https://sputnik.kg/20250930/1096856626.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Беларустун Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы долбоорлорун ишке ашыруу ниети бар экенин аталган республиканын жетекчиси Александр Лукашенко минкаб төрагасы... 30.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-30T17:00+0600
2025-09-30T17:00+0600
2025-09-30T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096856460_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_be676f559927fd0ca43ca59be544696a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Беларустун Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы долбоорлорун ишке ашыруу ниети бар экенин аталган республиканын жетекчиси Александр Лукашенко минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолукканда айтты. "Биз мурдагы келишимдер жана Советтер Союзунан бери келе жаткан долбоорлор боюнча иштөөгө даярбыз. Силердин долбооруңарга катышууга кызыкдарбыз. Өзгөчө, тоо-кен тармагына көңүл буруп жатабыз", — деди ал.Ал эки өлкө соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүүгө тийиш экенин белгиледи."Мен так датаны белгилеп айтпай эле коеюн. Эгер 2030-жылга чейин жетишсек, абдан жакшы болот. Муну кыла алабыз да, жасашыбыз керек", — деп белгилеген президент. 28-сентябрда башталган расмий сапардын алкагында Касымалиев Беларустун премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир катар макулдашуулар болгон.
Евразиялык экономикалык биримдик ар бир жаран ээн-эркин жүрүп, иштеп, билим ала турган уюмга айланышы керек. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында билдирди. Эскерте кетсек, иш-чара Беларустун баш калаасы Минскиде өтүп жатат.Минкаб башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринин жараны башка мамлекетте иштесе үй-бүлөсү жанында болорун айтып, аларга колдон келишинче жакшы шарт түзүп берүүгө аракет кылуу керектигин белгилеген."Ошол эле учурда үй-бүлөлүк байланыш бузулбай, биримдиктеги жумушчу күчтүн агымынын кыскарышына алып келбеш үчүн улуттук мыйзамдардын ченемдерин белгилөө маселелерине кылдаттык менен мамиле кылган оң. Жарандарыбыз биримдиктин кайсы гана өлкөсүндө болбосун, алардын жакшы иштеши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек", — деген ал.
Кытайдагы майрамдарга байланыштуу "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Ага ылайык, убактылуу чектөө 1-3-октябрь жана 6-октябрь күндөрү болот. "Ал эми 4-5-октябрь күндөрү жүк ташуучу транспорт каражаттарын жана товарларды тариздөө, өткөрүү процедуралары гана жүргүзүлөт. Бул күндөрү жеке жактар өтө албайт", — деп айтылат маалыматта. Жогоруда аталган көзөмөл-өткөрүү пунктулары 7-октябрдан тарта штаттык режимде иштеп баштайт. Чек ара жабылган күндөрү Кытайда өлкөнүн түзүлгөн күнү жана Күз майрамы белгиленет.
Бишкек шаарында "Евразия" социалдык дүкөнүнүн үчүнчүсү ачылганын "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунан билдиришти. Дүкөн Акматбек Сүйүмбаев көчөсү, 17 дарегинде, Москва көчөсү менен кесилишкен жерде жайгашкан. "Евразия Кыргызстандын" аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулованын айтымында, суроо-талап жогору болгондуктан социалдык дүкөндөрдү ачуу мындан ары да улана бермекчи. "Биздин уюм калктын аялуу катмарын колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда. "Евразия" социалдык дүкөндөрү — ошонун бири. Анда керектүү азык-түлүктү жана товарларды арзан сатып алууга болот. Калктын аялуу катмарына карата жеңилдик кылуу — биздин негизги артыкчылык", — деди Урумкулова."Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүп, салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууну максат кылат.
Беларустун Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы долбоорлорун ишке ашыруу ниети бар экенин аталган республиканын жетекчиси Александр Лукашенко минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолукканда айтты. "Биз мурдагы келишимдер жана Советтер Союзунан бери келе жаткан долбоорлор боюнча иштөөгө даярбыз. Силердин долбооруңарга катышууга кызыкдарбыз. Өзгөчө, тоо-кен тармагына көңүл буруп жатабыз", — деди ал.Ал эки өлкө соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүүгө тийиш экенин белгиледи."Мен так датаны белгилеп айтпай эле коеюн. Эгер 2030-жылга чейин жетишсек, абдан жакшы болот. Муну кыла алабыз да, жасашыбыз керек", — деп белгилеген президент. 28-сентябрда башталган расмий сапардын алкагында Касымалиев Беларустун премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир катар макулдашуулар болгон. Евразиялык экономикалык биримдик ар бир жаран ээн-эркин жүрүп, иштеп, билим ала турган уюмга айланышы керек. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында билдирди. Эскерте кетсек, иш-чара Беларустун баш калаасы Минскиде өтүп жатат.Минкаб башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринин жараны башка мамлекетте иштесе үй-бүлөсү жанында болорун айтып, аларга колдон келишинче жакшы шарт түзүп берүүгө аракет кылуу керектигин белгилеген."Ошол эле учурда үй-бүлөлүк байланыш бузулбай, биримдиктеги жумушчу күчтүн агымынын кыскарышына алып келбеш үчүн улуттук мыйзамдардын ченемдерин белгилөө маселелерине кылдаттык менен мамиле кылган оң. Жарандарыбыз биримдиктин кайсы гана өлкөсүндө болбосун, алардын жакшы иштеши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек", — деген ал.Кытайдагы майрамдарга байланыштуу "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Ага ылайык, убактылуу чектөө 1-3-октябрь жана 6-октябрь күндөрү болот. "Ал эми 4-5-октябрь күндөрү жүк ташуучу транспорт каражаттарын жана товарларды тариздөө, өткөрүү процедуралары гана жүргүзүлөт. Бул күндөрү жеке жактар өтө албайт", — деп айтылат маалыматта. Жогоруда аталган көзөмөл-өткөрүү пунктулары 7-октябрдан тарта штаттык режимде иштеп баштайт. Чек ара жабылган күндөрү Кытайда өлкөнүн түзүлгөн күнү жана Күз майрамы белгиленет.Бишкек шаарында "Евразия" социалдык дүкөнүнүн үчүнчүсү ачылганын "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунан билдиришти. Дүкөн Акматбек Сүйүмбаев көчөсү, 17 дарегинде, Москва көчөсү менен кесилишкен жерде жайгашкан. "Евразия Кыргызстандын" аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулованын айтымында, суроо-талап жогору болгондуктан социалдык дүкөндөрдү ачуу мындан ары да улана бермекчи. "Биздин уюм калктын аялуу катмарын колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда. "Евразия" социалдык дүкөндөрү — ошонун бири. Анда керектүү азык-түлүктү жана товарларды арзан сатып алууга болот. Калктын аялуу катмарына карата жеңилдик кылуу — биздин негизги артыкчылык", — деди Урумкулова."Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүп, салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууну максат кылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096856460_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b00a04361fd60dd686e4d5cd3313e603.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио