00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болот — Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Өлкөдө быйыл 8 айда айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмүнүн көлөмү 252 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, өсүү темпи 102,4 пайызга жетти. Ал эми кайра иштетүү өнөр жайында 68,7 млрд сомдук продукция чыгарылып, 144,4 пайыз өсүшкө жетти. Белгиленгендей, акыркы 2-3 жылда дыйкан-фермерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор өз жемишин бере баштады.
Кыргызстан Афганстанга кезектеги 130 тонна гумжардамды жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, азык-түлүк, жылуу кийим, оюнчуктар жана тиричиликке зарыл болгон оокаттар бар. Буга 6,8 млн сом бөлүнөрү айтылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары республика жалпы жонунан афган элине 360 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жөнөткөн.
Кыргызстандагы ири райондордун биринин мааракеси масштабдуу белгиленди 3-октябрда Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионунда Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Салтанат концерттик программа, театрлаштырылган көрүнүштөр жана маданий иш-чаралар менен коштолду. Район 1935-жыл 28-октябрда түптөлгөн, учурда карамагындагы айылдарды саны 116ге чукул. Район Алай кырка тоосунун түндүк кыркаларынын жана Кичи-Алай кырка тоосунун жарым жартылай курчоосундагы аймак. Өзбекстан менен чектешет. Калкынын саны соңку расмий маалыматтарда 370 963 экени айтылган.
ХАМАС барымтадагыларды бошотууга жана Газаны башкарууну өткөрүп берүүгө макул болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Палестин кыймылы АКШ президенти Дональд Трамптын планына макул болгону менен айрым пунктулар ортомчулар аркылуу талкууланарын белгиледи. Кыймыл курал-жарагын келечектеги палестин бийлигине өткөрүп берет. "ХАМАС барымтадагыларды бошотууга даяр жана бул маселени майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоо үчүн ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөрдү дароо баштоого макул", — деп айтылат кыймылдын маалыматында. Ошол эле учурда Трамптын планында камтылган башка маселелер анклавдын келечегине жана палестиналыктардын ажырагыс укуктарына тиешелүү экени баса белгиленди. Алар улуттук комплекстүү позициянын негизинде жана эл аралык укукка таянып каралары кошумчаланды. Бул маселелер жалпы палестиндик түзүмдүн алкагында талкууланат жана ага ХАМАС дагы катышат./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 76 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 5-октябрга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас аймагында +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көлдө +10...+15, Нарын өрөөнүндө +12...+17 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +19...+21 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0