https://sputnik.kg/20251004/1096939308.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты... 04.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-04T13:00+0600
2025-10-04T13:00+0600
2025-10-04T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/04/1096939142_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7cb6c6addb5ac0468c1279e340da1d47.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өткөргөн кеңешмеде айтканын өкмөттөн маалымдашты. Билдирмеге ылайык, кеңешмеде энергетикалык абал, энергетикалык ишканаларды кышка даярдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маселе каралган. Анда электр кубатын керектөө өсүп жаткандыктан, ага кошумча жай айы кургакчыл болгондуктан, ушул жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз экендиги айтылган.Анткени менен кеңешмеде Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы бар экенин белгилешкен. Буга байланыштуу Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер канчасына чейин арыз бериши керектигин, каттоо, үгүт иштери качан башталарын Sputnik агенттигине айтып берди. Ал арыздар 31-октябрга чейин кабыл алынарын билдирди. Андан кийин 10-ноябрга чейин талапкерлерди каттоо жүрөт. Үгүт иштери 10-ноябрда башталып, 29-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат. Бул убакыттан 30-ноябрга чейин "жымжырт күн" жарыяланат. Шайлоо участогуна келе албаган добуш берүүчүлөр арыздарын 28-ноябрга чейин жөнөтүшү керек. Шайлоо 30-ноябрда өтөт. Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоонун жыйынтыгын дароо көрсөтсө, расмий жыйынтык толугу менен 14-декабрга чейин чыгат.
Сокулукта кароосуз калган 795 гектар жерди жергиликтүү бийлик ижарага берип жүргөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башында "системалык каттоо" иштеринин алкагында сөз болуп жаткан жерлер Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилген. Бирок жер тилкелери расмий түрдө каттоодон өтпөй жана бөлүштүрүлгөн эмес, натыйжада формалдуу түрдө ээсиз калган."Тиешелүү укуктук негиздин жоктугуна карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыйырма жылдан бери жерлерди тургундарга расмий каттоого киргизбей жана төлөмдөрдү бюджетке түшүрбөй ижарага берип келишкен. Жүргүзүлгөн иш-чаралардан натыйжасында жер тилкелери расмий түрдө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Евробиримдик өлкөлөрүнүн көбү айтпаганы менен Венгриянын "Европа согушка бара жатат, жиберген аскерлердин көбүнүн өзү эмес, табыты келет" деген пикирине макул. Бул туурасында венгр премьер-министр Виктор Орбандын айтканын РИА Новости жазды. "Жабык өткөн талкуулардан улам өлкөлөрдүн көбү Венгриянын "акырындык менен согушка аралашып бара жатабыз, эртеби-кечпи, жаш аскерлерибиз табытта кайтат" деген пикирине макул. Бул кооптуулук чындыгында өсүүдө", — деген Орбан. Анын айтымында, Венгрияга европалык расмий жыйындарда кээде Словакия гана колдоо көрсөтөт, ал эми калгандары сындайт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өткөргөн кеңешмеде айтканын өкмөттөн маалымдашты. Билдирмеге ылайык, кеңешмеде энергетикалык абал, энергетикалык ишканаларды кышка даярдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маселе каралган. Анда электр кубатын керектөө өсүп жаткандыктан, ага кошумча жай айы кургакчыл болгондуктан, ушул жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз экендиги айтылган.Анткени менен кеңешмеде Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы бар экенин белгилешкен. Буга байланыштуу Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган.БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер канчасына чейин арыз бериши керектигин, каттоо, үгүт иштери качан башталарын Sputnik агенттигине айтып берди. Ал арыздар 31-октябрга чейин кабыл алынарын билдирди. Андан кийин 10-ноябрга чейин талапкерлерди каттоо жүрөт. Үгүт иштери 10-ноябрда башталып, 29-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат. Бул убакыттан 30-ноябрга чейин "жымжырт күн" жарыяланат. Шайлоо участогуна келе албаган добуш берүүчүлөр арыздарын 28-ноябрга чейин жөнөтүшү керек. Шайлоо 30-ноябрда өтөт. Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоонун жыйынтыгын дароо көрсөтсө, расмий жыйынтык толугу менен 14-декабрга чейин чыгат.Сокулукта кароосуз калган 795 гектар жерди жергиликтүү бийлик ижарага берип жүргөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башында "системалык каттоо" иштеринин алкагында сөз болуп жаткан жерлер Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилген. Бирок жер тилкелери расмий түрдө каттоодон өтпөй жана бөлүштүрүлгөн эмес, натыйжада формалдуу түрдө ээсиз калган."Тиешелүү укуктук негиздин жоктугуна карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыйырма жылдан бери жерлерди тургундарга расмий каттоого киргизбей жана төлөмдөрдү бюджетке түшүрбөй ижарага берип келишкен. Жүргүзүлгөн иш-чаралардан натыйжасында жер тилкелери расмий түрдө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта. Евробиримдик өлкөлөрүнүн көбү айтпаганы менен Венгриянын "Европа согушка бара жатат, жиберген аскерлердин көбүнүн өзү эмес, табыты келет" деген пикирине макул. Бул туурасында венгр премьер-министр Виктор Орбандын айтканын РИА Новости жазды. "Жабык өткөн талкуулардан улам өлкөлөрдүн көбү Венгриянын "акырындык менен согушка аралашып бара жатабыз, эртеби-кечпи, жаш аскерлерибиз табытта кайтат" деген пикирине макул. Бул кооптуулук чындыгында өсүүдө", — деген Орбан. Анын айтымында, Венгрияга европалык расмий жыйындарда кээде Словакия гана колдоо көрсөтөт, ал эми калгандары сындайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/04/1096939142_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a4791e1e580c09aa5e396b67c11c5ad0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио