00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Израиль армиясы АКШнын Газа тилкесинде элдешүү сунушун талкуулоо учурунда ХАМАСтын Дохадагы жогорку даражалуу өкүлдөрүнө сокку урганын РИА Новости жергиликтүү ЖМКларга таянып билдирди. Израилдин ЖМКлары кыймылдын төрт өкүлү каза тапканын билдирди. Бирок уюм өзү бул тууралуу кабардар эмес экенин айтты. Катар бийлиги чабуул ХАМАСтын саясий бюросунун бир нече мүчөсү жашаган турак жайларга жасалганын белгиледи.Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул окуяны эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу, ошондой эле өлкөдөгү Катар жарандарынын жана чет элдиктердин коопсуздугу менен өмүрүнө олуттуу коркунуч деп атады. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Доха шаарында болгон ракеталык чабуулду айыптай турганын анын маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчы бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУ уставынын принциптерин бузуп, Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө зыян келтирет деп эсептейт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарын жана Непалда убактылуу жүргөн туристтерди өздөрүнүн жеке коопсуздугу үчүн эл көп чогулган жерлерге барбоого жана ар кандай массалык иш-чараларга катышпоого чакырды. Мекеме мындай билдирүүнү Непалдын айрым аймактарында, анын ичинде борбору Катмандуда өтүп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу таратты. "Непалга барууну пландап жаткандарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алууну жана зарыл болбогон учурда сапарды убактылуу жылдырууну сунуштайбыз", — деп айтылат ТИМдин маалыматында. Непалда жүргөн кыргыз жарандары консулдук маселелер боюнча же чукул кырдаал жаралса төмөнкү ыкчам байланыш номерлерине кайрылса болот: Белгилей кетсек, Непалда социалдык тармактарга коюлган чектөөдөн улам эл нааразылык акцияларына чыккан.
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Шри-Ланка футболчуларын 6:0 менен утуп, Азия кубогуна чыкты. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, ага президент Садыр Жапаров да күбө болгон. Курама буга чейин Е тайпасынын ичинде Палестина командасын 2:1 эсебинде жеңген, ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, 2:2 эсебинде тең чыккан. Кыргыз футбол биримдиги курама команда 7 упай менен турнирдик жадыбалдын 1-катарынан орун алып, тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна түз жолдомо алганын белгиледи.
Украинада аялдарды аскерге тартууга даярдык жүрүп, армиянын бригадаларында гендердик теңдик боюнча командирдин кеңешчиси деген кызмат киргизилүүдө. Бул туурасында РИА Новостиге россиялык күч органдарындагы маалымат булактар айтып беришкен. "Украинанын Куралдуу күчтөрүндө жеке курамдын саны тездик менен азаюуда. Каза тапкандар көп, катарды өз ыктыяры менен толуктоочулар жок. Ал эми аскерге чакырылгандардын сапаты жакшы эмес. Дал ушундан улам Украинада аялдарды аскерге чакырууга даярдыктар болушунча активдүү жүрүп жатат. Бригадаларда гендердик теңдик боюнча командирдин кеңешчилери деген кызмат киргизилүүдө", — деген маектеш. Ал Украина армиясындагы механизациялашкан 22-өзүнчө бригадасына Шевченко атындагы Киев улуттук университетин бүткөн Дарья Мяшкур ушул кызматка дайындалгандыгын айткан. Мяшкур беш жылдан бери кызмат өтөп, майор чинине жеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0