https://sputnik.kg/20250916/1096554152.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Россия биринчи жолу тарых боюнча Эксперттик-консультативдик кеңеш түздү. Бул тууралуу "Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени. Түрк цивилизациясынын... 16.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-16T19:00+0600
2025-09-16T19:00+0600
2025-09-16T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/10/1096553985_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9d3a49f53df7919669fa693652acefc8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Россия биринчи жолу тарых боюнча Эксперттик-консультативдик кеңеш түздү. Бул тууралуу "Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени. Түрк цивилизациясынын жаралуу тарыхына карай" аталышындагы II эл аралык илимий конференциянын жүрүшүндө белгилүү болду. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга РФ президентинин алдындагы тарыхый агартуучулук боюнча ведомство аралык комиссиянын төрагасы Владимир Мединский жана КР мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов кол койгон. Демилге тарыхый чындыкты, Россия менен Кыргызстандын өткөн күнүн сактоого байланышкан аракеттерди координациялоого өбөлгө болот. Теңчиликтин, тарыхый окуяларды бир жактуу интерпретациялоого жол бербөөнүн маанилүүлүгү айтылды.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Мэр этика ченемдерин талаптагыдай аткарбагандыктан ушундай чечим кабыл алынганы белгиленди.
Россия "Интервидение" эл аралык музыкалык сынагында каалоочулардын баарын, анын ичинде армениялык өнөрпоздорду да көрүүгө куштар болмок. Бул тууралуу РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров конкурска көрүлүп жаткан даярдыктын алкагында өткөрүлгөн маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды. Министр Армения сынактын качан жана кайсы жерде өтөрүнөн кабардар экенин белгиледи. Мындан тышкары, Лавров "Интервидение" сынагы ар түркүн маданияттагы адамдардын баарлашуусу ушу тапта аба менен суудай керек болуп тургандыктан жанданганына токтолгон. Министр аталган конкурс мындан ары жыл сайын өтүп турарына үмүт артты. Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин Москвада жана Москва облусунда 2025-жылы "Интервидение" эл аралык музыкалык сынагын өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Иш-чара 20-сентябрда Live Аренада өтөт. Катышууну каалаган мамлекеттердин саны 22ни түздү. Конкурска Кыргызстандан "Номад" триосу катышып, сахнага экинчи болуп чыгат.
Владимир Зеленский өлкөгө жана дүйнөгө кооптуулук жаратып жаткандыктан бийликтен баш тартышы керек. Бул туурасында Жогорку Раданын Улуу Британияда жүргөн депутаты Артем Дмитрук айтканын РИА Новости жазды.Дмитрук Украинада Трампты да, анын үзөңгүлөшү Киркти да "Кремлдин агенти" деп аташканын белгилеген. Эске салсак, АКШ президентинин тарапташы, консерватор саясатчы жана активист Чарли Кирк Юта университетиндеги жолугушууда сүйлөп жатканда чак түштө атылган. Ал коомчулукка Киев бийлигин сындап, Украинага жардам көрсөтүүгө каршы чыгып жүргөн адам катары таанымал болчу. Россия менен алаканы, дипломатиялык мамилени калыбына келтириш керек деген багытты жактап келген. Владимир Зеленскийди "ЦРУнун кол жоолугу" деп атап, ал эми Крымды ар дайым Россиянын бөлүгү деп белгилеп жүргөн.
Кыргызстан менен Россия биринчи жолу тарых боюнча Эксперттик-консультативдик кеңеш түздү. Бул тууралуу "Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени. Түрк цивилизациясынын жаралуу тарыхына карай" аталышындагы II эл аралык илимий конференциянын жүрүшүндө белгилүү болду. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга РФ президентинин алдындагы тарыхый агартуучулук боюнча ведомство аралык комиссиянын төрагасы Владимир Мединский жана КР мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов кол койгон. Демилге тарыхый чындыкты, Россия менен Кыргызстандын өткөн күнүн сактоого байланышкан аракеттерди координациялоого өбөлгө болот. Теңчиликтин, тарыхый окуяларды бир жактуу интерпретациялоого жол бербөөнүн маанилүүлүгү айтылды. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Мэр этика ченемдерин талаптагыдай аткарбагандыктан ушундай чечим кабыл алынганы белгиленди. Россия "Интервидение" эл аралык музыкалык сынагында каалоочулардын баарын, анын ичинде армениялык өнөрпоздорду да көрүүгө куштар болмок. Бул тууралуу РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров конкурска көрүлүп жаткан даярдыктын алкагында өткөрүлгөн маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды. Министр Армения сынактын качан жана кайсы жерде өтөрүнөн кабардар экенин белгиледи. Мындан тышкары, Лавров "Интервидение" сынагы ар түркүн маданияттагы адамдардын баарлашуусу ушу тапта аба менен суудай керек болуп тургандыктан жанданганына токтолгон. Министр аталган конкурс мындан ары жыл сайын өтүп турарына үмүт артты. Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин Москвада жана Москва облусунда 2025-жылы "Интервидение" эл аралык музыкалык сынагын өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Иш-чара 20-сентябрда Live Аренада өтөт. Катышууну каалаган мамлекеттердин саны 22ни түздү. Конкурска Кыргызстандан "Номад" триосу катышып, сахнага экинчи болуп чыгат.Владимир Зеленский өлкөгө жана дүйнөгө кооптуулук жаратып жаткандыктан бийликтен баш тартышы керек. Бул туурасында Жогорку Раданын Улуу Британияда жүргөн депутаты Артем Дмитрук айтканын РИА Новости жазды.Дмитрук Украинада Трампты да, анын үзөңгүлөшү Киркти да "Кремлдин агенти" деп аташканын белгилеген. Эске салсак, АКШ президентинин тарапташы, консерватор саясатчы жана активист Чарли Кирк Юта университетиндеги жолугушууда сүйлөп жатканда чак түштө атылган. Ал коомчулукка Киев бийлигин сындап, Украинага жардам көрсөтүүгө каршы чыгып жүргөн адам катары таанымал болчу. Россия менен алаканы, дипломатиялык мамилени калыбына келтириш керек деген багытты жактап келген. Владимир Зеленскийди "ЦРУнун кол жоолугу" деп атап, ал эми Крымды ар дайым Россиянын бөлүгү деп белгилеп жүргөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/10/1096553985_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d8c5c969de6d5caeedc3b43d5b665731.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио