https://sputnik.kg/20250926/1096775422.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
"Ынтымак ордодо" ЕАЭБ менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пунктуларынын ишин жакшыртуу боюнча жыйын болду. Бул тууралуу министрлер... 26.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-26T15:00+0600
2025-09-26T15:00+0600
2025-09-26T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1a/1096775256_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_46d70193532fd3e50c3cb7363af97d32.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
"Ынтымак ордодо" ЕАЭБ менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пунктуларынын ишин жакшыртуу боюнча жыйын болду. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады. Иш-чара минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өтүп, ага тиешелүү министрлик жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Төрөбаев товарларга мониторинг жүргүзүү, маморгандардын кызматташтыгын күчөтүү керектигин белгилеген. Ошондой эле бюджетке түшчү салыкты жоготууга шарт түзгөн учурларды жоюуну тапшырган. Мамлекеттик органдарга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын президенттин администрациясына караштуу Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгы жүргүзөт.
Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланганын өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди. Шайлоо Загребде өткөн дүйнө чемпионатында болуп, планетанын булуң-бурчунан келген 400дөй спортчу добуш берген. Анын жыйынтыгы менен аталган комиссиянын курамына Кыргызстан менен биргеликте Аргентина, Япония, Венгрия, Иран, Греция, Египет, Австралия жана Түштүк Африканын өкүлдөрү кирди.
Кыргызстанда орус тили улуттар аралык баарлашуунун жана евразиялык мейкиндикке интеграциялануунун стратегиялык каражаты катары роль ойнойт. Бул тууралуу КРСУнун ректору Сергей Волков "Бүгүнкү билингвалдуу билим берүү: глобалдык чакырыктар жана майнаптуу практикалар" форумунун пленардык жыйынында билдирди. Ал глобалдашуу, миграция, санариптештирүү шарттарында тил саясаты боюнча маселелер өзгөчө актуалдуу болуп жатканын, ошондуктан азыркы билим берүүнүн алдында көп тилдүүлүктү жана маданий ар түрдүүлүктү эске алуу менен орус тилин жана башка предметтерди окутуунун жаңы ыкмаларын калыптандыруу милдети турганын белгиледи. Мында дал билингвалдуу модель педагогдорго студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана маданияттар аралык диалогго жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Волков КРСУ билингвалдуу программаларды өнүктүрүү, жаңы муундун педагогдорун түзүү жана илимди, билим берүүнү, инновацияларды интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү боюнча активдүү иштеп жатканын белгиледи. "Кыргызстанда орус тили социомаданий жана билим берүү процесстерине таасир этүүчү тил саясатынын өз алдынча субъекти болуп саналат", — деди ректор.
АКШ президенти Дональд Трамптын Россия тууралуу жасаган акыркы билдирүүсү Владимир Зеленский менен Европанын саясаты канчалык калпыс экенин көрсөттү. Мындай маанидеги макаланы The Spectator жарыялаганын РИА Новости жазды. "Трамп Европа менен Зеленскийдин калпын чыгарды. Путинди жеңе алам дейсиңерби? Алга! Европанын зомбулукка кабылуусуна жол бербейбиз деп жатасыңарбы? Алга, достор!" — деп басылма АКШ лидеринин сөзүн чечмелеп берген. Макалада Трамп Евробиримдиктин алсыз жактарын көрсөтүп, Европа азыр да россиялык энергоресурстун импортеру болуп жатканын эске салганы айтылат. Авторлор жаңжал башталгандан бери европалык лидерлер АКШнын акчасына таянуу менен чечим кабыл алып келгенин белгилешкен. Эми Трамп оюндан четтеп, Европаны жалгыз калтырууда.
"Ынтымак ордодо" ЕАЭБ менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пунктуларынын ишин жакшыртуу боюнча жыйын болду. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады. Иш-чара минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өтүп, ага тиешелүү министрлик жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Төрөбаев товарларга мониторинг жүргүзүү, маморгандардын кызматташтыгын күчөтүү керектигин белгилеген. Ошондой эле бюджетке түшчү салыкты жоготууга шарт түзгөн учурларды жоюуну тапшырган. Мамлекеттик органдарга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын президенттин администрациясына караштуу Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгы жүргүзөт.Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланганын өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди. Шайлоо Загребде өткөн дүйнө чемпионатында болуп, планетанын булуң-бурчунан келген 400дөй спортчу добуш берген. Анын жыйынтыгы менен аталган комиссиянын курамына Кыргызстан менен биргеликте Аргентина, Япония, Венгрия, Иран, Греция, Египет, Австралия жана Түштүк Африканын өкүлдөрү кирди. Кыргызстанда орус тили улуттар аралык баарлашуунун жана евразиялык мейкиндикке интеграциялануунун стратегиялык каражаты катары роль ойнойт. Бул тууралуу КРСУнун ректору Сергей Волков "Бүгүнкү билингвалдуу билим берүү: глобалдык чакырыктар жана майнаптуу практикалар" форумунун пленардык жыйынында билдирди. Ал глобалдашуу, миграция, санариптештирүү шарттарында тил саясаты боюнча маселелер өзгөчө актуалдуу болуп жатканын, ошондуктан азыркы билим берүүнүн алдында көп тилдүүлүктү жана маданий ар түрдүүлүктү эске алуу менен орус тилин жана башка предметтерди окутуунун жаңы ыкмаларын калыптандыруу милдети турганын белгиледи. Мында дал билингвалдуу модель педагогдорго студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана маданияттар аралык диалогго жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Волков КРСУ билингвалдуу программаларды өнүктүрүү, жаңы муундун педагогдорун түзүү жана илимди, билим берүүнү, инновацияларды интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү боюнча активдүү иштеп жатканын белгиледи. "Кыргызстанда орус тили социомаданий жана билим берүү процесстерине таасир этүүчү тил саясатынын өз алдынча субъекти болуп саналат", — деди ректор.АКШ президенти Дональд Трамптын Россия тууралуу жасаган акыркы билдирүүсү Владимир Зеленский менен Европанын саясаты канчалык калпыс экенин көрсөттү. Мындай маанидеги макаланы The Spectator жарыялаганын РИА Новости жазды. "Трамп Европа менен Зеленскийдин калпын чыгарды. Путинди жеңе алам дейсиңерби? Алга! Европанын зомбулукка кабылуусуна жол бербейбиз деп жатасыңарбы? Алга, достор!" — деп басылма АКШ лидеринин сөзүн чечмелеп берген. Макалада Трамп Евробиримдиктин алсыз жактарын көрсөтүп, Европа азыр да россиялык энергоресурстун импортеру болуп жатканын эске салганы айтылат. Авторлор жаңжал башталгандан бери европалык лидерлер АКШнын акчасына таянуу менен чечим кабыл алып келгенин белгилешкен. Эми Трамп оюндан четтеп, Европаны жалгыз калтырууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1a/1096775256_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_54da7c35fcaa5920ba094aeb8a65ae08.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио