https://sputnik.kg/20250907/1096365900.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө альтернативдүү аскердик кызмат өтөө үчүн төлөмдөр жогорулашы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун Коргоо министрлиги демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды... 07.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-07T17:00+0600
2025-09-07T17:00+0600
2025-09-07T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/07/1096365734_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f3d5fd092981a01099456b5890a064f8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө альтернативдүү аскердик кызмат өтөө үчүн төлөмдөр жогорулашы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун Коргоо министрлиги демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Ведомствонун маалыматына караганда, өлкөдө альтернативдүү кызмат 1993-жылы киргизилген. Ал аскердик кызматтын ордуна жарандардын диний ишенимине, саламаттыгына, үй-бүлөлүк абалына же коомдук пайдалуу иштерди аткаруу каалоосуна жараша берилет. Учурдагы төлөмдөргө ылайык, 18 миң сом — үй-бүлөлүк жагдайы боюнча чакырылгандар; 25 миң сом — ден соолугуна байланыштуу чектөөсү барлар, диний ишенимине байланыштуу курал көтөрүүгө жана аскер кызматын өтөөгө болбогондор, коомдук пайдалуу жумуш иштөөнү каалагандар. Статкомдун маалыматына ылайык, орточо айлык маяна 2017-жылы 14 300 сом болсо, 2024-жылы 35 791 сомго жеткен. Ушуга жараша министрлик төлөмдөрдү жогорулатууну сунуштоодо: үй-бүлөлүк жагдайы боюнча — 25 миң сом; ден соолугуна байланыштуу чектөөсү барлар — 40 миң сом; диний көз караштан улам бара албагандар — 50 миң сом; аскердик кызматты өтөбөгөн жана мобилизациялык резерв жыйынына барууну каалаган 22-40 жаштагылар — 75 миң сом; жогорку билими бар, 30 жашка чейинки запастагы аскерге милдеттүүлөр, мобилизациялык резерв боюнча офицерликке даярдыктан өтүүнү каалагандар — 90 миң сом. Мындан сырткары, мыйзам долбооруна ылайык, аскердик каттоо эрежесин бузгандар үчүн айып пулду 1000 сомдон 10 миң сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.
Ош мэри Жеңишбек Токторбаев курулуш компаниялары менен объектисинин айланасындагы бузулган жолдорго асфальт төшөп берүү боюнча сүйлөшүүнү тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.Анын айтымында, компаниялар курулуш учурунда коммуникациялык түйүндөрдү өткөрүп, жүк ташуучу унаалар менен калдыктарды чыгарып, жолдорду талкалашарын айткан. "Пайда таап, жалпы элдин жолун пайдаланып жаткан соң бузуп таштап койбой, оңдоп берүүгө милдеттүү", — деген Токторбаев. Муниципалитеттен учурда компаниялардын бири жолду өз эсебинен оңдоого макул болгонун, калгандары да буга милдеттүү экенин белгилешти.
Бишкекте жаңы мал базар иштей баштагандыгын Айыл чарба министрлиги маалымдады. "Алтын казык" деп аталган базар Бишкектин Маевка тарабында жайгашкан. Мекемеден базар заманбап талаптарга ылайык курулганын, аймакта ветеринардык пункт, изолятор, намазкана, ашкана, касапкана бар экенин билдиришти. Касапканада суткасына 200 бодо, 300 майда мал сойсо болот. Жалпы аянты төрт гектарды түзүп, 2000ге чукул мал үчүн үстү жабылган орун даярдалган. Аны курууга жалпы 200 миллион сомдон ашык акча жумшалганы айтылды.
Өлкөдө альтернативдүү аскердик кызмат өтөө үчүн төлөмдөр жогорулашы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун Коргоо министрлиги демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Ведомствонун маалыматына караганда, өлкөдө альтернативдүү кызмат 1993-жылы киргизилген. Ал аскердик кызматтын ордуна жарандардын диний ишенимине, саламаттыгына, үй-бүлөлүк абалына же коомдук пайдалуу иштерди аткаруу каалоосуна жараша берилет. Учурдагы төлөмдөргө ылайык, 18 миң сом — үй-бүлөлүк жагдайы боюнча чакырылгандар; 25 миң сом — ден соолугуна байланыштуу чектөөсү барлар, диний ишенимине байланыштуу курал көтөрүүгө жана аскер кызматын өтөөгө болбогондор, коомдук пайдалуу жумуш иштөөнү каалагандар. Статкомдун маалыматына ылайык, орточо айлык маяна 2017-жылы 14 300 сом болсо, 2024-жылы 35 791 сомго жеткен. Ушуга жараша министрлик төлөмдөрдү жогорулатууну сунуштоодо: үй-бүлөлүк жагдайы боюнча — 25 миң сом; ден соолугуна байланыштуу чектөөсү барлар — 40 миң сом; диний көз караштан улам бара албагандар — 50 миң сом; аскердик кызматты өтөбөгөн жана мобилизациялык резерв жыйынына барууну каалаган 22-40 жаштагылар — 75 миң сом; жогорку билими бар, 30 жашка чейинки запастагы аскерге милдеттүүлөр, мобилизациялык резерв боюнча офицерликке даярдыктан өтүүнү каалагандар — 90 миң сом. Мындан сырткары, мыйзам долбооруна ылайык, аскердик каттоо эрежесин бузгандар үчүн айып пулду 1000 сомдон 10 миң сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.Ош мэри Жеңишбек Токторбаев курулуш компаниялары менен объектисинин айланасындагы бузулган жолдорго асфальт төшөп берүү боюнча сүйлөшүүнү тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.Анын айтымында, компаниялар курулуш учурунда коммуникациялык түйүндөрдү өткөрүп, жүк ташуучу унаалар менен калдыктарды чыгарып, жолдорду талкалашарын айткан. "Пайда таап, жалпы элдин жолун пайдаланып жаткан соң бузуп таштап койбой, оңдоп берүүгө милдеттүү", — деген Токторбаев. Муниципалитеттен учурда компаниялардын бири жолду өз эсебинен оңдоого макул болгонун, калгандары да буга милдеттүү экенин белгилешти.Бишкекте жаңы мал базар иштей баштагандыгын Айыл чарба министрлиги маалымдады. "Алтын казык" деп аталган базар Бишкектин Маевка тарабында жайгашкан. Мекемеден базар заманбап талаптарга ылайык курулганын, аймакта ветеринардык пункт, изолятор, намазкана, ашкана, касапкана бар экенин билдиришти. Касапканада суткасына 200 бодо, 300 майда мал сойсо болот. Жалпы аянты төрт гектарды түзүп, 2000ге чукул мал үчүн үстү жабылган орун даярдалган. Аны курууга жалпы 200 миллион сомдон ашык акча жумшалганы айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/07/1096365734_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c6f0e4f044564470091a493784f8daab.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио