https://sputnik.kg/20250907/1096362259.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2018-жылдан бери бала бакчалардын иштөө убактысы өзгөргөн жок. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлап, өзгөргөн графикке нааразы болгон ата-энелерге жооп... 07.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-07T13:00+0600
2025-09-07T13:00+0600
2025-09-07T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/07/1096362093_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_951fda89a11838f8b571b735d616669b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2018-жылдан бери бала бакчалардын иштөө убактысы өзгөргөн жок. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлап, өзгөргөн графикке нааразы болгон ата-энелерге жооп берди. Ата-энелердин айтымында, буга чейин Бишкектеги муниципалдык бала бакчалар саат 7:30да ачылып, саат 18:30га чейин иштечү. Кечээ мэрия май айында бекитилген мамлекеттик жаңы стандартка таянып, аталган жайлар саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштээрин кабарлаган. Бул жаңылыктан кийин чүпөлөрүн бакчага таштаган ата-энелер жаңы график аларга ыңгайсыз экенин, баланы алып кетүү үчүн жумуштан суранууга туура келип каларын айтышкан. Агартуу министрлиги 2018-жылдан бери бала бакчалардын иштөө убактысы өзгөрбөгөнүн, алардын 90 пайызы 10 сааттык режим менен иштеп келе жатканын белгиледи. "Бала бакчанын жумуш убактысы аяктаган учурда ата-энелер алып кеткенге чейин бөбөктөрдү тарбиячылар кезек менен карап турушат", — деп жазылган түшүндүрмөдө.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинде эң төмөнкү эсептик чендердин бири Кыргызстанда белгиленген. Улуттук банктын маалыматы боюнча, өлкөнүн эсептик чени 9,25 пайызды түзүп, Армениядан кийинки сапта турат. Эсептик чен — коммерциялык банктарга кредит берүүдөгү пайыздык көрсөткүч. Ал канчалык жогору болсо, кредиттер, депозиттер боюнча пайыздар да ошончолук жогору болот. Эсептик чен инфляцияны басаңдатуу үчүн көтөрүлөт, бирок терс жагы калк товарларды аз сатып алып, бизнес зыян тартат. Ал эми анын ылдыйлашы экономикалык өсүшкө жардам берет, бирок акчанын наркы да төмөндөйт.
Каракол шаардык автобекетинен алгачкы жолу Каракол — Алматы багыты боюнча автобус каттамы жолго чыкты. Бул тууралуу Каракол автобекетинин директору Марс Алиев билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 370 чакырымды түзүп, жол кире 1 200 сом болот. "Мурда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жол кыйла узун болуп, Чүй облусу аркылуу өтүүгө туура келип кошумча чыгым алып келчү. Жаңы каттамдын ачылышы Ысык-Көлдөгү туристтик агымды күчөтүп, эки өлкөнүн тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзөт", — деп айтылат билдирүүдө. Маршрут "Каркыра" өткөрүү пункту аркылуу өтүп, автобустар жыл бою жүрөрү айтылган.
АКШ менен Европанын Украина боюнча бирдиктүү стратегиясынын жоктугу Россияга пайдалуу болуп, анын жаңжалдагы үстөмдүгүн сактап туруусуна шарт түзүүдө. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Макалада белгиленгендей, мындай стратегия Россияга убакыттан пайдаланууга жол бербей, Владимир Путиндин эсептерин өзгөртө алмак. Басылмада учурдагы кырдаал уланса эки-үч жылда Украина армиясынын коргонууга жөндөмсүз болуп калары айтылган. Материалда санкцияларга карабай Россиянын экономикасы 2023–2024-жылдары энергия ресурстарынын экспорту жана фискалдык колдоого таянып өскөнү көрсөтүлдү. Ошол эле маалда Батыш өлкөлөрү Кытайга каршы санкция салууга кызыкдар эместиги белгиленген.
2018-жылдан бери бала бакчалардын иштөө убактысы өзгөргөн жок. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлап, өзгөргөн графикке нааразы болгон ата-энелерге жооп берди. Ата-энелердин айтымында, буга чейин Бишкектеги муниципалдык бала бакчалар саат 7:30да ачылып, саат 18:30га чейин иштечү. Кечээ мэрия май айында бекитилген мамлекеттик жаңы стандартка таянып, аталган жайлар саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштээрин кабарлаган. Бул жаңылыктан кийин чүпөлөрүн бакчага таштаган ата-энелер жаңы график аларга ыңгайсыз экенин, баланы алып кетүү үчүн жумуштан суранууга туура келип каларын айтышкан. Агартуу министрлиги 2018-жылдан бери бала бакчалардын иштөө убактысы өзгөрбөгөнүн, алардын 90 пайызы 10 сааттык режим менен иштеп келе жатканын белгиледи. "Бала бакчанын жумуш убактысы аяктаган учурда ата-энелер алып кеткенге чейин бөбөктөрдү тарбиячылар кезек менен карап турушат", — деп жазылган түшүндүрмөдө.Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинде эң төмөнкү эсептик чендердин бири Кыргызстанда белгиленген. Улуттук банктын маалыматы боюнча, өлкөнүн эсептик чени 9,25 пайызды түзүп, Армениядан кийинки сапта турат. Эсептик чен — коммерциялык банктарга кредит берүүдөгү пайыздык көрсөткүч. Ал канчалык жогору болсо, кредиттер, депозиттер боюнча пайыздар да ошончолук жогору болот. Эсептик чен инфляцияны басаңдатуу үчүн көтөрүлөт, бирок терс жагы калк товарларды аз сатып алып, бизнес зыян тартат. Ал эми анын ылдыйлашы экономикалык өсүшкө жардам берет, бирок акчанын наркы да төмөндөйт.Каракол шаардык автобекетинен алгачкы жолу Каракол — Алматы багыты боюнча автобус каттамы жолго чыкты. Бул тууралуу Каракол автобекетинин директору Марс Алиев билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 370 чакырымды түзүп, жол кире 1 200 сом болот. "Мурда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жол кыйла узун болуп, Чүй облусу аркылуу өтүүгө туура келип кошумча чыгым алып келчү. Жаңы каттамдын ачылышы Ысык-Көлдөгү туристтик агымды күчөтүп, эки өлкөнүн тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзөт", — деп айтылат билдирүүдө. Маршрут "Каркыра" өткөрүү пункту аркылуу өтүп, автобустар жыл бою жүрөрү айтылган. АКШ менен Европанын Украина боюнча бирдиктүү стратегиясынын жоктугу Россияга пайдалуу болуп, анын жаңжалдагы үстөмдүгүн сактап туруусуна шарт түзүүдө. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Макалада белгиленгендей, мындай стратегия Россияга убакыттан пайдаланууга жол бербей, Владимир Путиндин эсептерин өзгөртө алмак. Басылмада учурдагы кырдаал уланса эки-үч жылда Украина армиясынын коргонууга жөндөмсүз болуп калары айтылган. Материалда санкцияларга карабай Россиянын экономикасы 2023–2024-жылдары энергия ресурстарынын экспорту жана фискалдык колдоого таянып өскөнү көрсөтүлдү. Ошол эле маалда Батыш өлкөлөрү Кытайга каршы санкция салууга кызыкдар эместиги белгиленген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/07/1096362093_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b7c26e7799b31c625c2c15d2d3e2f1c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио