00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жаңы ыкмалар колдонулат — функционалдык сабаттуулук, STEM, санариптик көндүмдөр
11:04
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Токтогулда пара алууга шектелип билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери кармалдыАмерикада штадаун жумалап созулушу мүмкүндүгү айтылдыЧүй менен Бишкекте майда көмүр алып кирүүгө, сатууга, колдонууга тыюу салындыЧүй облусу менен Бишкекте майда көмүр алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка караганда министрлер кабинети бүгүн "Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтом кабыл алган. Ага ылайык, көлөмү 13 миллиметрге чейин болгон көмүрдүн бардыгына тыюу салынган. "Бул фракциядагы чачма көмүр (көбүнчө "отсев" деп аталат) 13 миллиметрге чейинки майда көмүр бөлүкчөлөрүнөн турат. Ал арзан болгону менен көп чаң чыгарат, тез күйүп кетет жана атмосфераны булгайт. Ошондуктан аны үй шартында колдонуу сунушталбайт", — деп айтылат маалыматта. Бирок өкмөттүн мындай чектөөсү жылуулук берүүчү ишканаларга колдонулбайт. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүп, негизсиз кымбаттоонун алдын алуу тапшырылган.
Токтогулда системалуу түрдө акча талап кылууга шектелип, билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери кармалганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда Токтогул шаарынын Бала-Чычкан айылындагы "Нурпейилим" бала бакчасынын мурдагы башчысы Т.Э.С., Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен мекеменин адиси А.К.Б. жана С.Д.К. аттуу жарандар кармалышкан."Алар балдарды мектепке чейинки мекемелерге кабыл алууда, кызматкерлерди ишке орноштурууда жана жетекчи кызматтарга дайындоо үчүн акча талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта. Атайын кызмат билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштери мындан ары да улана турганын эскертти.
Америка өкмөтүнүн ишинин токтоп калышы жумалап созулушу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Өкмөттүн ишинин токтоп калышы бир нече күн эмес, апталап созулат окшойт. Эки тарап тең тирешип алышты, кепке келели деген ой да болгон жок", — деп Сенаттагы демократиялык азчылыктын лидери Чак Шумердин мурдагы маалымат катчысы Эндрю Конещуски билдирди. Республикачылар алардын атаандашы демократтар позициясынан кайтат деген ишенимде тургандыгы белгиленди. "Октябрдын соңунда эки партиядан тең убактылуу макулдашууну күтүп турам", — деген Калифорния штатындагы жогорку кызматтагы аткаминер Жефф Ли. АКШда финансылык жыл адатта 1-октябрдан башталат. Ага чейин Конгресс толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек. Бирок ал процесстин болбогону федералдык бийликти ишин токтотууга аргасыз кылды. Бул сапар анын капшабына 800 миңден ашык, тагыраагы, кызматкерлердин 40 пайызга жакыны кабылды. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 44 тыйынга евро 102 сом 65 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ7-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 7-октябрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Нарын менен Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0