https://sputnik.kg/20251002/talapkerler-shayloonun-chygymyn-ozu-kotorot-1096900989.html
Жапаров: мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт
Жапаров: мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөрүн президент Садыр Жапаров ноябрда өтчү парламенттик шайлоонун тегерегинде "Кабар"... 02.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-02T14:51+0600
2025-10-02T14:51+0600
2025-10-07T09:46+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
шайлоо
садыр жапаров
маек
акча
бюджет
жогорку кеңеш шайлоосу — 2025
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0a/1061119633_0:227:3083:1961_1920x0_80_0_0_c7c8bddbe261e2967991295181313688.jpg
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөрүн президент Садыр Жапаров ноябрда өтчү парламенттик шайлоонун тегерегинде "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты. Эске салсак, парламенттик шайлоо 30-ноябрда, жекшемби күнү, өтөт. 30 округдан 90 депутат Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Жалпы шайлоочулардын саны округдардын санына тең бөлүнөт. Өлкөдө 4,2 миллион шайлоочу болсо, ар бир округ үчүн орточо 140 миң шайлоочудан тиет. Бирок мыйзамда өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбегендиктен, округдагы шайлоочулардын санында 20 пайызга чейин айырмага уруксат бар. Мисалы, округдардагы шайлоочулардын орточо саны 100 миң деп эсептелсе, бир аймакта 80 миң, дагы биринде 120 миң шайлоочуга чейин болсо болот.
https://sputnik.kg/20251002/bshk-kyrgyzstandyn-30-okurugga-bolungon-kartasyn-zharyyalady-1096900073.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0a/1061119633_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_0a37213491111d493318f1d4609d20ff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, шайлоо, садыр жапаров, маек, акча, бюджет
кыргызстан, жогорку кеңеш, шайлоо, садыр жапаров, маек, акча, бюджет
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөрүн президент Садыр Жапаров ноябрда өтчү парламенттик шайлоонун тегерегинде "
Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.
"Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт. Элдин ар бир тыйынын үнөмдөп, сарамжалдуу колдонушубуз керек. Шайлоолорго кетип жаткан акчага жылына 10 мектептен салып жүрүп олтурсак, 30 жылда канча мектеп салсак болмок", — деген Жапаров.
Эске салсак, парламенттик шайлоо 30-ноябрда, жекшемби күнү, өтөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Жалпы шайлоочулардын саны округдардын санына тең бөлүнөт. Өлкөдө 4,2 миллион шайлоочу болсо, ар бир округ үчүн орточо 140 миң шайлоочудан тиет. Бирок мыйзамда өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбегендиктен, округдагы шайлоочулардын санында 20 пайызга чейин айырмага уруксат бар.
Мисалы, округдардагы шайлоочулардын орточо саны 100 миң деп эсептелсе, бир аймакта 80 миң, дагы биринде 120 миң шайлоочуга чейин болсо болот.