https://sputnik.kg/20250930/1096861611.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу текшерилүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдириштию... 30.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-30T18:59+0600
2025-09-30T18:59+0600
2025-09-30T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096861445_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_32f7401d31b5e4ed7674d554bfd3013d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу текшерилүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдириштию Министрликтин кызматкерлери бул ирет борбор калаанын Байтик Баатыр көчөсү 1е дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексин текшерди. Иш-чарага Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директорунун орун басары Адилет Тойчубеков катышты. Текшерүү учурунда көчмө лабораториянын адистери объектидеги бетондун сапатына карата тиешелүү сыноолорду өткөрдү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча курулуш материалдарынын ченемдик талаптарга шайкештиги тууралуу корутундулар берилет.
Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов акын, котормочу жана драматург Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Алыкул – Ата Журттун акыны” аттуу эл аралык поэзия фестивалынын ачылышына катышты. Иманкулов фестивалды ачып жатып, бул кыргыз адабияты үчүн гана эмес, жалпы түрк дүйнөсү үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген акындар, жазуучулар жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты. Фестивалдын жүрүшүндө поэзия кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий конференциялар камтылган, алардын алкагында лирикалык чыгармалары жана сөзгө чебердиги менен таанылган Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы талкууланды.
Кыргызстандын бардык мамлекеттик музейлеринде 1-октябрдан 30-октябрга чейин "Ачык эшиктердин бир айлыгы" өтүп, акысыз кирүүгө болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Иш-чара президенттин руханий адеп-ахлактык өнүгүү, улуттук наркты даңазалоо жана тарыхый мураска болгон кызыгууну арттыруу боюнча жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле өлкөдө алгачкы музейдин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп жатат. Долбоордун алкагында атайын экскурсиялык маршруттар, тарыхый жана маданий багыттагы экскурсиялар, лекциялар жана мастер-класстар өтөт.
Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразиялык экономикалык биримдик таянып иштеген принциптерди тизмектеди. Ушу тапта Беларустун баш калаасы Минскиде ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлери жыйын өткөрүүдө. Мишустин өз сөзүндө РФ президентинин буга чейинки айткандарын эске салды. "РФ президенти жаңы көп уюлдуу дүйнөдө кызматташуу тең укуктуулук жана адилеттүүлүктүн негизинде жүрүшү керектигин белгилеген. ЕАЭБде биз дал ушул принцип менен иштеп жатабыз, бири-бирибиздин кызыкчылыгыбызды урматтайбыз. Келечектеги ийгиликтердин кепилдиги ушул", — деди РФ премьер-министри.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта:
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу текшерилүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдириштию Министрликтин кызматкерлери бул ирет борбор калаанын Байтик Баатыр көчөсү 1е дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексин текшерди. Иш-чарага Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директорунун орун басары Адилет Тойчубеков катышты. Текшерүү учурунда көчмө лабораториянын адистери объектидеги бетондун сапатына карата тиешелүү сыноолорду өткөрдү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча курулуш материалдарынын ченемдик талаптарга шайкештиги тууралуу корутундулар берилет.Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов акын, котормочу жана драматург Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Алыкул – Ата Журттун акыны” аттуу эл аралык поэзия фестивалынын ачылышына катышты. Иманкулов фестивалды ачып жатып, бул кыргыз адабияты үчүн гана эмес, жалпы түрк дүйнөсү үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген акындар, жазуучулар жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты. Фестивалдын жүрүшүндө поэзия кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий конференциялар камтылган, алардын алкагында лирикалык чыгармалары жана сөзгө чебердиги менен таанылган Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы талкууланды.Кыргызстандын бардык мамлекеттик музейлеринде 1-октябрдан 30-октябрга чейин "Ачык эшиктердин бир айлыгы" өтүп, акысыз кирүүгө болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Иш-чара президенттин руханий адеп-ахлактык өнүгүү, улуттук наркты даңазалоо жана тарыхый мураска болгон кызыгууну арттыруу боюнча жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле өлкөдө алгачкы музейдин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп жатат. Долбоордун алкагында атайын экскурсиялык маршруттар, тарыхый жана маданий багыттагы экскурсиялар, лекциялар жана мастер-класстар өтөт. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразиялык экономикалык биримдик таянып иштеген принциптерди тизмектеди. Ушу тапта Беларустун баш калаасы Минскиде ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлери жыйын өткөрүүдө. Мишустин өз сөзүндө РФ президентинин буга чейинки айткандарын эске салды. "РФ президенти жаңы көп уюлдуу дүйнөдө кызматташуу тең укуктуулук жана адилеттүүлүктүн негизинде жүрүшү керектигин белгилеген. ЕАЭБде биз дал ушул принцип менен иштеп жатабыз, бири-бирибиздин кызыкчылыгыбызды урматтайбыз. Келечектеги ийгиликтердин кепилдиги ушул", — деди РФ премьер-министри. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096861445_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_00c87bce3b7523e58df3c77256183a18.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио