00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте II Россия-Кыргыз билим берүү форуму өтөт

© Sputnik / Жантай МакеновБорис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкекте 23-24-сентябрда II Россия-Кыргыз билим берүү форуму (РКБФ-2025) өтөрүн Россотрудничествонун маалымат кызматы билдирди.
Форум эки өлкөнүн билим берүү, илимий уюмдары жана бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы диалог үчүн негизги аянтча болуп калат. Россия менен Кыргызстандын университеттеринин өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, өнөр жай өнөктөштөрү менен практикалык кызматташуусу негизги тема болот.
Мындан тышкары, билим берүү, илим жана бизнес тармагындагы эксперттердин тегерек столдору, талкуу панелдери жана мастер-класстары, жаштардын ишкердик жана стартап долбоорлорунун презентациялары, билим берүү дипломатиясын өнүктүрүүгө арналган сессиялар, Кыргызстанда ийгиликтүү карьераны курууда орус тилинин ролу, азыркы эмгек рыногунун талаптары жана кадрларды даярдоонун тенденциялары тууралуу талкуу жүрөт.
80ден ашык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 20дан ашык семинарлар, мастер-класстар жана тегерек столдор пландаштырылган. Иш-чаранын жыйынтыгында биргелешкен билим берүү жана илим-изилдөө программаларын ишке ашыруу, анын ичинде эки өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторунун кызыкчылыгы үчүн бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.
Форум Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин аянтчаларында өтөт.
Россия ЖОЖдорунун бюджеттик орундарына тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү менен форумдун жүрүшүндө көргөзмөдөн таанышууга болот. Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Астрахань, Томск, Уфа, Кострома, Красноярск, Омск жана башка шаарлардын 30дан ашык университеттери өздөрүнүн билим берүү программаларын тартуулашат.
Көргөзмө КРСУнун башкы имаратында шаршемби күнү, 24-сентябрда, саат 11:00дөн 18:00гө чейин өтөт.
Форумду Россия президентинин администрациясынын жана Кыргызстандын министрлер кабинетинин колдоосу менен Россотрудничество, Кыргызстандын Илим, жогорку билим жана инновация министрлиги, Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы жана КРСУ уюштурууда.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду билим берүү жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогдун негизги катышуучусу болот.
23-сентябрда саат 10:00дө КРСУнун чоң залында (Киев көчөсү, 44) министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Россиянын жана Кыргызстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ири компаниялардын жана ЖОЖдордун өкүлдөрү катышкан форум ачылат. Маалымат жыйыны саат 12:30да башталат.
РКБФ — 2025 веб-сайтында консорциумдун өкүлдөрү жана билим берүү көргөзмөсүнө келген коноктор каттоодон өтөт.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректорунун кеңешчиси, техника илимдеринин доктору Акымбек Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2024
Радио
Кыргызстан менен Россиянын техникалык ЖОЖдор консорциумуна 60 окуу жай кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0