https://sputnik.kg/20250915/1096524823.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат Жанар Акаев эмнеге шайлоо убактысынан эрте өтүшү керектигин түшүндүрдүБарнаулда славян-түрк дүйнөсүн изилдеген илимий конференция өз ишин... 15.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-15T17:00+0600
2025-09-15T17:00+0600
2025-09-15T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0f/1096524657_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cbdbc1ed314218513aafc29c575d4dc3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат Жанар Акаев эмнеге шайлоо убактысынан эрте өтүшү керектигин түшүндүрдүБарнаулда славян-түрк дүйнөсүн изилдеген илимий конференция өз ишин баштадыЖапаров Ислам академиясынын ачылышында Катар жана Палестинага тилектештик билдирдиАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Токмоктогу Ислам академиясынын ачылышында сүйлөп жатып, кыргыз эли катарлыктар менен палестиналыктарга тилектештик билдирерин айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Ал Катарга жасалган ракеталык соккулар жана Газа секторундагы абалга байланыштуу Дохада араб-ислам өлкөлөрүнүн чукул саммити өтүп жатканын эске салган. "Кыргызстан эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы экенин жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчуткан аракеттерге жол берилбеши керектигин белгилейт", — деген президент. Эскерте кетсек, жаңы ачылган Ислам академиясы теология жана дин таануу багытындагы адистерди даярдайт. Окуу жай толук мамлекеттен каржыланат. Ал президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.
Кийинки жылы Жогорку Кеңешти жана президентти шайлоо удаа келгендиктен, экөөнүн бирөө эртерээк өтүшү керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ЖК депутаты Жанар Акаев билдирди. Ал эки өнөктүк эч кандай кемчиликсиз, катасыз өтүшү керектигин айтып, саясий жарыштардын аралыгы жакын болсо Борбордук шайлоо комиссиясы уюштуруу иштеринде кыйынчылыкка туш келери мүмкүн экенин белгиледи. "Мына ошондуктан мен эки шайлоонун бирөө эртерээк өтүшү керек деп ишенем. Бул туруктуулук жана мамлекет үчүн керек нерсе. Экинчиден, парламент өзү быйыл Жогорку Кеңешти шайлоо тууралуу жаңы мыйзам кабыл алды. Андыктан мөөнөтүнөн мурда тарап, жаңы эреже менен шайланып келүүгө ушул маселе да жол ачат", — деди Акаев. Эл өкүлү Жогорку Кеңештин шайлоосун мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча демилге болсо колдой турганын айтты. Эске салсак, кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрына, президенттик шайлоо 2027-жылдын январына бегиленген. Бул учурда ортодо 2-3 айлык гана убакыт калмак.
Түрк жана славян элдери кылымдар бою Чоң Алтай аймагында жанаша жашап келишкен. Бул тууралуу Россиянын Тарых коомунун башчысы Сергей Нарышкин билдирди. Барнаулда "Чоң Алтай мейкиндигиндеги славян-түрк дүйнөсү: тарых жана азыркы учур" аттуу IV эл аралык алтай таануу форуму өтүп жатат. Нарышкин иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо жолдоду. "Жыл сайын иш-чаранын масштабы кеңейип, аны менен кошо Чоң Алтайдын тарыхына коомчулуктун көңүлү күчөп жатканы кубандырат. Түрк жана славян элдери кылымдар бою чек арасы орток болуп, тыгыз маданий байланышта жанаша жашап, бара-бара көп улуттуу өлкөбүздүн цивилизациялык контурун түзүшкөн. Алардын мурасы Россиянын жана Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхын түшүнүү үчүн уникалдуу билим казынасын түзөт", — деп айтылат маалыматта. "Чоң Алтай мейкиндигиндеги славян-түрк дүйнөсү: тарых жана азыркы учур" аттуу IV эл аралык алтаистика форуму Россиядан, Беларустан, Венгриядан, Казакстандан, Кытайдан, Кыргызстандан, Монголиядан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Түркиядан жана Өзбекстандан келген 500гө жакын окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн катышуусунда өтүүдө.
Депутат Жанар Акаев эмнеге шайлоо убактысынан эрте өтүшү керектигин түшүндүрдүБарнаулда славян-түрк дүйнөсүн изилдеген илимий конференция өз ишин баштадыЖапаров Ислам академиясынын ачылышында Катар жана Палестинага тилектештик билдирдиАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Токмоктогу Ислам академиясынын ачылышында сүйлөп жатып, кыргыз эли катарлыктар менен палестиналыктарга тилектештик билдирерин айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Ал Катарга жасалган ракеталык соккулар жана Газа секторундагы абалга байланыштуу Дохада араб-ислам өлкөлөрүнүн чукул саммити өтүп жатканын эске салган. "Кыргызстан эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы экенин жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчуткан аракеттерге жол берилбеши керектигин белгилейт", — деген президент. Эскерте кетсек, жаңы ачылган Ислам академиясы теология жана дин таануу багытындагы адистерди даярдайт. Окуу жай толук мамлекеттен каржыланат. Ал президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.Кийинки жылы Жогорку Кеңешти жана президентти шайлоо удаа келгендиктен, экөөнүн бирөө эртерээк өтүшү керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ЖК депутаты Жанар Акаев билдирди. Ал эки өнөктүк эч кандай кемчиликсиз, катасыз өтүшү керектигин айтып, саясий жарыштардын аралыгы жакын болсо Борбордук шайлоо комиссиясы уюштуруу иштеринде кыйынчылыкка туш келери мүмкүн экенин белгиледи. "Мына ошондуктан мен эки шайлоонун бирөө эртерээк өтүшү керек деп ишенем. Бул туруктуулук жана мамлекет үчүн керек нерсе. Экинчиден, парламент өзү быйыл Жогорку Кеңешти шайлоо тууралуу жаңы мыйзам кабыл алды. Андыктан мөөнөтүнөн мурда тарап, жаңы эреже менен шайланып келүүгө ушул маселе да жол ачат", — деди Акаев. Эл өкүлү Жогорку Кеңештин шайлоосун мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча демилге болсо колдой турганын айтты. Эске салсак, кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрына, президенттик шайлоо 2027-жылдын январына бегиленген. Бул учурда ортодо 2-3 айлык гана убакыт калмак. Түрк жана славян элдери кылымдар бою Чоң Алтай аймагында жанаша жашап келишкен. Бул тууралуу Россиянын Тарых коомунун башчысы Сергей Нарышкин билдирди. Барнаулда "Чоң Алтай мейкиндигиндеги славян-түрк дүйнөсү: тарых жана азыркы учур" аттуу IV эл аралык алтай таануу форуму өтүп жатат. Нарышкин иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо жолдоду. "Жыл сайын иш-чаранын масштабы кеңейип, аны менен кошо Чоң Алтайдын тарыхына коомчулуктун көңүлү күчөп жатканы кубандырат. Түрк жана славян элдери кылымдар бою чек арасы орток болуп, тыгыз маданий байланышта жанаша жашап, бара-бара көп улуттуу өлкөбүздүн цивилизациялык контурун түзүшкөн. Алардын мурасы Россиянын жана Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхын түшүнүү үчүн уникалдуу билим казынасын түзөт", — деп айтылат маалыматта. "Чоң Алтай мейкиндигиндеги славян-түрк дүйнөсү: тарых жана азыркы учур" аттуу IV эл аралык алтаистика форуму Россиядан, Беларустан, Венгриядан, Казакстандан, Кытайдан, Кыргызстандан, Монголиядан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Түркиядан жана Өзбекстандан келген 500гө жакын окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн катышуусунда өтүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0f/1096524657_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dcc177c7bd801f1420e65689f8313ee3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио