https://sputnik.kg/20250910/1096426807.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Наджи Бенхасин менен жолугушту. Тараптар эки... 10.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-10T13:00+0600
2025-09-10T13:00+0600
2025-09-10T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0a/1096426641_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5cb000f6bae2129f0b891890ca8cf6db.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Наджи Бенхасин менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын жана келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Касымалиев Дүйнөлүк банкка көп жылдык өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун Кыргызстандагы ири долбоорлорду каржылоодогу маанилүү ролун белгиледи. Анын айтымында, мындай колдоо стратегиялык максаттарга жетүүгө өбөлгө түзүүдө.Ошондой эле Кыргызстандын экономикалык өсүү динамикасы сөз болуп, соңку үч жылда ИДПнын орточо өсүшү 9%ды түзгөнү, ал эми 2025-жылдын жети айында бул көрсөткүч 11,5%га жеткени айтылды.Касымалиев 2030-жылга карата ИДП көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү планы бар экенин белгилеп, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары — индустриялаштыруу, аймактык хабдарды түзүү, айыл чарба, туризм, «жашыл» энергетика жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу экенин кошумчалады.Дүйнөлүк банктын өкүлү өз кезегинде уюмдун Кыргызстан менен кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдирип, өлкөнүн экономикалык өсүшү эл аралык инвесторлордун да кызыгуусун жаратканын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө өз ара даярдыктарын тастыкташты.
Ош шаарында Осмонов көчөсүнүн үстүнөн өтүп, Айтиев жана Көкүм бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Шаар бийлиги тараткан маалыматта Осмонов көчөсүн Барсбек кагандын эстелиги жайгашкан айлампадан тарта Касымбеков көчөсүнө чейин кеңейтүү каралганы белгиленген. Эки тилкелүү трасса алты тилкеге чейин кеңеет.Ал эми айлампадагы Барсбектин эстелигин Касымбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине которуу маселеси каралууда. Мэр Жеңишбек Токторбаев аталган кесилиштеги май куюучу жай алынып, ордуна Барсбек атындагы сквер курулуп, эстелик ошол жерге коюла турганын билдирди. Андан тышкары, Раззаков көчөсү көмүр саткан базалардан тазалана турганы айтылды.
Кечээ, 9-сентябрь күнү, Токмок — Кошой жолунда эки унаа бет маңдайынан сүзүшүп, беш адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Мекеме тараткан маалыматка таянсак, кырсык 19:30дар чамасында аталган жолдун 3-чакырымында болгон. 71 жаштагы айдоочу Toyota Wish унаасы менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан. Ошол учурда Subaru Ascent унаасын башкарган 50 жаштагы айдоочу каршы тилкеге чыгып кагышкан.Кырсыктын кесепетинен Toyota Wish автоунаасынын айдоочусу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми Subaru үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана андагы жүргүнчүлөр Чүй райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.
АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин Катарга сокку урганына Вашингтон кубанып турган жок деген пикирин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Буга кубанган жокпуз", — деген Ак үйдүн жетекчиси журналисттерге. Аны менен катар эле буга таң калбаганын да кошумчалаган. Муну менен катар эле Трамп чабуулдан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөндүгүн жана муну "кырсык" деп атагандыгын айтты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Наджи Бенхасин менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын жана келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Касымалиев Дүйнөлүк банкка көп жылдык өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун Кыргызстандагы ири долбоорлорду каржылоодогу маанилүү ролун белгиледи. Анын айтымында, мындай колдоо стратегиялык максаттарга жетүүгө өбөлгө түзүүдө.Ошондой эле Кыргызстандын экономикалык өсүү динамикасы сөз болуп, соңку үч жылда ИДПнын орточо өсүшү 9%ды түзгөнү, ал эми 2025-жылдын жети айында бул көрсөткүч 11,5%га жеткени айтылды.Касымалиев 2030-жылга карата ИДП көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү планы бар экенин белгилеп, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары — индустриялаштыруу, аймактык хабдарды түзүү, айыл чарба, туризм, «жашыл» энергетика жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу экенин кошумчалады.Дүйнөлүк банктын өкүлү өз кезегинде уюмдун Кыргызстан менен кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдирип, өлкөнүн экономикалык өсүшү эл аралык инвесторлордун да кызыгуусун жаратканын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө өз ара даярдыктарын тастыкташты.Ош шаарында Осмонов көчөсүнүн үстүнөн өтүп, Айтиев жана Көкүм бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Шаар бийлиги тараткан маалыматта Осмонов көчөсүн Барсбек кагандын эстелиги жайгашкан айлампадан тарта Касымбеков көчөсүнө чейин кеңейтүү каралганы белгиленген. Эки тилкелүү трасса алты тилкеге чейин кеңеет.Ал эми айлампадагы Барсбектин эстелигин Касымбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине которуу маселеси каралууда. Мэр Жеңишбек Токторбаев аталган кесилиштеги май куюучу жай алынып, ордуна Барсбек атындагы сквер курулуп, эстелик ошол жерге коюла турганын билдирди. Андан тышкары, Раззаков көчөсү көмүр саткан базалардан тазалана турганы айтылды.Кечээ, 9-сентябрь күнү, Токмок — Кошой жолунда эки унаа бет маңдайынан сүзүшүп, беш адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Мекеме тараткан маалыматка таянсак, кырсык 19:30дар чамасында аталган жолдун 3-чакырымында болгон. 71 жаштагы айдоочу Toyota Wish унаасы менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан. Ошол учурда Subaru Ascent унаасын башкарган 50 жаштагы айдоочу каршы тилкеге чыгып кагышкан.Кырсыктын кесепетинен Toyota Wish автоунаасынын айдоочусу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми Subaru үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана андагы жүргүнчүлөр Чүй райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин Катарга сокку урганына Вашингтон кубанып турган жок деген пикирин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Буга кубанган жокпуз", — деген Ак үйдүн жетекчиси журналисттерге. Аны менен катар эле буга таң калбаганын да кошумчалаган. Муну менен катар эле Трамп чабуулдан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөндүгүн жана муну "кырсык" деп атагандыгын айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0a/1096426641_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_121b06d59872006456ed13ee4317dde7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио