00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү: Манасты жайылтуу аракеттери жетиштүүбү?
13:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда 1-октябрдан баштап 30-декабрга чейин көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн максималдуу баасын аныктап, көзөмөл жүргүзөт. Мөөнөт базардагы абалга жараша узартылышы мүмкүн. Буга чейин Кара-Кечеден көмүрдүн тоннасы 2460 сомдон сатылары белгиленген.
Бишкек мэриясы жыл сайын 100 чакырым жол оңдоо максатын койду. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди. Ага окуу жылы башталганга чейин эле жолдорду оңдоп коюуга болбойт беле деген суроо узатылган. Анын айтымында, 15-ноябрга чейин иш соңуна чыгат. Чоң жолдордон Лев Толстой менен Дэн Сяопин гана калды. Бүгүн Лев Толстой толугу менен ачылса, эки жумадан кийин Дэн Сяопин проспекти ишке берилет. "Келерки жылы Шабдан баатыр, Анкара, Фучик, Лев Толстой көчөлөрүнө көпүрөлөрдү куруу пландалууда. Мындан тышкары, Ауэзов көчөсүнүн Жибек Жолунан Түштүк магистралга чейинки бөлүгү алты тилкелүү болот", — деди Алиев.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Түп районундагы жылдын төрт мезгилинде тең иштей турган "Каркыра" туристтик комплексин куруунун экинчи этабын каржылоо тууралуу келишимге кол койду. Долбоор заманга бап келген туристтик инфраструктураны түптөө максатында түзүлдү. "Каркыра" долбоорунда кооз капчыгайда заманбап коттедждери, рестораны бар борборду түзүү каралган. Биринчи этапта долбоордун демилгечиси өз каражатынын эсебинен бир нече объектини курган. РКӨФтүн каражаты комплексти кеңейтүүгө багытталат. Тагыраагы, ал акчага бассейн курулуп, коттедждер эмерек менен жабдылып, аймак мындан ары көрктөндүрүлмөкчү. РКӨФ жетекчиси Артем Новиков алар бөлө турган 800 миң доллар инфраструктураны кеңейтүүгө, туристтик жайларды жаңылоого жана эс алуучулар үчүн жайларды салууга жумшаларын айтты. "Кыргызстан тейлөөсү тартипке салынган, иреттүү туризмге өтүп жатат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча анын үлүшү экономикада 10 пайызга өсүп, жалпы 65 пайызды түздү. Бул курорт Ысык-Көл облусунун аймагында ири тоо-лыжа кластерин ишке ашыруунун маанилүү элементи болуп калат. Биз жөн гана өзүнчө бир объектиге эмес, туристтик толук экосистеманы түзүүгө инвестиция салып жатабыз", — деди Новиков. РКӨФтөн экинчи этаптын ишке ашырылышы туристтердин санын көбөйтүп, аймак үчүн байкаларлык социалдык-экономикалык таасир берерин айтышты. Жаңы жумуш орундар түзүлөт, Түп районунун инвестицияга ыңайлуулугу жогорулайт.
Венгр премьер-министри Виктор Орбан АКШ президенти Дональд Трамптын Украина мурдагы аймактарын кайтарып алышы мүмкүн дегенине үн катып, Россия кармашта жеңгенин жана бул жааттагы кеп-сөз токтошу керектигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.Мурдараак, БУУнун Башкы Ассамблеясында Трамп Владимир Зеленский менен жолуккандан кийин ЕБдин көмөгү менен "Украина өзүнүн аймагын баштапкы түрүндө кайтарып алышы мүмкүндүгүн жана андан ары да баруу ыктымалдыгын" айткан эле.Зеленский көп өтпөй буга таң калгандыгын билдирген. Трамп муну менен катар эле Украинанын кыймылга келишине мезгил жеткенин да кошумчалаган."Американын президенти бул жаатта пикиримди сураган. Мен согуштун жыйынтыгы белгилүү болуп, чечилип калганын, орустар жеңгенин айттым. Бул маселеге чекит коюлган", — деген Орбан телеканалдагы программанын жүрүшүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0