https://sputnik.kg/20250912/bishkekte-zher-titiredi-1096474141.html
Жер титирөө эмне үчүн башкача сезилди? Канат Абдрахматовдун комментарийи
Жер титирөө эмне үчүн башкача сезилди? Канат Абдрахматовдун комментарийи
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жер титирөөнүн очогу 15-20 чакырым тереңдикте борбор калаага жакын жайгашкандыктан тик толкундар келип, Бишкекке башкача сезилди... 12.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-12T14:39+0600
2025-09-12T14:39+0600
2025-09-12T21:46+0600
кыргызстан
бишкек
жер титирөө
сейсмология
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/04/1069677082_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_1853b8bb55d3c96069a881dd371b22d5.jpg
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жер титирөөнүн очогу 15-20 чакырым тереңдикте борбор калаага жакын жайгашкандыктан тик толкундар келип, Бишкекке башкача сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Анын айтымында, азыр саат 13:57де Бишкектен 20 чакырым чыгыш тарапта очогунда 4,5 баллдык жер титирөө катталды. Абдрахматов титирөө Ысык-Ата жаракасында болгондугу тууралуу божомолго да тактоо киргизип, андай болушу мүмкүн эместигин айтты. Ал жараканын тереңдиги 3-4 эле чакырым экенин, азыркы силкинүү андан да ылдый жактан чыкканын белгиледи.
https://sputnik.kg/20250912/bishkekte-zher-titiredi-1096473263.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/04/1069677082_220:0:2949:2047_1920x0_80_0_0_372b3670d3f2944db5754848edeff18f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, жер титирөө, сейсмология
кыргызстан, бишкек, жер титирөө, сейсмология
Жер титирөө эмне үчүн башкача сезилди? Канат Абдрахматовдун комментарийи
14:39 12.09.2025 (Жаңыртылды: 21:46 12.09.2025) БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жер титирөөнүн очогу 15-20 чакырым тереңдикте борбор калаага жакын жайгашкандыктан тик толкундар келип, Бишкекке башкача сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, азыр саат 13:57де Бишкектен 20 чакырым чыгыш тарапта очогунда 4,5 баллдык жер титирөө катталды.
"Силкинүүнүн очогу 15-20 чакырым тереңдикте жайгашып, бизге жакын болгондуктан Бишкекке тик толкундар келди. Ошон үчүн башкача сезилди. Азырынча кайталанышы мүмкүн деген маалымат жок. Афтершок мындай учурда эмес, адатта жер катуу титирегенде болот", — деди башкы сейсмолог.
Абдрахматов титирөө Ысык-Ата жаракасында болгондугу тууралуу божомолго да тактоо киргизип, андай болушу мүмкүн эместигин айтты. Ал жараканын тереңдиги 3-4 эле чакырым экенин, азыркы силкинүү андан да ылдый жактан чыкканын белгиледи.