https://sputnik.kg/20250908/1096392621.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу аялдарга эмгек стажы жок пенсияга чыгууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыктыБостери айылында XXIV эл аралык... 08.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-08T19:00+0600
2025-09-08T19:00+0600
2025-09-08T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/08/1096392455_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1a02219f99a26af20a39915beda118cc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу аялдарга эмгек стажы жок пенсияга чыгууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыктыБостери айылында XXIV эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары өтүүдөЖапаров Нарындагы ипотекалык үйлөр менен чуулуу жолдун курулушун көрдү Президент Садыр Жапаров Нарынга болгон иш сапарынын алкагында социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун курулушун көрдү. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчысы Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 216 батирден турган тогуз кабаттуу төрт блоктун курулушун көрүп чыгып, региондун жашоочулары үчүн батирлердин санын көбөйтүүнү тапшырган.Президент Нарын шаарындагы чуулуу жолдордун курулушун да текшерген. Ага Ленин көчөсүнө асфальт төшөө башталганын, Шералиев көчөсүндө подрядчы ишкана кетирген кемчиликтер жоюлуп жатканын айтып беришти."Мындан тышкары, Чек ара кызматынын Тайлак баатыр атындагы облустук башкармалыгынын жер тилкелери жөнүндө маалымат берилди. 12 гектар аянт Нарын шаарынын мэриясына өтүп, ордуна Нарын районунан дал ушундай эле аянттагы тилке алынган. Аны трансформациялоо боюнча документтер даярдалууда", — деп белгиленген кабарда. Президент андан соң инновациялык-креативдик борбордун курулушун көргөн. Аталган борбор китепкана, музей, телестудия, киноконцерттик зал, коворкинг жана IT-зона, соода аянтын камтыйт.
Кыргызстанда «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоору бийик тоолуу райондордо жашаган үч же андан көп бала төрөп, тарбиялаган аялдарга пенсия жашына жеткенде эмгек стажына карабастан пенсия алуу укугун берүү максатын көздөйт. Ага ылайык, балдарды тарбиялоого жана тоолуу шартта жашоого байланыштуу иштөө мүмкүнчүлүгү болбогон мезгилдер пенсия эсептегенде эске алынмакчы. Мыйзамдын максаты: Социалдык адилетсиздикти жоюу Демографиялык саясатты колдоо Жетүүгө оор аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана аялдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, деп айтылат маалыматта. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Кыргыз деңизи” санаторийинде XXIV эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары өтүүдө. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, катышуучулар спорттун 25 түрүнөн күч сынашууда. Иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Беларусь, Кытай, Индия, Монголия жана башка мамлекеттерден келген спортчулар катышууда. 2001-жылдан бери уюштурулуп жаткан мелдеш Борбор Азиядагы эң ири масштабдуу спорттук иш-чарага айланды. XXIV эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарынын алкагында, гиря, дартс, жеңил атлетика, мас-рестлинг (таяк тартыш), стритбол жана кум үстүндө сумо боюнча жыйынтык чыгып, жеңүүчүлөр медаль жана диплом менен сыйланды. 4-сентябрда башталган оюндар 12-сентябрга чейин уланат. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 17 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ9-сентябрга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 9-сентябрь, шейшембиде күндүз айрым жерлерде күн күркүрөп жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жергесинде +20...+25, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +27...+29, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу аялдарга эмгек стажы жок пенсияга чыгууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыктыБостери айылында XXIV эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары өтүүдөЖапаров Нарындагы ипотекалык үйлөр менен чуулуу жолдун курулушун көрдү Президент Садыр Жапаров Нарынга болгон иш сапарынын алкагында социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун курулушун көрдү. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчысы Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 216 батирден турган тогуз кабаттуу төрт блоктун курулушун көрүп чыгып, региондун жашоочулары үчүн батирлердин санын көбөйтүүнү тапшырган.Президент Нарын шаарындагы чуулуу жолдордун курулушун да текшерген. Ага Ленин көчөсүнө асфальт төшөө башталганын, Шералиев көчөсүндө подрядчы ишкана кетирген кемчиликтер жоюлуп жатканын айтып беришти."Мындан тышкары, Чек ара кызматынын Тайлак баатыр атындагы облустук башкармалыгынын жер тилкелери жөнүндө маалымат берилди. 12 гектар аянт Нарын шаарынын мэриясына өтүп, ордуна Нарын районунан дал ушундай эле аянттагы тилке алынган. Аны трансформациялоо боюнча документтер даярдалууда", — деп белгиленген кабарда. Президент андан соң инновациялык-креативдик борбордун курулушун көргөн. Аталган борбор китепкана, музей, телестудия, киноконцерттик зал, коворкинг жана IT-зона, соода аянтын камтыйт. Кыргызстанда «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоору бийик тоолуу райондордо жашаган үч же андан көп бала төрөп, тарбиялаган аялдарга пенсия жашына жеткенде эмгек стажына карабастан пенсия алуу укугун берүү максатын көздөйт. Ага ылайык, балдарды тарбиялоого жана тоолуу шартта жашоого байланыштуу иштөө мүмкүнчүлүгү болбогон мезгилдер пенсия эсептегенде эске алынмакчы. Мыйзамдын максаты: Социалдык адилетсиздикти жоюу Демографиялык саясатты колдоо Жетүүгө оор аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана аялдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, деп айтылат маалыматта. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Кыргыз деңизи” санаторийинде XXIV эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары өтүүдө. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, катышуучулар спорттун 25 түрүнөн күч сынашууда. Иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Беларусь, Кытай, Индия, Монголия жана башка мамлекеттерден келген спортчулар катышууда. 2001-жылдан бери уюштурулуп жаткан мелдеш Борбор Азиядагы эң ири масштабдуу спорттук иш-чарага айланды. XXIV эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарынын алкагында, гиря, дартс, жеңил атлетика, мас-рестлинг (таяк тартыш), стритбол жана кум үстүндө сумо боюнча жыйынтык чыгып, жеңүүчүлөр медаль жана диплом менен сыйланды. 4-сентябрда башталган оюндар 12-сентябрга чейин уланат. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 17 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ9-сентябрга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 9-сентябрь, шейшембиде күндүз айрым жерлерде күн күркүрөп жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жергесинде +20...+25, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +27...+29, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/08/1096392455_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_74f54b5f8b5c94f04695c91548b37a14.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио