https://sputnik.kg/20250906/1096345009.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын 1-январынан баштап бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарынын балдарына ай сайын жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык... 06.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-06T08:59+0600
2025-09-06T08:59+0600
2025-09-06T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/06/1096344843_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a9827ea72d3b9612f9d8d7f4013070bc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын 1-январынан баштап бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарынын балдарына ай сайын жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Жөлөк пул өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймагындагыларга да берилет. Тагыраагы, мындай жерде жашаган үй-бүлөнүн үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн баласына 3 жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт. Анын өлчөмүн 3000 сом деп белгилөө сунушталууда. "Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат. Каражат алуунун негизги шарты — үй-бүлө бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондордо жашашы керек", — деп айтылат маалыматта. Эмгек министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук актынын долбоорун даярдаган. Ал президенттин администрациясына кароого жөнөтүлдү.
Кытайга товар экспорттоо үчүн Кыргызстан Кашкарда көзөмөл кампа ачты. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди. Анын айтымында, эми өлкөдө өндүрүлгөн товарлар ошол кампада сертификацияланат. "Учурда 12 продукцияны Кытайга түз экспорттосок болот. Ошол кампадан сертификацияланып, анан сатылат", — деди Кулубаев. Ал мындай иштердин бардыгы буга чейин кол коюлган документтердин негизинде ишке ашып жатканын кошумчалады.
Чүй облусундагы Кемин районунда жардыргыч зат чыгаруучу "Учкун ВМ" заводу ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө караганда, анын ачылыш аземине суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышкан."Завод тоо-кен тармагында, жер астындагы жана ачык шахталарда колдонулуучу жардыргыч заттарды өндүрөт. Мындай продукция адатта Кумтөр, Жер-Үй, Терек-Сай кендеринде жана Камбар-Ата — 2 ГЭСинде колдонулган. Аны жол жана ирригация долбоорлорунда да пайдалануу каралып жатат", — деди Төрөбаев. Ишканага 700 миллион сом инвестиция салынган, 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү. Эгер жыл сайын продукция пландалган көлөмдө өндүрүлсө, бюджетке 95 миллион сомго жакын салык түшөт.
Бишкекте бала бакчалардын иштөө режими өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгы билдирди. Эскерте кетсек, мурда бала бакчалар эшигин 7:30да ачып, балдарды 18:30га чейин алып кетүүгө мүмкүн болчу. Эми балдар муниципалдык мектепке чейинки мекемелерде саат 8:00дөн 18:00гө чейин болушат. Министрлер кабинети жаңы мамлекеттик стандартты май айында эле бекиткени такталды. Соцтармакта саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштеген ата-энелер бул график ыңгайсыз экенин айтып, баланы алуу үчүн саат 18:00гө жетишпей калышарын жазышууда. Буга чейинки стандарт боюнча, бала бакчалар 7:30дан 18:30га чейин иштечү.
Беларустун "Лосвидо" полигонунда өтүп жаткан ЖККУнун "Эшелон-2025" машыгуусун Бириккен штабдын башчысы Андрей Сердюков барып көрдү. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.Машыгууда ыкчам күчтөр үчүн жабдыктарды, жүктөрдү жеткирүү, колонна
2026-жылдын 1-январынан баштап бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарынын балдарына ай сайын жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Жөлөк пул өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймагындагыларга да берилет. Тагыраагы, мындай жерде жашаган үй-бүлөнүн үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн баласына 3 жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт. Анын өлчөмүн 3000 сом деп белгилөө сунушталууда. "Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат. Каражат алуунун негизги шарты — үй-бүлө бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондордо жашашы керек", — деп айтылат маалыматта. Эмгек министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук актынын долбоорун даярдаган. Ал президенттин администрациясына кароого жөнөтүлдү.Кытайга товар экспорттоо үчүн Кыргызстан Кашкарда көзөмөл кампа ачты. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди. Анын айтымында, эми өлкөдө өндүрүлгөн товарлар ошол кампада сертификацияланат. "Учурда 12 продукцияны Кытайга түз экспорттосок болот. Ошол кампадан сертификацияланып, анан сатылат", — деди Кулубаев. Ал мындай иштердин бардыгы буга чейин кол коюлган документтердин негизинде ишке ашып жатканын кошумчалады.Чүй облусундагы Кемин районунда жардыргыч зат чыгаруучу "Учкун ВМ" заводу ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө караганда, анын ачылыш аземине суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышкан."Завод тоо-кен тармагында, жер астындагы жана ачык шахталарда колдонулуучу жардыргыч заттарды өндүрөт. Мындай продукция адатта Кумтөр, Жер-Үй, Терек-Сай кендеринде жана Камбар-Ата — 2 ГЭСинде колдонулган. Аны жол жана ирригация долбоорлорунда да пайдалануу каралып жатат", — деди Төрөбаев. Ишканага 700 миллион сом инвестиция салынган, 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү. Эгер жыл сайын продукция пландалган көлөмдө өндүрүлсө, бюджетке 95 миллион сомго жакын салык түшөт.Бишкекте бала бакчалардын иштөө режими өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгы билдирди. Эскерте кетсек, мурда бала бакчалар эшигин 7:30да ачып, балдарды 18:30га чейин алып кетүүгө мүмкүн болчу. Эми балдар муниципалдык мектепке чейинки мекемелерде саат 8:00дөн 18:00гө чейин болушат. Министрлер кабинети жаңы мамлекеттик стандартты май айында эле бекиткени такталды. Соцтармакта саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштеген ата-энелер бул график ыңгайсыз экенин айтып, баланы алуу үчүн саат 18:00гө жетишпей калышарын жазышууда. Буга чейинки стандарт боюнча, бала бакчалар 7:30дан 18:30га чейин иштечү.Беларустун "Лосвидо" полигонунда өтүп жаткан ЖККУнун "Эшелон-2025" машыгуусун Бириккен штабдын башчысы Андрей Сердюков барып көрдү. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.Машыгууда ыкчам күчтөр үчүн жабдыктарды, жүктөрдү жеткирүү, колонна
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/06/1096344843_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b2bba20ed3fc321cf4d7cd8ff12f625e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио