00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Будь в курсе
Мошенники ушли в интернет: как кыргызстанцев обманывают в мессенджерах
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл Ала-Арча паркында айнек көпүрө, мечит, спорт комплекс курулат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жаңы ыкмалар колдонулат — функционалдык сабаттуулук, STEM, санариптик көндүмдөр
11:04
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөрүн президент Садыр Жапаров ноябрда өтчү парламенттик шайлоонун тегерегинде "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты. "Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт. Элдин ар бир тыйынын үнөмдөп, сарамжалдуу колдонушубуз керек. Шайлоолорго кетип жаткан акчага жылына 10 мектептен салып жүрүп олтурсак, 30 жылда канча мектеп салсак болмок", — деген Жапаров. Эске салсак, парламенттик шайлоо 30-ноябрда, жекшемби күнү, өтөт.
Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргызстандын округдарга бөлүнгөн картасын жарыялады. Картада кезексиз парламенттик шайлоого карата республиканын кандайча бөлүнгөнү көрсөтүлгөн. Бирок БШКнын картасы бардык округдарды камтыган эмес, мисалы, анда Бишкек жок.Комиссия кечээ 30 шайлоо округунун схемасын жана чегин бекиткен. Бишкекте төрт округ болот. Жалпы шайлоочулардын саны 540,3 миң кишини түзөрү айтылды. Округдун ар биринде добуш берүүгө укуктуу 130 миңден шайлоочу катталган. Ал эми жалпы өлкө боюнча шайлоочулардын саны 4,2 миллионду түзөт. Шайлоо округдарынын толук тизмеси менен ушул жерден таанышууга болот. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров кезексиз парламенттик шайлоону 30-ноябрда өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Жашы жете элек өспүрүмгө карата жасалган кылмыш тууралуу жалган маалымат таратты делген Сыймык Нарынбек уулуна кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдө изделип, сөөгү Кеминден табылган 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын агасы болом деп жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берген Нарынбек уулу кыздын бир тууганы эмес экени аныкталган. "Укук коргоо органдары аталган жарандын окуянын жагдайлары тууралуу так маалыматы жок экендигин аныкташкан. Ал ойдон чыгарылган маалыматтарды таратуу менен коомчулукту адаштырып, коомдогу чыңалууну күчөткөн. Өзүнүн айтуусунда, мындай аракетти социалдык тармактарда көңүл бурдуруу жана жазылуучулардын санын көбөйтүү максатында жасаган", — деди ИИМ. Факт боюнча кылмыш иши козголду. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
АКШ Украинага Россиянын түпкүрүнө чабуул коюу үчүн Чалгын кызматынын маалыматтарын берет. Бул туурасында Wall Street Journal өзүнүн маалымат берген адамдарына таянып жазды. "Россиянын энергетикалык инфраструктурасынын объектилерине алыска атылуучу куралдар менен чабуул жасоо үчүн АКШ Украинага Чалгын кызматынын маалыматтарын берет. Президент Трамп Пентагон менен чалгындоо агенттиктерине чабуул коюу жагынан Киевге жардамдашуу боюнча уруксат берген документке кол койду", — деп айтылат маалыматта. Газета жазгандай, АКШ өкмөтү НАТОнун өлкөлөрүнөн да ушундай эле колдоо көрсөтүүнү суранууда. Мындан тышкары, АКШ администрациясы Украинага 800 чакырымга чейинки аралыкка атылуучу Tomahawk, Barracuda жана башка ракеталарды берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Вашингтон азырынча булардын кайсынысына уруксат берилерин так чече элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0