00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан менен Россия элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишти унутуп коюуга акысы жок. Бул тууралуу депутат, РФ Федералдык Жыйыны менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын теңтөрайымы Гуля Кожокулова айтты. Ал Бишкекте өткөн Жакынкы мамлекеттердеги россиялык мекендештердин аймактык XII конференциясында сүйлөдү. "Фашисттерди жеңүү — биздин жалпы жеңишибиз, биз аны эстеп, эскерип, анын баалуулугун муундан муунга өткөрүп беришибиз керек. Адамдар кылчактабай туруп өмүрүн беришкен, аны унуткарып коюуга акыбыз жок. Улуу Жеңиш — биздин элдердин биримдигинин дагы бир белгиси", — деген Кожокулова. Депутат Жеңиш мурасын балдарга өткөндөн сабак жана келечегинин пайдубалы деп атап, тарыхты каалагандай калчабай, ага аяр мамиле жасоо керектигин белгиледи.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында мектеп директорлору менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма өз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ленин районундагы мектеп директорлору жана алардын тарбия иштери боюнча орун басарлары менен жолукту. Ага райондук прокуратуранын, ИИМдин, кайгуул кызматынын жана Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү да катышкан. “Жолугушуунун максаты 2025-2026-окуу жылына карата мектептерде коопсуздукту камсыз кылуу, ата-энелер жана коомчулук менен кызматташтыкты күчөтүү, окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу жана тарбиялык иштерди натыйжалуу жүргүзүү болду”, - деп айтылат маалыматта. Жыйындын жүрүшүндө коопсуздук жана тарбиялык иштер боюнча мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулашкан.
Бишкектин четинде 200 млн сомдон ашык каражатка салынган жаңы мал базар иштей баштады "Алтын Казык" базары Маевка конушу тарапта жайгашкан. Айыл чарба министрлиги ал заманбап талаптарга ылайык курулганын, аймакта ветеринардык пункт, ашкана, касапкана бар экенин билдирди. Касапканада суткасына 200 бодо, 300 майда мал сойсо болот. Жаңы базардын жалпы аянты 4 гектарды түзүп, 1 520 майда, 600 бодо мал үчүн жабык орун даярдалган. Шаардагы "Жантай", "Пригородное", "Эски Толчок" "Нарбото" мал базарлары ушул жаңы базарга көчүрүлмөкчү. Шаардагы талапка жооп бербеген 20га чукул мал союучу жайлар жабылары айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0