https://sputnik.kg/20250926/1096773405.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президентин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси шайлоолорго техникалык оператор болуп аныкталды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча... 26.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-26T13:00+0600
2025-09-26T13:00+0600
2025-09-26T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1a/1096773239_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_06a2a37035905e1356f902107da7b6b4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президентин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси шайлоолорго техникалык оператор болуп аныкталды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын тиешелүү токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Документке ылайык, "Кызмат" ишканасына мындай милдеттер жүктөлдү: шайлоо жана референдумдарды өткөрүүгө керектүү автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, техникалык тейлөө жана жаңыртуу; шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүп, бирдиктүү каттоо системасына жүктөө; шайлоочулар боюнча маалыматтарды Калктын мамлекеттик жарандык реестрине таянып убагында жаңыртып туруу; шайлоочуларды идентификациялоочу жабдууларды даярдоо жана кийинчерээк БШКга өткөрүп берүү. Эскерте кетсек, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу боюнча токтом кабыл алып, алдын ала маалымат боюнча, кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөрү айтылды.
Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинде "Билингвалдуу билим берүү: глобалдуу чакырыктар жана майнаптуу практика" аталышындагы эл аралык форум ишин баштады. Иш-чара КРСУ менен П.Лумумба атындагы Россиянын достук университети тарабынан РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда уюштурулган. Форумга 900дөй мугалим жана башкаруучу катышып жатат. Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кытай, Абхазия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары каттоодон өткөнү айтылды. Жалпы жонунан 263 билим берүү жайларынан билдирме түшкөн, анын 197си мектеп, 59у университет жана 7 колледж бар.
УКМК Чүй облусундагы "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схемадан улам чек арачылар, салык кызматкерлери, Транспорт министрлиги менен Фитосанитардык кызматтын өкүлдөрү Камчыбек Ташиевдин жыйынында кантип кармалганын көрсөттү.Белгилей кетсек, жыйын 24-сентябрда өткөн. Маалыматка караганда, аталган өткөрмө бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталган. Аны аталган адамдар "ортомчулар" менен сүйлөшүп алып түзгөнү айтылды. Кызматкерлер жалган документтерди колдонуп ЕАЭБ өлкөлөрүнөн контрабандалык товар импорттогон деп шектелүүдө.
ХАМАС Палестинаны башкара албайт, курал-жарагын ташташы керек. Бул тууралуу Палестина президенти Махмуд Аббас видеобайланыш аркылуу БУУнун Башкы Ассамблеясында билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз 7-октябрдагы чабуулду айыптайбыз, анда Израилдин жарандары жабыркап, айрымдары туткунга алынды. ХАМАС келечекте Палестинаны башкара албайт, кыймыл курал-жарагын ташташы керек", — деди Аббас. Ал муну менен бирге Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттери адамзатка каршы кылмыш болуп саналарын белгиледи. Өлкө башчысы анын администрациясы Газа тилкеси үчүн жоопкерчилик алууга даяр экенин айткан.
Президентин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси шайлоолорго техникалык оператор болуп аныкталды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын тиешелүү токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Документке ылайык, "Кызмат" ишканасына мындай милдеттер жүктөлдү: шайлоо жана референдумдарды өткөрүүгө керектүү автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, техникалык тейлөө жана жаңыртуу; шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүп, бирдиктүү каттоо системасына жүктөө; шайлоочулар боюнча маалыматтарды Калктын мамлекеттик жарандык реестрине таянып убагында жаңыртып туруу; шайлоочуларды идентификациялоочу жабдууларды даярдоо жана кийинчерээк БШКга өткөрүп берүү. Эскерте кетсек, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу боюнча токтом кабыл алып, алдын ала маалымат боюнча, кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөрү айтылды.Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинде "Билингвалдуу билим берүү: глобалдуу чакырыктар жана майнаптуу практика" аталышындагы эл аралык форум ишин баштады. Иш-чара КРСУ менен П.Лумумба атындагы Россиянын достук университети тарабынан РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда уюштурулган. Форумга 900дөй мугалим жана башкаруучу катышып жатат. Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кытай, Абхазия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары каттоодон өткөнү айтылды. Жалпы жонунан 263 билим берүү жайларынан билдирме түшкөн, анын 197си мектеп, 59у университет жана 7 колледж бар.УКМК Чүй облусундагы "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схемадан улам чек арачылар, салык кызматкерлери, Транспорт министрлиги менен Фитосанитардык кызматтын өкүлдөрү Камчыбек Ташиевдин жыйынында кантип кармалганын көрсөттү.Белгилей кетсек, жыйын 24-сентябрда өткөн. Маалыматка караганда, аталган өткөрмө бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталган. Аны аталган адамдар "ортомчулар" менен сүйлөшүп алып түзгөнү айтылды. Кызматкерлер жалган документтерди колдонуп ЕАЭБ өлкөлөрүнөн контрабандалык товар импорттогон деп шектелүүдө. ХАМАС Палестинаны башкара албайт, курал-жарагын ташташы керек. Бул тууралуу Палестина президенти Махмуд Аббас видеобайланыш аркылуу БУУнун Башкы Ассамблеясында билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз 7-октябрдагы чабуулду айыптайбыз, анда Израилдин жарандары жабыркап, айрымдары туткунга алынды. ХАМАС келечекте Палестинаны башкара албайт, кыймыл курал-жарагын ташташы керек", — деди Аббас. Ал муну менен бирге Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттери адамзатка каршы кылмыш болуп саналарын белгиледи. Өлкө башчысы анын администрациясы Газа тилкеси үчүн жоопкерчилик алууга даяр экенин айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1a/1096773239_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0a27e1889b249fe673e64ee354c02cf3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио