https://sputnik.kg/20251005/1096953990.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу өкмөттун маалымат кызматынан... 05.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-05T15:00+0600
2025-10-05T15:00+0600
2025-10-05T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/05/1096953824_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bd1bd49aae5640fbcfb74b18255f953a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу өкмөттун маалымат кызматынан маалымдашты. Билдирмеге ылайык, электр кубатын керектөө өсүп жаткандыктан, ага кошумча, жай айы кургакчыл болгондуктан ушул жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 млрд м³ аз экендиги айтылган. "Бүгүн өлкөнүн ички дүң продукциясы сегиз айдын жыйынтыгы менен бир триллиондон ашты, өсүү темпи 11,1 пайызды түздү. Ошол эле учурда консолидацияланган бюджеттин жылдык көрсөткүчү сегиз айдын жыйынтыгы менен толук аткарылды. Жылдын жыйынтыгы менен ал дагы триллиондук көрсөткүчтү басат. Мына ушундай өнүгүүлөрдө электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо – башкы милдетибиз. Энергетикада стратегиялык долбоорлорду баштадык, ошол эле учурда күнүмдүк жана тынымсыз көзөмөлдү талап кылган маселелер да бар", — деген Адылбек Касымалиев. Ошондой эле быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, төрт гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1440 мегаватты түзөрү айтылды. Анткен менен кеңешмеде Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы бар экенин белгилешкен. Буга байланыштуу Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган.
Ош шаарынын Кең-Сай конушунда көп кабаттуу ипотекалык үйлөр салына баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Мэр Жеңишбек Токторбаев курулушту баштап берип, мезгил кутучасы салынды. Калаа башчысы бул жерге 5 кабаттуу үйдөн бешөө салынып, 45 батир болорун белгиледи. Алар мэриянын "Тазалык", "Жашыл чарба" ишканаларында аз айлык алып иштегендерге, батирден батирге көчүп жүргөн жарандарга берилерин кошумчалаган. Кең-Сай Ош шаарындагы жаңы конуш болуп саналат. Мэр 14 жыл мурда бул жерге жаңы конуш салынсын деген өкмөттүн токтому чыгып, бирок долбоор соңуна чыкпай калганын айткан. "500 гектар жер бөлүнүп, мэрия үч миңден ашык үй курушу керек болчу. 14 жылдын ичинде бул жерге 87 гана үй курулган. Себеби бул жерде суу, электр жарыгы тартылган эмес, конушту салууга бөлүнгөн акча уурдалып, тонолуп кеткен", — деген Токторбаев. Конушка мектеп, бала бакча салынары да кошумчаланды.
Сузакта өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын жаңы имаратынын курулушу жыл аягында аяктайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Лабораторияны куруу үчүн 2017- жылы жер тилкеси бөлүнүп берилген. План боюнча курулуш иштери ушул жылдын аягында аяктайт. Дабораторияны курууга жалпы 67 млн 140,5 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу өкмөттун маалымат кызматынан маалымдашты. Билдирмеге ылайык, электр кубатын керектөө өсүп жаткандыктан, ага кошумча, жай айы кургакчыл болгондуктан ушул жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 млрд м³ аз экендиги айтылган. "Бүгүн өлкөнүн ички дүң продукциясы сегиз айдын жыйынтыгы менен бир триллиондон ашты, өсүү темпи 11,1 пайызды түздү. Ошол эле учурда консолидацияланган бюджеттин жылдык көрсөткүчү сегиз айдын жыйынтыгы менен толук аткарылды. Жылдын жыйынтыгы менен ал дагы триллиондук көрсөткүчтү басат. Мына ушундай өнүгүүлөрдө электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо – башкы милдетибиз. Энергетикада стратегиялык долбоорлорду баштадык, ошол эле учурда күнүмдүк жана тынымсыз көзөмөлдү талап кылган маселелер да бар", — деген Адылбек Касымалиев. Ошондой эле быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, төрт гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1440 мегаватты түзөрү айтылды. Анткен менен кеңешмеде Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы бар экенин белгилешкен. Буга байланыштуу Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган. Ош шаарынын Кең-Сай конушунда көп кабаттуу ипотекалык үйлөр салына баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Мэр Жеңишбек Токторбаев курулушту баштап берип, мезгил кутучасы салынды. Калаа башчысы бул жерге 5 кабаттуу үйдөн бешөө салынып, 45 батир болорун белгиледи. Алар мэриянын "Тазалык", "Жашыл чарба" ишканаларында аз айлык алып иштегендерге, батирден батирге көчүп жүргөн жарандарга берилерин кошумчалаган. Кең-Сай Ош шаарындагы жаңы конуш болуп саналат. Мэр 14 жыл мурда бул жерге жаңы конуш салынсын деген өкмөттүн токтому чыгып, бирок долбоор соңуна чыкпай калганын айткан. "500 гектар жер бөлүнүп, мэрия үч миңден ашык үй курушу керек болчу. 14 жылдын ичинде бул жерге 87 гана үй курулган. Себеби бул жерде суу, электр жарыгы тартылган эмес, конушту салууга бөлүнгөн акча уурдалып, тонолуп кеткен", — деген Токторбаев. Конушка мектеп, бала бакча салынары да кошумчаланды.Сузакта өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын жаңы имаратынын курулушу жыл аягында аяктайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Лабораторияны куруу үчүн 2017- жылы жер тилкеси бөлүнүп берилген. План боюнча курулуш иштери ушул жылдын аягында аяктайт. Дабораторияны курууга жалпы 67 млн 140,5 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/05/1096953824_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a02a3782eeb1637ddfe42302bfe0dee6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио