https://sputnik.kg/20251001/1096872410.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу сунушталууда. Тиешелүү демилге ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына илинди. Аны... 01.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-01T13:00+0600
2025-10-01T13:00+0600
2025-10-01T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/01/1096872243_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_335ae2e6841fb13b498481dfda8646e5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу сунушталууда. Тиешелүү демилге ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына илинди. Аны жарандык коом сунуштаган. Демилгеде Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, мыкаачылык менен киши өлтүргөндөргө, жашы жете электерди өлтүргөндөргө, ошондой эле зордуктоо же башка жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракеттери менен коштолгон киши өлтүрүү үчүн өлүм жазасын киргизүү сунушталган. "Бул жаза соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден жана бардык соттук инстанциядан өткөндөн кийин гана колдонулат. Ошондой эле аялдар жана жашы жете электер өлүм жазасына тартылбайт. Мындай сунушту киргизүүгө жашы жете электерди зордуктоо, мыкаачылык менен өлтүрүү фактыларынын көбөйүшү себеп болду", — деп айтылат документте. Конституция боюнча, Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга тыюу салынган. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн референдум өткөрүү керек. 2022-жылы депутаттар тобу өлүм жазасын кайтарууну сунуштап, бирок өкмөт каршы чыккан.
Ысык-Көлдө изделип, сөөгү Кеминден табылган 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын бир тууганы болом деп жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берип, коомчулукка туура эмес маалымат тараткан киши аныкталып, милицияга алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Буга чейин аймактык милиция кызматкери "жашы жете элек кызды издөө үч күндөн кийин гана башталарын" айтканы коомчулукта талкуу жаратып, мекеме кызматкердин мындай аракетине ички иликтөө дайындаган. "Териштирүүнүн жүрүшүндө мындай маалыматты тараткан 23 жаштагы Нарынбек уулу Сыймык аттуу жаран болуп чыкты. Анын маркумга эч кандай туугандык байланышы жок. Буга чейин уурулук жана алдамчылык жасоого шектелип, жоопкерчиликке тартылган. Кылмыш тууралуу ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, коомчулукту адаштырып, чыңалууну күчөткөн", — деп айтылат билдирүүдө.Нарынбек уулу Сыймык Ысык-Көл облустук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген. Анын аракеттерине укуктук баа берилери айтылды. Өзү катталуучу топтоо үчүн дал ушундай кадамга барганын билдирген.
АКШнын шатдауну Киевге берилчү аскердик жардамды кыскартып, жөнөтчү куралдардын агымын токтотот. Бул туурасында Украинанын экс-президенти Леонид Кучманын мурдагы кеңешчиси Олег Соскин YouTube-каналдагы эфир учурунда айткан. "Мындай алып караганда, муну апаат десек болот. Зеленский да, анын айланасындагылар да эч нерсе кыла албайт. Тегерегиндегилердин баары АКШга көз каранды, ошондуктан Американын азыркы башаламан абалы оор мезгилди алып келет", — деди ал. Эксперттин айтымында, Зеленскийдин америкалыктардын арасында колдоосу ансыз деле аз. Ал эми шатдаун Киев менен Вашингтондун мамилесин үзүшү да мүмкүн.АКШ Сенаты шейшембиде эки партиядан каржылоону улантуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл ала алган эмес. Мындан соң Ак үй өкмөттүк мекемелерге ишти токтото туруу боюнча эскертүү жазган.
Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу сунушталууда. Тиешелүү демилге ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына илинди. Аны жарандык коом сунуштаган. Демилгеде Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, мыкаачылык менен киши өлтүргөндөргө, жашы жете электерди өлтүргөндөргө, ошондой эле зордуктоо же башка жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракеттери менен коштолгон киши өлтүрүү үчүн өлүм жазасын киргизүү сунушталган. "Бул жаза соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден жана бардык соттук инстанциядан өткөндөн кийин гана колдонулат. Ошондой эле аялдар жана жашы жете электер өлүм жазасына тартылбайт. Мындай сунушту киргизүүгө жашы жете электерди зордуктоо, мыкаачылык менен өлтүрүү фактыларынын көбөйүшү себеп болду", — деп айтылат документте. Конституция боюнча, Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга тыюу салынган. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн референдум өткөрүү керек. 2022-жылы депутаттар тобу өлүм жазасын кайтарууну сунуштап, бирок өкмөт каршы чыккан.Ысык-Көлдө изделип, сөөгү Кеминден табылган 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын бир тууганы болом деп жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берип, коомчулукка туура эмес маалымат тараткан киши аныкталып, милицияга алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Буга чейин аймактык милиция кызматкери "жашы жете элек кызды издөө үч күндөн кийин гана башталарын" айтканы коомчулукта талкуу жаратып, мекеме кызматкердин мындай аракетине ички иликтөө дайындаган. "Териштирүүнүн жүрүшүндө мындай маалыматты тараткан 23 жаштагы Нарынбек уулу Сыймык аттуу жаран болуп чыкты. Анын маркумга эч кандай туугандык байланышы жок. Буга чейин уурулук жана алдамчылык жасоого шектелип, жоопкерчиликке тартылган. Кылмыш тууралуу ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, коомчулукту адаштырып, чыңалууну күчөткөн", — деп айтылат билдирүүдө.Нарынбек уулу Сыймык Ысык-Көл облустук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген. Анын аракеттерине укуктук баа берилери айтылды. Өзү катталуучу топтоо үчүн дал ушундай кадамга барганын билдирген.АКШнын шатдауну Киевге берилчү аскердик жардамды кыскартып, жөнөтчү куралдардын агымын токтотот. Бул туурасында Украинанын экс-президенти Леонид Кучманын мурдагы кеңешчиси Олег Соскин YouTube-каналдагы эфир учурунда айткан. "Мындай алып караганда, муну апаат десек болот. Зеленский да, анын айланасындагылар да эч нерсе кыла албайт. Тегерегиндегилердин баары АКШга көз каранды, ошондуктан Американын азыркы башаламан абалы оор мезгилди алып келет", — деди ал. Эксперттин айтымында, Зеленскийдин америкалыктардын арасында колдоосу ансыз деле аз. Ал эми шатдаун Киев менен Вашингтондун мамилесин үзүшү да мүмкүн.АКШ Сенаты шейшембиде эки партиядан каржылоону улантуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл ала алган эмес. Мындан соң Ак үй өкмөттүк мекемелерге ишти токтото туруу боюнча эскертүү жазган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/01/1096872243_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6e6aec3f79e22b53201d33c88e8a6345.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио