https://sputnik.kg/20250906/1096350342.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө азык-түлүктүн баалары арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын анализдөө, отчеттуулук жана Евразия экономикалык комиссиясы менен... 06.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-06T13:00+0600
2025-09-06T13:00+0600
2025-09-06T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/06/1096350176_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b1afdbc9b24568f04b1a0b07344b2927.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө азык-түлүктүн баалары арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын анализдөө, отчеттуулук жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башкы адиси Айпери Жусупбекова билдирди. Анын айтымында 2025-жылдын 4-сентябрына карата жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бир катар азык-түлүк товарларынын баалары былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арзандаганы байкалды. Ун, кумшекер, күрүч, жумуртка, ошондой эле уй жана кой этинин баалары арзандаган, ал эми өткөн айга салыштырмалуу картошка, пияз, сабиз жана кумшекердин баасы төмөндөгөн. Адис белгилегендей, буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен уй жана кой этинин бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.
Баткенде тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашырууга арналган жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Баткен шаарында 2023-2027-жылдарга тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашырууга арналган тегерек стол өттү. Ага президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жана президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов катышты. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана өкүлдөрү катышкан. Анда тоолуу аймактарды өнүктүрүү, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жумшартуу, тоолуу жамааттардын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана тийиштүү инфраструктура менен камсыз кылуу боюнча Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Чек ара кызматынын кенже сержанты өз жанын кыюуга жеткирүүгө шектелип кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат булак кабарлады. Эске салсак, окуя Баткен облусундагы №2022 аскер бөлүгүндө болгон. Маалымат булак билдиргендей, шектүү 2025-жылдын 2-июнунан 19-августка чейин кызматтык абалынан аша чаап, каза болгон адамга карата зомбулук көрсөтүп келген. Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
АКШ президенти Дональд Трамп европалык лидерлер менен сүйлөшкөндө Россиянын мунай продукцияларын алуудан баш тартууну талап кылган. Бул туурасында РИА Новости Reuters агенттигине таянып кабарлады. Трамп Кытайга да экономикалык кысым көрсөтүүгө чакырган. Мунусун Украина согушунда Пекин Москваны колдоп жатат деген таризде кыйыткан. Маалыматты Финляндия президенти Александр Стубб тастыктаган. Анын айтымында, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Трамптын айткандарын колдоп, "Европа россиялык энергетика ресурстарынан баш тартуусу зарыл" экенин кошумчалаган. "Биз көпкө сүйлөштүк. сүйлөшүү негиздүү болду. Биринчи маселеде Европада азыр Россиядан нефть жана газды түз сатып алып жаткан эки мамлекет бар экени айтылды. Алар Словакия менен Венгрия", — деген Стубб.
Өлкөдө азык-түлүктүн баалары арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын анализдөө, отчеттуулук жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башкы адиси Айпери Жусупбекова билдирди. Анын айтымында 2025-жылдын 4-сентябрына карата жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бир катар азык-түлүк товарларынын баалары былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арзандаганы байкалды. Ун, кумшекер, күрүч, жумуртка, ошондой эле уй жана кой этинин баалары арзандаган, ал эми өткөн айга салыштырмалуу картошка, пияз, сабиз жана кумшекердин баасы төмөндөгөн. Адис белгилегендей, буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен уй жана кой этинин бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Баткенде тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашырууга арналган жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Баткен шаарында 2023-2027-жылдарга тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашырууга арналган тегерек стол өттү. Ага президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жана президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов катышты. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана өкүлдөрү катышкан. Анда тоолуу аймактарды өнүктүрүү, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жумшартуу, тоолуу жамааттардын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана тийиштүү инфраструктура менен камсыз кылуу боюнча Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Чек ара кызматынын кенже сержанты өз жанын кыюуга жеткирүүгө шектелип кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат булак кабарлады. Эске салсак, окуя Баткен облусундагы №2022 аскер бөлүгүндө болгон. Маалымат булак билдиргендей, шектүү 2025-жылдын 2-июнунан 19-августка чейин кызматтык абалынан аша чаап, каза болгон адамга карата зомбулук көрсөтүп келген. Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. АКШ президенти Дональд Трамп европалык лидерлер менен сүйлөшкөндө Россиянын мунай продукцияларын алуудан баш тартууну талап кылган. Бул туурасында РИА Новости Reuters агенттигине таянып кабарлады. Трамп Кытайга да экономикалык кысым көрсөтүүгө чакырган. Мунусун Украина согушунда Пекин Москваны колдоп жатат деген таризде кыйыткан. Маалыматты Финляндия президенти Александр Стубб тастыктаган. Анын айтымында, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Трамптын айткандарын колдоп, "Европа россиялык энергетика ресурстарынан баш тартуусу зарыл" экенин кошумчалаган. "Биз көпкө сүйлөштүк. сүйлөшүү негиздүү болду. Биринчи маселеде Европада азыр Россиядан нефть жана газды түз сатып алып жаткан эки мамлекет бар экени айтылды. Алар Словакия менен Венгрия", — деген Стубб.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/06/1096350176_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_17f58564442e3ddeda80de47277ef422.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио