00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эрмегалиев: психиатрия тармагы унутта калды, бейтаптардын саны өсүүдө

© Sputnik / Нурайым РысмамбетоваРеспубликалык психиатрия жана наркология борборунун психиатр-наркологу, эксперт Кубанычбек Эрмегалиев
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психиатр-наркологу, эксперт Кубанычбек Эрмегалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2025
Жазылуу
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психиатр-наркологу, эксперт Кубанычбек Эрмегалиев учурда психиатриялык жактан жабыркагандардын саны арбып жатканын айтты.
Өлкөдө медицинанын психиатрия тармагы көңүл бурулбай унутулуп калды. Көйгөйлүү маселелер көп. Бул тууралуу Кубанычбек Эрмегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Эрмегалиев: психиатрия тармагы унутта калды, бейтаптардын саны өсүүдө
Анын айтымында, эл дагы психиатрга келип көрүнгөндөн уялат.
"Убакыттын өтүшү менен психикалык жактан ооругандардын саны көбөйүп жатат. Элдин арасында стигма бар. Алар "психиатрга барсаң сөзсүз каттоого коёт, эл эмне дейт" деп качышат. Ошол себептен невропатологго барып ар кайсы текшерүүдөн өтүп, кыйналып, акыры бизге келген учурлар болуп жатат. Чет мамлекетте ар бир фирманын, мекеменин өзүнүн психологдору, психиатрлары бар. Бул адистердин саламаттыгын карап, кесиптештер арасындагы мамилени да жакшыртат, стресс, депрессияны алдын алат. Психикалык оорулардын ар кандай түрлөрү бар. Шизофрения, МДП сыяктуу оор түрлөрү каттоого алынат. Ал эми каттоого алынбай турган невроз, неврастения, депрессия өңдүү жеңил түрлөрү да кездешет. Бизде 80 орундуу психосоматика деген бөлүмүбүз бар. Көптөрү ошол жактан дарыланып, жакшы болуп кетип жатышат. Психиатриялык оорудан эч качан коркуп, уялбаш керек. Канчалык эрте жардам берсек, ошончолук тез сакайып чыгып кетишет. Мисалы, депрессия эки жуманын ичинде өтүп кетиши керек. Эгер андан узакка созулуп кетсе жакындары дарыгерге көргөзүшү зарыл. Болбосо азыр өз жанын кыйган учурлар көп. Көбүнчө өспүрүмдөр арасында катталууда. Аскерлердин арасында өзүнө кол салгандар болуп жатат", — деди Эрмегалиев.
Ал психиатрия тармагында кадр маселеси курч туруп, жаштар келүүнү каалабай жатканын белгиледи.
"Биз республика боюнча кыдырып үй-бүлөлүк дарыгерлерге психикасы жабыркап бараткан адамды кантип аныктап, кандай жардам көрсөтүү керектиги тууралуу семинарларды өткөрүп, окутуп келдик. Себеби ооруп жаткан адам алгач аймагындагы бейтапканага барат. Учурда медицинада психиатрия тармагы унутулду. Башкаларга салыштырсак, жетим баладай болуп калдык. Бардык көңүл онкологияга, хирургияга, гинекологияга, кургак учукка бурулуп жатат. Бирок, тилекке каршы, бизде да оорулуулар көбөйүп жатпайбы. Техникалык өнүгүү болгондуктан психиатрия, наркология бөлүмдөрүндө да көйгөйлүү маселелер көп. Имаратыбыз эски, айрым бөлүмдөрүбүздө 1980-жылы келген керебеттер турат. Кадр маселеси да курч. Маяна аз болгондуктан мындай шартка жаштар келбей жатат", — деди Эрмегалиев.
Ал депрессия өтүшүп кеткенде адамдын жүрүм-туруму, сөзү өзгөрүп каларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0