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун II фазасы боюнча түзүлгөн насыялык келишимди талкуулашкан. Аталган долбоор Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Министрлик анын биринчи этабы ийгиликтүү аяктаганын, анын алкагында өлкө 30 билим берүү мекемеси менен камсыз болгонун белгиледи. "Экинчи этапты ишке ашыруунун алкагында жети жаңы мектеп жана мектептерге жети кошумча окуу корпусу курулат. Долбоорду 2026-жылы баштап 2029-жылы аяктоо пландалды", — деп жазылат маалыматта. 13-октябрдан 17-октябрга чейин Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Бул күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаалар бир тилке менен гана өтүп турат. "Эгер 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иши убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлөт. Бул иштер таштын кулашын алдын алуу жана айдоочу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жасалмакчы", — деп жазылат маалыматта. Ишкана таш түшүрүү иштеринен улам айдоочуларды сапарын алдын ала пландап алууга чакырат.Чүйдүн Садовое айылында кызга кол салып, муунтууга аракет кылган киши кармалганын облустук милиция кабарлады. Окуя кечээ, 10-октябрда, кечки алтыда болгон. Милициянын маалыматында, көчөдө эч ким жоктугун байкаган киши 14 жаштагы кызды жерге жыгып, муунтууга аракет жасаган. Окуяны көрүп калгандар жетип келгенде ал качып кеткен. "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Чүй милициясынын маалыматы боюнча, 31 жаштагы эркек киши мурда соттолгон. Тергөө уланууда.Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон Украинанын көпчүлүк аймагы коопсуз экенин айтып, буга байланыштуу Россиянын эскертүүлөрүнө жооп катары Батыштын аскерлерин жөнөтүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Дароо эле чечишип алалы, Украинага бара турчу батыштык аскерлер эч кандай шартта согуштук аракеттерге тартылбайт. Алардын милдети — фронттон алыста туруп колдоо көрсөтүү, логистика жана окутуу жагын камсыз кылуу. Украинанын көпчүлүк бөлүгү коопсуз, жибербей коюуга деле негиз жок", — деген Жонсон Daily Mail чыгарган макалада. Сентябрдын башында Парижде Улуу Британиянын премьери Кир Стармер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун төрагалыгы алдында "каалоочулар коалициясынын" катышуучуларынын жолугушуусу өткөн. Саммиттин соңунда француз лидери 26 өлкө ок атышууну токтоткондон кийин гана Украинага күчтөрдү жайгаштырууга даяр экенин билдирген. Россиянын ТИМи НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлерин Украинага жайгаштыруу Россия үчүн кабыл алынгыс нерсе экенин, ал абалды гана күчөтүүгө алып келерин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0c/1097101057_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_14997f59ecec3282386db593810b5c35.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио