https://sputnik.kg/20250920/1096642373.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда ЖККУнун “Рубеж-2025” командалык-штабдык машыгуусу жыйынтыкталды. Иш-чаранын жабылышында сүйлөгөн коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис... 20.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-20T15:00+0600
2025-09-20T15:00+0600
2025-09-20T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/14/1096642207_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d2df7075cf1d5db1ca3765a1109e7e84.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда ЖККУнун “Рубеж-2025” командалык-штабдык машыгуусу жыйынтыкталды. Иш-чаранын жабылышында сүйлөгөн коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев машыгуу негизги максатына жеткенин билдирди. Анын айтымында, машыгууга даярдык күч болуп, аскер контингенттери биргеликте тапшырмаларды көздөгөндөй аткара алды. Сценарий боюнча аскердик күчтөр кыргыз аймагына кирип келген куралдуу бандаларды жок кылып, чек арадагы көзөмөлдү калыбына келтирген. Маневрларга армиянын бөлүктөрү жана учкучсуз учуучу аппараттар, бронетранспортерлер жана согуштук катерлер катышкан. Жалпысынан 500гө жакын ар кандай аскердик техника жана 1200 аскер кызматкери тартылган.Мындан тышкары, аскердик техника менен курал-жарактын жарманкеси уюштурулуп, анда учкучсуз учуучу учактар, Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу “Аскер Курал” акционердик коому чыгарган снайпердик мылтыктын жаңы “Бархан” деген түрү көрсөтүлгөн. Ошондой эле иш-чарага аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү, мектеп окуучулары, жаштар жана Балыкчынын тургундары күбө болушкан. Машыгуунун аягында ЖККУ аскерлери салтанаттуу түрдө басышкан.
Москвада "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун үчүнчү сезону аяктады. 15-19-сентябрь күндөрү “Россия сегодня” медиа тобунун кеңсесинде КМШ мамлекеттеринин журналист, блогер, SMM жана пиар адистери окутулду. Катышуучулар агенттиктин кесипкөй кызматкерлеринен заманбап медианын негизги багыттары боюнча 13 мастер-класс алып, лекцияларды угушкан.Алар Telegram-канал түзүү тапшырмасында жаңы билимин дароо практикада колдонушкан. “Катышуучуларга каналдын аталышын жана концепциясын түзүп, ар кандай постторду жүктөп, катышуучуларды кыска убакытта топтоо үчүн үйрөтүлгөн ыкмаларды колдонуу тапшырмасы берилген. Ар өлкөдөн келген коноктор бири-бири менен тыгыз иштешип, командалык кызыкчылыктарды көздөп жатышты. Окутуунун соңку күнүндө каналды презентация кылышып, ага Sputnik адистери баасын берип, кошумча кеңештерин беришти”, — деп жазылган маалыматта. Иш-чарага катышкандардын көбү өзүн ЖМКдагы суроо-талап күч тармактардын бири — Telegram-каналдын редакторлугунда сынап көрүшкөнү белгиленет.
Ноокендеги “Кең-Сай” өткөрүү пунктунда криминалдык элементтерге бөгөт коюлганын УКМК кабарлады. Маалыматка караганда, Тайсон жана Кудаш каймана аттары бар ага-ини ишкерлерди коркутуп жүргөн деп кармалышты.“Шектүүлөр ишкерлерге кысым көрсөтүп, криминалдык идеологияга берилгендиктерин жар салып, өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрү менен болгон тууганчылык байланыштары тууралуу жалган билдирүүлөрдү айтып, бажы жана чек ара кызматынын кызматкерлеринин жумушуна тоскоолдуктарды жаратышкан”, — деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары, алар аткезчилик иштерге жана Өзбекстандан келген эмгек мигранттарын Бишкекке мыйзамсыз ташууга шектелүүдө. Алар мигранттарды өздөрүнүн карамагындагы таксилерге зордоп салып, көп акча алышканы айтылат. Атайын кызмат булардан жабыркагандарды УКМКга кайрылууга чакырууда.
Балыкчыда ЖККУнун “Рубеж-2025” командалык-штабдык машыгуусу жыйынтыкталды. Иш-чаранын жабылышында сүйлөгөн коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев машыгуу негизги максатына жеткенин билдирди. Анын айтымында, машыгууга даярдык күч болуп, аскер контингенттери биргеликте тапшырмаларды көздөгөндөй аткара алды. Сценарий боюнча аскердик күчтөр кыргыз аймагына кирип келген куралдуу бандаларды жок кылып, чек арадагы көзөмөлдү калыбына келтирген. Маневрларга армиянын бөлүктөрү жана учкучсуз учуучу аппараттар, бронетранспортерлер жана согуштук катерлер катышкан. Жалпысынан 500гө жакын ар кандай аскердик техника жана 1200 аскер кызматкери тартылган.Мындан тышкары, аскердик техника менен курал-жарактын жарманкеси уюштурулуп, анда учкучсуз учуучу учактар, Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу “Аскер Курал” акционердик коому чыгарган снайпердик мылтыктын жаңы “Бархан” деген түрү көрсөтүлгөн. Ошондой эле иш-чарага аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү, мектеп окуучулары, жаштар жана Балыкчынын тургундары күбө болушкан. Машыгуунун аягында ЖККУ аскерлери салтанаттуу түрдө басышкан.Москвада "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун үчүнчү сезону аяктады. 15-19-сентябрь күндөрү “Россия сегодня” медиа тобунун кеңсесинде КМШ мамлекеттеринин журналист, блогер, SMM жана пиар адистери окутулду. Катышуучулар агенттиктин кесипкөй кызматкерлеринен заманбап медианын негизги багыттары боюнча 13 мастер-класс алып, лекцияларды угушкан.Алар Telegram-канал түзүү тапшырмасында жаңы билимин дароо практикада колдонушкан. “Катышуучуларга каналдын аталышын жана концепциясын түзүп, ар кандай постторду жүктөп, катышуучуларды кыска убакытта топтоо үчүн үйрөтүлгөн ыкмаларды колдонуу тапшырмасы берилген. Ар өлкөдөн келген коноктор бири-бири менен тыгыз иштешип, командалык кызыкчылыктарды көздөп жатышты. Окутуунун соңку күнүндө каналды презентация кылышып, ага Sputnik адистери баасын берип, кошумча кеңештерин беришти”, — деп жазылган маалыматта. Иш-чарага катышкандардын көбү өзүн ЖМКдагы суроо-талап күч тармактардын бири — Telegram-каналдын редакторлугунда сынап көрүшкөнү белгиленет.Ноокендеги “Кең-Сай” өткөрүү пунктунда криминалдык элементтерге бөгөт коюлганын УКМК кабарлады. Маалыматка караганда, Тайсон жана Кудаш каймана аттары бар ага-ини ишкерлерди коркутуп жүргөн деп кармалышты.“Шектүүлөр ишкерлерге кысым көрсөтүп, криминалдык идеологияга берилгендиктерин жар салып, өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрү менен болгон тууганчылык байланыштары тууралуу жалган билдирүүлөрдү айтып, бажы жана чек ара кызматынын кызматкерлеринин жумушуна тоскоолдуктарды жаратышкан”, — деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары, алар аткезчилик иштерге жана Өзбекстандан келген эмгек мигранттарын Бишкекке мыйзамсыз ташууга шектелүүдө. Алар мигранттарды өздөрүнүн карамагындагы таксилерге зордоп салып, көп акча алышканы айтылат. Атайын кызмат булардан жабыркагандарды УКМКга кайрылууга чакырууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/14/1096642207_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8bbd586ea1ba73f13a235644c9e8ccf5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио