00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Жылдын мыкты мугалими" республикалык сынагынын баш байгесин жеңип алган Элзат Асановага Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирге сертификат тапшырды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады. Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Үмөталиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Министрлик, андан тышкары, ар бир предмет боюнча жеңүүчү аталган 10 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылганын билдирди. Сынактын республикалык этабы 22-24-сентябрда Бишкекте өтүп, ага 111 талапкер катышкан.
2026-жылды КМШда Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо демилгеси Тажикстандын Душанбе шаарында көтөрүлдү. Анда КМШ мамлекеттеринин Саламаттык сактоо боюнча кызматташтык кеңешинин 36-жыйыны өткөнүн тиешелүү министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара 2-3-октябрда болуп, ага министр Эркин Чечейбаев катышты. Жолугушууга КМШга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлери, тиешелүү мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишкен. Кеңеш — КМШ жарандарынын ден соолугун коргоо боюнча тажрыйба алмашуу, макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн негизги аянтча.Жолугушуунун жүрүшүндө баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо, жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү, санариптик технологияларды жана инновацияларды медициналык практикага киргизүү талкууланган. "Өзгөчө көңүл рак, кургак учук, кант диабети менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле 2026-жылды КМШда Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо демилгесине бурулду", — деп айтылат маалыматта. Жолугушууда Чечейбаев баштапкы медициналык жардамды реформалоонун жыйынтыктары жөнүндө баяндама жасаган. Кеңештин жыйынтыгында 2026-жылга карата иш-чаралар планы бекитилип, КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуусун мындан ары чыңдоого багытталган документтерге кол коюлган.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы жылытуу мезгилинин алдында карыз абоненттеринен кечиктирилген акчаны тез арада төлөөнү өтүндү. Бул тууралуу аталган ишкананын керектөөчүлөргө кайрылуусунда айтылган. Компания ошондой эле керектөөчүлөрдү көгүлтүр отту жакканы үчүн акыны кармабай, өз учурунда берүүгө чакырды. "Газпром Кыргызстандан" өзгөчө "акылдуу" эсептегичтерди колдонгон абоненттер кылдат болушу керектигин белгилешти. Эгерде газ карыз үчүн өчүрүлө турган болсо коопсуздук нормаларын сактоо үчүн аны кайра компаниянын адистери гана кошуп бере алат. Газ кайра керектөөчү билдирме бергенден кийинки үч жумуш күн ичинде кошулат. Газга карызыңыз бар экенин жаратылыш газы үчүн келген дүмүрчөктөн; "Газпром Кыргызстан" мобилдик тиркемеси аркылуу; gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен билсеңиз болору кошумчаланды.Мындан тышкары 4444 сурап билүү номерине чалып билсеңиз болот, мобилдик телефондон чалсыңыз да бекер. Ишкана карыздарды жана төлөмдөрдү компаниянын бардык филиалдарынан, ошондой эле "МБанк", "Оңой" жана "Бакай Банк" элекрондук системалары аркылуу төлөөгө болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0