https://sputnik.kg/20250926/1096783227.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатканын уюштуруучулар билдиришти. Анда Россия, Кыргызстан жана Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайлары... 26.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-26T19:00+0600
2025-09-26T19:00+0600
2025-09-26T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1a/1096783061_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dad71c3a50214364f9646b826834a5f9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатканын уюштуруучулар билдиришти. Анда Россия, Кыргызстан жана Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайлары тууралуу маалыматтар сунушталган. Иш-чараны "Евразия" кызматташтык уюму жана Кыргызстандын Агартуу министрлигинин колдоосу менен Бишкектин Билим берүү берүү департаменти уюштурган.Окуучуларга медицина, экономика, финансы, маалыматтык технологиялар жана айыл чарба багыттарындагы билим берүү программалары жөнүндө маалыматтар берилди. Бир эле учурда алар экспресс-тесттен өтүп, окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүштү.
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте холера тарап жатат деген маалыматты төгүндөдү Ведомство өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө экенин айтты. Бирок Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан алынган үлгүлөрдө холера вибриону аныкталган. Дарыгерлер ал адамга коркунуч туудурбай турганын белгилешти. “Эпидемиялык коркунуч жок экенине карабастан тиешелүү чаралар көрүлдү”, — деп билдирди министрлик. Адистер инфекциялык ооруларды алдын алуу үчүн кайнатылган суу ичүүгө, колду самындап жууп, жашылча-жемишти тазалап колдонууга чакырды.
Көп кабаттуу үй курган компаниянын жетекчилери алдамчылыкка жана курулуш нормаларын бузууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка таянсак, Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан "Санхаус плюс" турак жай комплексинин тургундары социалдык тармак аркылуу бийлик органдарына кайрылган. Алар курулуш компаниясы жарнама маалында убада кылган инфратүзүм толук курулбай, имарат эксплуатацияга берилбей жатканына нааразы болушкан. Жашоочулардын кайрылуусун текшере келгенде үйдүн курулушу мыйзам бузуу жана макулдашылган долбоордон четтөө менен салынганы аныкталган. Мисалы, долбоордо көрсөтүлгөнүнө карабай жер астындагы унаа токтотуучу жайлар жашоочуларга берилгендин ордуна коммерциялык жайга айланып калган.
Владимир Зеленскийдин Россияга карата опузасы Киев режиминин согушту гана ойлонорун тастыктап турат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды. Кремль өкүлүнүн айтымында, муну менен Зеленский акырынан жем жеген европалыктардын алдында өзүн ийгиликтүү согушкер катары көрсөтүүгө аракет кылууда. "Зеленскийдин ар кимди коркута бергени — жоопкерчиликсиздик. Киев режиминин тынчтыкты эмес, согушту гана ойлой турганын дагы бир жолу тастыктайт. Ал эми фронттогу абал такыр башка", — деди Песков. Ал Украинанын абалы жана сүйлөшүү позициясы начарлап баратканын кошумчалады./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 69 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 27-сентябрга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде республиканын көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +26...+28 градуска көтөрүлөт.
Кыргызстанда евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатканын уюштуруучулар билдиришти. Анда Россия, Кыргызстан жана Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайлары тууралуу маалыматтар сунушталган. Иш-чараны "Евразия" кызматташтык уюму жана Кыргызстандын Агартуу министрлигинин колдоосу менен Бишкектин Билим берүү берүү департаменти уюштурган.Окуучуларга медицина, экономика, финансы, маалыматтык технологиялар жана айыл чарба багыттарындагы билим берүү программалары жөнүндө маалыматтар берилди. Бир эле учурда алар экспресс-тесттен өтүп, окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүштү. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте холера тарап жатат деген маалыматты төгүндөдү Ведомство өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө экенин айтты. Бирок Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан алынган үлгүлөрдө холера вибриону аныкталган. Дарыгерлер ал адамга коркунуч туудурбай турганын белгилешти. “Эпидемиялык коркунуч жок экенине карабастан тиешелүү чаралар көрүлдү”, — деп билдирди министрлик. Адистер инфекциялык ооруларды алдын алуу үчүн кайнатылган суу ичүүгө, колду самындап жууп, жашылча-жемишти тазалап колдонууга чакырды. Көп кабаттуу үй курган компаниянын жетекчилери алдамчылыкка жана курулуш нормаларын бузууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка таянсак, Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан "Санхаус плюс" турак жай комплексинин тургундары социалдык тармак аркылуу бийлик органдарына кайрылган. Алар курулуш компаниясы жарнама маалында убада кылган инфратүзүм толук курулбай, имарат эксплуатацияга берилбей жатканына нааразы болушкан. Жашоочулардын кайрылуусун текшере келгенде үйдүн курулушу мыйзам бузуу жана макулдашылган долбоордон четтөө менен салынганы аныкталган. Мисалы, долбоордо көрсөтүлгөнүнө карабай жер астындагы унаа токтотуучу жайлар жашоочуларга берилгендин ордуна коммерциялык жайга айланып калган.Владимир Зеленскийдин Россияга карата опузасы Киев режиминин согушту гана ойлонорун тастыктап турат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды. Кремль өкүлүнүн айтымында, муну менен Зеленский акырынан жем жеген европалыктардын алдында өзүн ийгиликтүү согушкер катары көрсөтүүгө аракет кылууда. "Зеленскийдин ар кимди коркута бергени — жоопкерчиликсиздик. Киев режиминин тынчтыкты эмес, согушту гана ойлой турганын дагы бир жолу тастыктайт. Ал эми фронттогу абал такыр башка", — деди Песков. Ал Украинанын абалы жана сүйлөшүү позициясы начарлап баратканын кошумчалады./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 69 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 27-сентябрга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде республиканын көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +26...+28 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1a/1096783061_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1919365b7d1b58194af3219a003892bf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио