https://sputnik.kg/20251004/adylbek-kasymaliev-ministrler-kabineti-ehlektr-ehnergiya-1096935070.html
Бийлик кыргызстандыктарды электр кубатын үнөмдөөгө чакырды
Бийлик кыргызстандыктарды электр кубатын үнөмдөөгө чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика... 04.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-04T10:46+0600
2025-10-04T10:46+0600
2025-10-05T12:33+0600
кыргызстан
адылбек касымалиев
министрлер кабинети
электр энергиясы
үнөмдөө
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/04/1096934752_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_0755bcc3db014b17fc8d8311982e0e90.jpg
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өткөргөн кеңешмеде айтканын өкмөттөн маалымдашты. Билдирмеге ылайык, кеңешмеде энергетикалык абал, энергетикалык ишканаларды кышка даярдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маселе каралган. Анда электр кубатын керектөө өсүп жаткандыктан, ага кошумча, жай айы кургакчыл болгондуктан ушул жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 млрд м³ аз экендиги айтылган. Ошондой эле быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, төрт гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1440 мегаватты түзөрү айтылды. Анткен менен кеңешмеде Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы бар экенин белгилешкен. Буга байланыштуу Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган.
https://sputnik.kg/20250924/kyshynda-zharyk-maal-maaly-menen-ochurulot-1096722612.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/04/1096934752_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_8cbe01a638998f733da758cd8ab9199e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, адылбек касымалиев, министрлер кабинети, электр энергиясы, үнөмдөө
кыргызстан, адылбек касымалиев, министрлер кабинети, электр энергиясы, үнөмдөө
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өткөргөн кеңешмеде айтканын өкмөттөн маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, кеңешмеде энергетикалык абал, энергетикалык ишканаларды кышка даярдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маселе каралган. Анда электр кубатын керектөө өсүп жаткандыктан, ага кошумча, жай айы кургакчыл болгондуктан ушул жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 млрд м³ аз экендиги айтылган.
"Бүгүн өлкөнүн ички дүң продукциясы сегиз айдын жыйынтыгы менен бир триллиондон ашты, өсүү темпи 11,1 пайызды түздү. Ошол эле учурда консолидацияланган бюджеттин жылдык көрсөткүчү сегиз айдын жыйынтыгы менен толук аткарылды. Жылдын жыйынтыгы менен ал дагы триллиондук көрсөткүчтү басат. Мына ушундай өнүгүүлөрдө электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо – башкы милдетибиз. Энергетикада стратегиялык долбоорлорду баштадык, ошол эле учурда күнүмдүк жана тынымсыз көзөмөлдү талап кылган маселелер да бар", — деген Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, төрт гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1440 мегаватты түзөрү айтылды. Анткен менен кеңешмеде Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы бар экенин белгилешкен. Буга байланыштуу Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган.