https://sputnik.kg/20250928/gutsul-moldovadagy-shayloodo-elge-kayryldy-1096798623.html
"Жок" дешибиз керек". Гуцул Молдовадагы бүгүнкү шайлоодо элге кайрылды
"Жок" дешибиз керек". Гуцул Молдовадагы бүгүнкү шайлоодо элге кайрылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Гагауз башчысы Евгения Гуцул Молдовадагы парламенттик шайлоодо кулдай кылып сырттан башкарууга каршы добуш берүүгө чакырды. Бул... 28.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-28T13:50+0600
2025-09-28T13:50+0600
2025-09-28T14:05+0600
дүйнөдө
молдова
парламенттик шайлоо
евгения гуцул
добуш берүү
https://sputnik.kg/img/07e9/08/08/1095777126_0:99:2915:1739_1920x0_80_0_0_68a0762d7bae30c5c540f76e8860f2fa.jpg
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Гагауз башчысы Евгения Гуцул Молдовадагы парламенттик шайлоодо кулдай кылып сырттан башкарууга каршы добуш берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Молдовада бүгүн шайлоо болуп жатат. Элдин үчтөн бири келсе бул саясий жараян өттү деп эсептелмекчи. Өлкөнүн башчылары оппозицияны бийликке жеткирбөө үчүн ар кандай ыкмаларды колдонгон. Мисалы, добуш берүүдөн бир күн мурда БШК ("Сердце Молдовы") оппозициялык партияны тизмеден чыгарган. Ошондой эле бийлик РФ жана Приднестровьедеги шайлоо тилкелеринин санын кыскартып, жарандардын оппозицияга добуш бере албай калышына аракеттенген. Ал эми Европа тарапта алардын санын кескин көбөйткөн. Парламентке өтүү укугу үчүн 23 тарап күрөшүүгө даяр. Алар: 15 партия, төрт блок жана көз каранды эмес төрт талапкер. Парламентте 101 орун бар. Көз каранды эмес талапкерлер парламентке баруу үчүн добуштардын 2 пайыздык босогосунан өтүү керек, партияларга — 5, блокторго 7 пайыздык босого каралган.
https://sputnik.kg/20250923/yeb-moldovaga-asker-kirgizuugo-niyettenuudo-1096703727.html
молдова
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/08/1095777126_114:0:2845:2048_1920x0_80_0_0_40778a846c476882b999ea4a6cf7fb45.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, молдова, парламенттик шайлоо, евгения гуцул, добуш берүү
дүйнөдө, молдова, парламенттик шайлоо, евгения гуцул, добуш берүү
"Жок" дешибиз керек". Гуцул Молдовадагы бүгүнкү шайлоодо элге кайрылды
13:50 28.09.2025 (Жаңыртылды: 14:05 28.09.2025) БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Гагауз башчысы Евгения Гуцул Молдовадагы парламенттик шайлоодо кулдай кылып сырттан башкарууга каршы добуш берүүгө чакырды. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Молдовада бүгүн шайлоо болуп жатат. Элдин үчтөн бири келсе бул саясий жараян өттү деп эсептелмекчи.
"Биз кулдай кылып сырттан башкарууга, кийинки муундардын колу-бутун байлап кое турган түбү жок насыяларга, өлкөбүздү башка согуштарга тарткан милитаризацияга катуу эле "жок" деп айтышыбыз керек. Биздин добуш — биздин тынчтыгыбыз, эркиндигибиз, эгемендүүлүгүбүз", — деп жазган Евгения Гуцул.
Өлкөнүн башчылары оппозицияны бийликке жеткирбөө үчүн ар кандай ыкмаларды колдонгон. Мисалы, добуш берүүдөн бир күн мурда БШК ("Сердце Молдовы") оппозициялык партияны тизмеден чыгарган. Ошондой эле бийлик РФ жана Приднестровьедеги шайлоо тилкелеринин санын кыскартып, жарандардын оппозицияга добуш бере албай калышына аракеттенген. Ал эми Европа тарапта алардын санын кескин көбөйткөн.
Парламентке өтүү укугу үчүн 23 тарап күрөшүүгө даяр. Алар: 15 партия, төрт блок жана көз каранды эмес төрт талапкер. Парламентте 101 орун бар. Көз каранды эмес талапкерлер парламентке баруу үчүн добуштардын 2 пайыздык босогосунан өтүү керек, партияларга — 5, блокторго 7 пайыздык босого каралган.