https://sputnik.kg/20251002/1096905771.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жапаров мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөрүн айтты Президентке "Кабар" агенттигинин журналисти 300 миң сом күрөө табуу мугалим, дарыгерлерге оор... 02.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-02T17:00+0600
2025-10-02T17:00+0600
2025-10-02T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/02/1096905604_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_202ba08d1c1ddbaddd911891ea8bd7a1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жапаров мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөрүн айтты Президентке "Кабар" агенттигинин журналисти 300 миң сом күрөө табуу мугалим, дарыгерлерге оор болору, бул акчалууларга жол ачары боюнча суроо узаткан. Өлкө башчы "мугалим, врачтар 300 миң сом таппайт" деген суу кечпеген кеп экенин айтып, кадыр-барктуу мугалим же врачты эл көтөрүп аларын белгилеген. Мурда күрөө 100 миң сом болуп, ал 5%дан өйдө добуш алгандарга кайтарылып келгенин эске салган. "Акаевдин мезгилинен бери күрөө — 100 миң сом. Андан бери канча заман өттү. Депутаттар 300 миң сомго көтөрүптүр, ал кайтарымсыз экен. Эми бул акча кайтарылбай, шайлоону уюштурууга жумшалат. Мурда бул чыгым элдин чөнтөгүнөн, тагыраагы, бюджеттен берилчү. Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Шайлоолорго кетип жаткан акчага жылына 10 мектептен салып жүрүп олтурсак, 30 жылда канча мектеп салсак болмок”, — деген Жапаров.
Улуттук банк кечээ интервенция жасап, валюта базарына 38 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жазылды. Бирок акча алмаштыруу жайларындагы долларды сатып алуу жана сатуу курсу өзгөргөн жок. Сатып алуу 87,3, сатуу 87,6 сом бойдон калды. Улуттук банк интервенцияны валюта рыногундагы чет элдик акчанын тартыштыгын толуктоо жана өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн негизги инструмент катары пайдаланат.
Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдө кордолуп өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмү боюнча айрым жагдайларды айтып берди. Ага ылайык, окуя мындай болгон: Өспүрүм Honda Stream машинасына саат 12:30дарда отурган. Кыздын туугандары милицияга кечинде кайрылып, аталган факт саат 20:30да каттоого алынган; Шектүүнүн автоунаасын "Коопсуз шаардын" камераларынын жардамы менен кийинки күнү Бишкектеги темир жолдун жээгинен табышкан. Машинаны жуудуруп койгон; Шектүүнүн өзүн Бишкектеги кичи райондордун биринен колго түшүрүшкөн. Ал сим-картасын ыргытып, кыздын телефонун сатып жибергенге жетишкен; Айсулуунун сөөгү Боом капчыгайындагы темир жол тараптан табылган. Аны чөп менен жаап койгон; Кармалган киши жакында Бишкекке которулуп, тергөө менен соту борбор калаада болот.
Владимир Зеленский менен анын Батыштагы демөөрчүлөрүнүн Украинада тынчтык орнотууга эрки жетпейт, Россия менен каршылашуу ниети күч. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. "Мунун баары Зеленскийдин, анын Батыштагы демөөрчүлөрүнүн жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө саясий эрки жетпей турганын далилдейт. Тынчтык тууралуу эмне дешпесин, багыты айкын — Россия менен тирешүүнү улантуу", — деди Захарова. ТИМ өкүлү, мындан тышкары, Киев режими атайын операциянын жүрүшүндө Россия тарап уурдап кетти деген балдарды издебегенин, Зеленский эч кандай далили жок туруп "балдар картасын ойноп" жатканын белгиледи. "Он миңдеген украиналык бала тууралуу айтып жатышат. Анда эмне үчүн ушу кезге чейин эч кандай маалымат беришпейт? Издеп жатабыз деген балдардын маалыматтарын неге ачыкташпайт? Айтышпайт, анткени бул жөн гана оюн", — деди Захарова.
Жапаров мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөрүн айтты Президентке "Кабар" агенттигинин журналисти 300 миң сом күрөө табуу мугалим, дарыгерлерге оор болору, бул акчалууларга жол ачары боюнча суроо узаткан. Өлкө башчы "мугалим, врачтар 300 миң сом таппайт" деген суу кечпеген кеп экенин айтып, кадыр-барктуу мугалим же врачты эл көтөрүп аларын белгилеген. Мурда күрөө 100 миң сом болуп, ал 5%дан өйдө добуш алгандарга кайтарылып келгенин эске салган. "Акаевдин мезгилинен бери күрөө — 100 миң сом. Андан бери канча заман өттү. Депутаттар 300 миң сомго көтөрүптүр, ал кайтарымсыз экен. Эми бул акча кайтарылбай, шайлоону уюштурууга жумшалат. Мурда бул чыгым элдин чөнтөгүнөн, тагыраагы, бюджеттен берилчү. Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Шайлоолорго кетип жаткан акчага жылына 10 мектептен салып жүрүп олтурсак, 30 жылда канча мектеп салсак болмок”, — деген Жапаров.Улуттук банк кечээ интервенция жасап, валюта базарына 38 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жазылды. Бирок акча алмаштыруу жайларындагы долларды сатып алуу жана сатуу курсу өзгөргөн жок. Сатып алуу 87,3, сатуу 87,6 сом бойдон калды. Улуттук банк интервенцияны валюта рыногундагы чет элдик акчанын тартыштыгын толуктоо жана өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн негизги инструмент катары пайдаланат. Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдө кордолуп өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмү боюнча айрым жагдайларды айтып берди. Ага ылайык, окуя мындай болгон: Өспүрүм Honda Stream машинасына саат 12:30дарда отурган. Кыздын туугандары милицияга кечинде кайрылып, аталган факт саат 20:30да каттоого алынган; Шектүүнүн автоунаасын "Коопсуз шаардын" камераларынын жардамы менен кийинки күнү Бишкектеги темир жолдун жээгинен табышкан. Машинаны жуудуруп койгон; Шектүүнүн өзүн Бишкектеги кичи райондордун биринен колго түшүрүшкөн. Ал сим-картасын ыргытып, кыздын телефонун сатып жибергенге жетишкен; Айсулуунун сөөгү Боом капчыгайындагы темир жол тараптан табылган. Аны чөп менен жаап койгон; Кармалган киши жакында Бишкекке которулуп, тергөө менен соту борбор калаада болот.Владимир Зеленский менен анын Батыштагы демөөрчүлөрүнүн Украинада тынчтык орнотууга эрки жетпейт, Россия менен каршылашуу ниети күч. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. "Мунун баары Зеленскийдин, анын Батыштагы демөөрчүлөрүнүн жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө саясий эрки жетпей турганын далилдейт. Тынчтык тууралуу эмне дешпесин, багыты айкын — Россия менен тирешүүнү улантуу", — деди Захарова. ТИМ өкүлү, мындан тышкары, Киев режими атайын операциянын жүрүшүндө Россия тарап уурдап кетти деген балдарды издебегенин, Зеленский эч кандай далили жок туруп "балдар картасын ойноп" жатканын белгиледи. "Он миңдеген украиналык бала тууралуу айтып жатышат. Анда эмне үчүн ушу кезге чейин эч кандай маалымат беришпейт? Издеп жатабыз деген балдардын маалыматтарын неге ачыкташпайт? Айтышпайт, анткени бул жөн гана оюн", — деди Захарова.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/02/1096905604_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c29b0d344ea4448cda7286439d728fb5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио