Бишкекте билингвалдуу билим берүү боюнча эл аралык форум ишин баштады
Бишкекте билингвалдуу билим берүү боюнча эл аралык форум ишин баштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинде "Билингвалдуу билим берүү: глобалдуу чакырыктар жана майнаптуу практика"... 26.09.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинде "Билингвалдуу билим берүү: глобалдуу чакырыктар жана майнаптуу практика" аталышындагы эл аралык форум ишин баштады. Иш-чара КРСУ менен П.Лумумба атындагы Россиянын достук университети тарабынан РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда уюштурулган. Форумга 900дөй мугалим жана башкаруучу катышып жатат. Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кытай, Абхазия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары каттоодон өткөнү айтылды. Жалпы жонунан 263 билим берүү жайларынан билдирме түшкөн, анын 197си мектеп, 59у университет жана 7 колледж бар. Ардактуу конок болуп форумга Россия элчилигинин өкүлү Роберт Федоров, Кыргызстандын агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нурлан Өмүров, РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин департамент директору Елена Тумакова, КРСУ ректору Сергей Волков, Мамдума депутаты, "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев катышууда. Алена Аршинова диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал форум салттуу аянтчага айланып, Чоң Евразиядагы билим берүүнү жана маданий өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи. Форум 28-сентябрда жыйынтыкталат. Билингвалдуу билим берүү — чет тили жөн гана өзүнчө предмет катары эмес, математика же тарых сыяктуу башка сабактарды окутуунун куралы катары колдонулган окутуу системасы. Мындай ыкма окуучуларды тилдик чөйрөгө толук аралаштырууга өбөлгө түзөт, алардын коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүп, дүйнө таанымын кеңейтет, эл аралык шартта жашоого жана иштөөгө даярдайт.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинде "Билингвалдуу билим берүү: глобалдуу чакырыктар жана майнаптуу практика" аталышындагы эл аралык форум ишин баштады.
Иш-чара КРСУ менен П.Лумумба атындагы Россиянын достук университети тарабынан РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда уюштурулган.
Форумга 900дөй мугалим жана башкаруучу катышып жатат. Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кытай, Абхазия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары каттоодон өткөнү айтылды. Жалпы жонунан 263 билим берүү жайларынан билдирме түшкөн, анын 197си мектеп, 59у университет жана 7 колледж бар.
Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинде "Билингвалдуу билим берүү: глобалдуу чакырыктар жана майнаптуу практика" аталышындагы эл аралык форум ишин баштады
Иш-чара КРСУ менен П.Лумумба атындагы Россиянын достук университети тарабынан РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда уюштурулган
Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинде "Билингвалдуу билим берүү: глобалдуу чакырыктар жана майнаптуу практика" аталышындагы эл аралык форум ишин баштады
Иш-чара КРСУ менен П.Лумумба атындагы Россиянын достук университети тарабынан РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда уюштурулган
Ардактуу конок болуп форумга Россия элчилигинин өкүлү Роберт Федоров, Кыргызстандын агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нурлан Өмүров, РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин департамент директору Елена Тумакова, КРСУ ректору Сергей Волков, Мамдума депутаты, "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев катышууда.
Алена Аршинова диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал форум салттуу аянтчага айланып, Чоң Евразиядагы билим берүүнү жана маданий өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи.
Форум 28-сентябрда жыйынтыкталат.
Билингвалдуу билим берүү — чет тили жөн гана өзүнчө предмет катары эмес, математика же тарых сыяктуу башка сабактарды окутуунун куралы катары колдонулган окутуу системасы. Мындай ыкма окуучуларды тилдик чөйрөгө толук аралаштырууга өбөлгө түзөт, алардын коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүп, дүйнө таанымын кеңейтет, эл аралык шартта жашоого жана иштөөгө даярдайт.