БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Токмокто Ислам академиясын ачканын анын маалымат кызматы билдирди. Кабарга таянсак, аталган диний окуу жай теология жана дин таануу багытындагы адистерди даярдайт. Анын негизги вазийпасы – сапаттуу теологиялык билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана мамлекеттик билим берүү системасына шайкеш диний билим берүүнү камсыз кылуу. Окуу жайдын кампусу эки гектар аянтка салынды. Анын ичинде окуу корпусу, спорт зал жана жатакана бар. Академия 400 студентке ылайыкташтырылган жана толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланат.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Токмокто Ислам академиясын ачканын анын маалымат кызматы билдирди.
Кабарга таянсак, аталган диний окуу жай теология жана дин таануу багытындагы адистерди даярдайт. Анын негизги вазийпасы – сапаттуу теологиялык билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана мамлекеттик билим берүү системасына шайкеш диний билим берүүнү камсыз кылуу.
Анын негизги вазийпасы – сапаттуу теологиялык билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана мамлекеттик билим берүү системасына шайкеш диний билим берүүнү камсыз кылуу
Анын негизги вазийпасы – сапаттуу теологиялык билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана мамлекеттик билим берүү системасына шайкеш диний билим берүүнү камсыз кылуу
Академия 400 студентке ылайыкташтырылган жана толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланат
"Ислам академиясы – менин жарлыгым менен түзүлгөн алгачкы мамлекеттик жогорку диний окуу жайы болуп саналат. Анын ачылышы мамлекетибиздин дин саясатын жаңы баскычка көтөрүп, билим берүү менен илимди айкалыштырганын көрсөтөт", — деди Жапаров.
Окуу жайдын кампусу эки гектар аянтка салынды. Анын ичинде окуу корпусу, спорт зал жана жатакана бар. Академия 400 студентке ылайыкташтырылган жана толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланат.